Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз 2024-жылдын IV-сессиясы
2024-жылдын 5-июну № 19
2024-жылда максаттуу трансферттен сом түшкөн каражатты Савай айыл аймагынын генералдык планын түзүү үчүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун, Савай айылдык аймагынын 2024-жылдын 14-майындагы «2024-жылда максаттуу трансферттен 5664900 сом түшкөн каражатты Савай айыл аймагынын генералдык планын түзүү үчүн карап берүү жөнүндө» № 01-19/709 сунуш каты негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат
1. Савай айылдык аймагынын 2024-жылдын 14-майындагы № 01-19/709 сунуш катынын негизинде 2024-жылда максаттуу трансферттен келип түшкөн 5664900 сом каражатты Савай айыл аймагынын генералдык планын түзүү үчүн иштетүүгө бекитилип берилсин.
2. Савай айылдык өкмөтүнө трансферттен түшкөн каражатты максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мамашов |