Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/21
Жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековдун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы орто мектептерден жана бала бакчалардан чыккан таштандыларды чыгарууга жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы орто мектептерден жана бала бакчалардан чыккан таштандыларды чыгарууга жергиликтүү бюджеттен каржылоого макулдук берилсин.
3.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековко милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |