Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 26-июну № 2
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 11-сентябрындагы № 161 “Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 11-сентябрындагы № 161 “Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жободо:
- 1- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) түзүмдүк бөлүмү болуп саналган нотариалдык документтерди борборлоштуруп сактоо, комплектөө, эсепке алуу жана пайдаланууну уюштуруу үчүн ведомстволук нотариалдык архив түзүлөт.”;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Ведомстволук нотариалдык архивдин функциялары Министрликтин аймактык бѳлүнүштѳрүнѳ ѳткѳрүлүп берилиши мүмкүн.”;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Нотариалдык архивдин кызматкерлери, архивдик нотариалдык документтердин сакталган жерине карабастан, архивдик нотариалдык документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) берүү жана эсепке алуу үчүн “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдик документтеринин базасы” автоматташтырылган маалымат системасын (АМС) колдонушат.”
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Аймактык бөлүнүштөрдүн нотариалдык архивдик документтерин сактоо, комплектѳѳ, эсепке алуу жана пайдаланууга контролду Министрлик жүзөгө ашырат.”;
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“25. Архивдин аймактык бөлүнүштѳрүнүн архивариустарын дайындоо жана кызматтан бошотуу аймактык бөлүнүштѳрдүн жетекчилери тарабынан Министрликтин архивинин жетекчиси менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.”.
2. Аналитика жана санариптештирүү башкармалыгы – кырдаалдык борбору:
1) ушул буйрука кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын.
2) расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин жана Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына жарыяласын.
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык санынын чегинде ишке ашырсын.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Юстиция министринин орун басары И.М. Сыдыгалиевге жүктөлсүн.
Министр |
| А.Б. Баетов |