Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/13
Кошумча жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Куршап (Лесхоз) айылындагы № 5-06-12-1004-0463 коду менен катталган айыл чарба авиациясынын ээлеген 4,3 га жер аянтынын ичинен О. Максутов атындагы башталгыч мектебинин жаңы имаратын куруу үчүн кошумча 1,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун угуп, айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Куршап (Лесхоз) айылындагы № 5-06-12-1004-0463 коду менен катталган айыл чарба авиациясынын ээлеген 4,3 га жер аянтынын ичинен О. Максутов атындагы башталгыч мектебинин жаңы имаратын куруу үчүн кошумча 1,0 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековко милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |