Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/18
Сеңир айылынын көчөлөрүнүн бирине Тиллебаев Каримдин
ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сеңир айылынын көчөлөрүнүн бирине Сеңир айылынын тургундарынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги элдик жыйындын протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сеңир айылынын Амирбек Эркебаев көчөсүнөн, Ахмат Үсөнбаев көчөсүнө чейинки жолго Тиллебаев Каримдин ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Сеңир айылынын айыл башчысы Э. Араповко жана К. Тиллебаевтердин уул кыздарына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, тазалык, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |