Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз 2024-жылдын IV-сессиясы
2024-жылдын 5-июну № 18
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) 2024-жылдын 24-январындагы “Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Савай айыл өкмөтүнүн аткарган иши, Савай айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын, Савай айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылга божомолдуу киреше бөлүгү жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө” №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1. Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) 2024-жылдын 24-январындагы “Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Савай айыл өкмөтүнүн аткарган иши, Савай айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын, Савай айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылга божомолдуу киреше бөлүгү жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө” №1 токтомунун № 1 пунктуна төмөндөгү өзгөртүү киргизилсин :
-Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетин киреше бөлүгү 41748,6 миң сом, чыгаша бөлүгү 63482,1 миң сом, аткарылшы 54323,9 миң. сомду түзүп, Савай айыл өкмөтүнүн аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мамашов |