Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/20
Кочкор-Ата айылындагы спорт залга Малашов Абылкасымдын
ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кочкор-Ата айылынын тургундарынын элдик жыйындын протоколун, К. Өмүрзаков атындагы орто мектебинин педогогикалык кеңешмесинин, профсоюз уюмунун бириккен протоколун, Кочкор-Ата айылынын тургундарынын элдин жыйындын протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата айылындагы спорт залга маркум Малашов Абылкасымдын ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кочкор-Ата айылынын айыл башчысы Э.Араповко жана Малашов Абылкасымдын уул кыздарына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, тазалык, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |