Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 368
Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу жана массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын, ошондой эле куралдардын жана аскердик техниканын башка түрлөрүн жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон контролго алынуучу продукцияга карата экспорттук контролдун улуттук системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Экспорттук контроль жаатында мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруучу, экспорттук контроль жаатында тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, ошондой эле контролдонуучу продукциялардын айрым түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - эксперттер катары аныкталган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууда республиканын ичинде кош жана аскердик багыттагы продукцияларды экспорттоо жана импорттоо, транзиттөө, өткөрүп берүүгө уруксат берүү үчүн электрондук уруксат берүүчү уруксат документтерин берүү жол-жоболорун киргизүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 "Экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 50-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 6-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 "Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиясынын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, аскердик-техникалык кызматташтык жана экспреттик контроль боюнча комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, аскердик-техникалык кызматташтык жана экспреттик контроль боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри, аскердик-техникалык кызматташтык жана экспреттик контроль боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.