Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/17
Акча каражаттарын жергиликтүү бюджетке кирешелөө жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалын өнүктүрүү бөлүмүнүң башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А. Абдуллаевдин П. Жолдошов атындагы мектептин айланасындагы теректерди сатуудан түшкөн 150,000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджетке кирешелөө жана атайын акча каражаттан бала бакчалардын тамак ашынан 2023-жылдан ашып калган 185,400 (бир жүз сексен беш миң төрт жүз) сом акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кошуу жөнүндөгү сунушун жана финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Теректерди сатуудан түшкөн 150,000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетине кирешеленсин жана 2221-беренеге отургузулсун.
2.Атайын акча каражаты 185,400 (бир жүз сексен беш миң төрт жүз) сом акча каражатын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине кирешеленсин жана 2218- беренеге отургузулсун.
3.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековко милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |