Редакцияот 12.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясы

 

2024-жылдын 12-марты № 29/4

 

Өзгөн шаарындагы Орто-Коргон стадионун жана Н.Азнабакиев паркын бириктирип туруучу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн курулушуна тоскоол болгон дарактарды схемага ылайык кыюуга макулдук берүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отурумунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 16-февралындагы №01-9/177 катынын жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 6-мартындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарындагы Орто-Коргон стадионун жана Н.Азнабакиев паркын бириктирип туруучу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн курулушуна тоскоол болгон дарактарды схемага ылайык кыюуга макулдук берилсин.

2. Долбоорду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү Өзгөн шаар мэрине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

А.Хасанов