Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясы

 

2024-жылдын 26-марты № 30/3

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 26-мартындагы №01-9/298 катына ылайык жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-мартындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 1-пунктундагы “163991,3” саны “163991,2” санга өзгөртүлсүн.

2. Мыйзамга ылайык иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаар мэриясынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

А.Хасанов