Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/19
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуулун” берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кочкор-Ата айылынын тургундарынын 2024-жылдын 20-майындагы элдин жыйындын протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын 39.1 пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата айылынын тургуну Малашов Билимбек Абылкасымовичке Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |