Редакцияот 12.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясы

 

2024-жылдын 12-марты № 29/3

 

Өзгөн шаарын тейлеген маршруттук каттамдардын жол акысын бекитүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отурумунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 31-январындагы №01-9/101 катынын жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 14-февралындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарынын ичин тейлеген маршруттук каттамдардын жол акысын шаардын тургундарына 1 жүргүнчү үчүн 15 сом, 1 мектеп окуучусу үчүн 10 сом өлчөмүндө тарифти бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-аракеттерди мыйзам чегинди жасоо, маршруттук каттамдарды тейлеген ишканаларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

А.Хасанов