Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/14
Токтомдун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун жаңы мектеп куруу үчүн берилген жерди өзгөртүү (башка жактан берүү) жөнүндөгү сунушун жана Эски-Покровка айылындагы Мамасалы Тешебаев атындагы орто мектебине жаңы имарат куруу учүн жер аянтын башка жайга алмаштыруу жөнүндөгү мектеп директору М. Темировдун 2024-жылдын 03-июнундагы № 233 номери менен катталган өтүнүч катын эске алуу менен талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин жаңы мектептин жерин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү 14-июль 2023-жылдагы № 119 сандуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоо, регламент, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |