Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясы
2024-жылдын 12-марты № 29/5
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык 2023-жыл ичинде болуп өткөн сессияларга жүйөөлү себептерсиз төрт жолудан ашык катышпагандыгы үчүн Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) Аманат саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган депутат Сабиров Санжарбек Сабирович, Өнүгүү-Прогресс партиясынын тизмеси боюнча шайланган депутаттар Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевич жана Салиев Сардарбек Камбаралиевичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |