Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз 2024-жылдын IV-сессиясы
2024-жылдын 5-июну № 22
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы №167 контурдагы таштуу жайыт эсебиндеги 0,78 гектардан 0,12 га, №2 контурдагы жайыт эсебиндеги 6,97 гектардан 0,12 га, же жалпысы 0,24 га жерди насостук станция куруу үчүн бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы насостук станция куруу үчүн Кыргызмамжердолбоорлоо жерге жайгаштыруу боюнча мамалекеттик ишканасынын Ош филиалынын эсептөө долбооруна ылайык жалпы жер аянты 0,78 га болгон таштуу жайыт эсебиндеги №167 контурдагы жерден суралган 0,12 га, жалпы аянты 6,97 га болгон жайыт жер эсебиндеги №2 контурда гы жерден суралган 0,12 га жер, же жалпысы суралган 0,24 га жерди Ынтымак насостук станциясын курууга жана мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мамашов |