Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз 2024-жылдын IV-сессиясы
2024-жылдын 5-июну № 20
Савай айыл аймагынын 2024-жылдын 1-январына карата калган калдык каражатын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1. Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына 9158,2 миң сомду калдык акча каржаты 2024-жылга калган төмөндөгүлөргө төлөнүп берилсин:
-219,6 миң сом – бала бакчалардын тамак ашына, 729,6 миң сом – мектептерге көмүр менен камсыз кылуу, 925,2 – билим берүү мекемелеринин оңдоп түздөө иштерине, 400,0 миң сом Савай айылында тротуар жасатуу, 70,0 миң сом Савай айылындагы футболдук талаанын курулуш иштерине, 30,0 миң сом Савай айыл аймагында жол белгилерин жасатууга, 3300,0 миң сом –Октябрь айылына асфальт төшөө иштерине;
2. Савай айыл өкмөтүнө бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана даректүү пайдалануу иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мамашов |