Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-июлу № 381
Кыргыз Республикасынын Куруучу күнү – кесиптик майрамын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасында биринчи мамлекеттик курулуш органынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу, курулуш тармагынын кызматкерлеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын таануу иретинде, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2-август жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Куруучу күнү – кесиптик майрамы болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-июлундагы № 539 «Кыргыз Республикасында Куруучу күнүн белгилөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 49 (3705) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |