Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/22
Убактылуу депутаттык комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кызыл-Сеңир айылындагы Куршап дарыясынын боюнда жайгашкан 12,0 га жер аянтын Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүү жөнүндөгү сунушун жана айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, мурда айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөн жерлерди, ижара акыларын жана өтүүчү жерлерди тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы төмөндөгү курамда түзүлсүн.
-Акишов Рашид - убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы,
-Айбашев Азизбек- убактылуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү,
-Арапов Кушбакбек- убактылуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү,
-Мурзанбетов Акжол- убактылуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү,
-Токтобаев Мирбек- убактылуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү,
-Насирова Жамила- убактылуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү,
-Камалов Азамат- убактылуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү,
-Сатвалдиев Кыялбек- убактылуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү,
-Эргешов Осмонали- убактылуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси.
2.Убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Акишовко комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте жеринен барып, айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөн жерлерди, ижара акыларын жана өтүүчү жерлерди тактоо иштерин жүргүзүп, кезектеги өтүүчү сессияга сунуштасын.
3.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековко убактылуу комиссиянын аткарылуучу иштерине көмөк көрсөтүү жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары А. Кайкыевке жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |