Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/16
Муниципиалдык ишканаларды жана жайыт, “Үч-Алыш”
бирикмелерин бириктирүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековдун таза суу, тазалык муниципиалдык ишканаларын, жайыт пайдалануучулар жана “Үч-Алыш” суу пайдалануучулар бирикмелерин бириктирүү жолу менен Кызыл-Октябрь муниципиалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү сунушун угуп, уставы менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таза суу, тазалык муниципиалдык ишканаларын, жайыт пайдалануучулар жана “Үч-Алыш” суу пайдалануучулар бирикмелерин бириктирүү жолу менен Кызыл-Октябрь муниципиалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2.Кызыл-Октябрь муниципиалдык ишканасы Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өтсүн.
3.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековко милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоо, регламент, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |