Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 341 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана обочолонгон мүлккө ээ болгон мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкана "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн иштерди аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча түз мамлекеттик заказды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында, ошондой эле спорттук медицинаны жана психологияны андан ары өнүктүрүү, спортчулардын ден соолугун чыңдоо жана реабилитациялоо максатында зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн түзүлгөн.
Ишкана Кыргыз Республикасынын спортчуларына жана бардык жарандарына адистештирилген амбулатордук медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү дарылоо-профилактикалык саламаттык сактоо уюму болуп саналат.
5. Ишкананын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Кыргызский центр спортивно-оздоровительной медицины" при Государственном агентстве физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" МИ;
- расмий тилде: ГП "Кыргызский центр спортивно-оздоровительной медицины".
6. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17.
7. Ишкана белгисиз мөөнөткө уюштурулду.
8. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат, ал Ишканага бекитип берилген мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Ишкананын ишинин тармактык багыттары боюнча жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат.
10. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитип берилген мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт.
11. Ишкана юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган өзүнүн ишинин предметине жана максаттарына ылайык келген жарандык укуктарга ээ жана ушул иш менен байланышкан милдеттерди көтөрөт.
12. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, эмблемасы, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары бар.
13. Ишкана өз ишин жүзөгө ашырууда, анын ичинде башкаруунун формасын аныктоо, зарыл болгон түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу, чарбалык чечимдерди кабыл алуу, эмгек акы төлөө (эмгек акы төлөө системасы, өлчөмү, тартиби жана фонду) жана кызматкерлерге материалдык дем берүү маселелеринде толук чарбалык өз алдынчалыкка ээ.
14. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчиликти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
15. Ишкана өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле аралык уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
16. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
2-глава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
17. Ишкананын негизги максаттары:
- "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
- мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча түз мамлекеттик заказды аткаруу;
- спорттук медицинаны андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- спортчулардын ден соолугун чыңдоо жана реабилитациялоо жана спорт психологиясын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын спортчуларына жана жашоочуларына, ошондой эле чет өлкөлөрдүн жарандарына сапаттуу медициналык коштоо жана тейлөө;
- бардык кайрылган адамдарга өз убагында жана сапаттуу медициналык жардамды көрсөтүү;
- мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, саламаттык сактоонун башкаруу органдары, медициналык камсыздандыруу уюмдары, медициналык камсыздандыруу фонддору менен Кыргыз Республикасынын спортчуларына жана жашоочуларына, ошондой эле чет өлкөлөрдүн жарандарына жардам көрсөтүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- калктын коопсуз жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын камсыз кылуу.
18. Ишкананын милдеттери:
- ден соолукту чыңдоочу дене тарбия жана спорт менен алектенген бардык адамдардын ден соолугуна үзгүлтүксүз врачтык көзөмөлдү уюштуруу жана ишке ашыруу;
- дене тарбиясынын эц рационалдуу санитардык-гигиеналык шарттарын аныктоо жана ден соолукту чыңдоочу дене тарбия жана спорт менен машыгуу процессинде адамга жагымсыз таасирин тийгизүүчү факторлорду четтетүүгө багытталган иш-чаралардын системасын ишке ашыруу;
- ар түрдүү курактагы жана жыныстагы адамдар менен ден соолукту чыңдоочу дене тарбия жана спорт боюнча сабактарды өткөрүү;
- бардык дене тарбия-ден соолукту чыңдоо иш-чараларынын жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуу.
Спорттук медицинанын алдында турган баяндалган милдеттер анын мазмунун аныктайт, ал дене тарбия кыймылынын ден соолукту чыңдоочу принциптерине жана ата мекендик медицинанын профилактикалык багытына толук ылайык келет.
19. Спорттук медицина боюнча иштин мазмунунун негизги бөлүмдөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
- спорттук тамак-аш;
- региондордо балдар-өспүрүмдөр спортун медициналык камсыздоо;
- жогорку жетишкендиктеги спортту медициналык камсыздоо;
- массалык спортту медициналык камсыздоо;
- паралимпиадалык спортту медициналык камсыздоо;
- фитнес-борборлорунда машыккандарды медициналык камсыздоо;
- спорт ардагерлерин медициналык камсыздоо;
- допинг-контролдоого көмөк көрсөтүү;
- лабораториялык камсыздоо;
- ден соолукту чыңдоочу дене тарбия жана спорт менен алектенген адамдарды врачтык текшерүү;
- врачтык-педагогикалык көзөмөл;
- спортчунун психологиялык даярдыгы;
- ден соолукту чыңдоо, дарылоо жана профилактикалык иш-чаралар;
- спорттук мелдештерди жана спорттун массалык түрлөрүн медициналык камсыздоо;
- спорттук жаракаттарды профилактикалоо;
- спорттук машыгууларга уруксат берүү, бул машыгуулардын ден соолукту чыңдоочу дене тарбия жана спорт менен машыккан адамдардын физикалык өнүгүүсүнө, ден соолугунун абалына жана функционалдык абалына тийгизген таасирин системалуу изилдөө;
- дене тарбия жана спорт менен алектенген адамдардын машыгуудан өткөндүгүн аныктоо;
- спорттук федерациялардын, клубдардын жана командалардын медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү, билим берүү программаларын ишке ашыруу, сергек жана таза спортту пропагандалоо;
- мамлекеттик органдардын, дене тарбия-спорттук уюмдардын, спорттук контролдоо жаатындагы башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо;
- спорттук медицина боюнча жаңы эрежелерге жана талаптарга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана ыкчам ишке киргизүү;
- далилдүү медицинанын принциптерине негизделген мыкты тажрыйбаны жайылтуунун негизинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу;
- өз ишинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген клиникалык протоколдорду жана колдонмолорду колдонуу.
20. Ишкананын функциялары:
- илимий негизделген фармакологияны, биологиялык активдүү кошулмаларды, спорттук тамак-аш азыктарын спортчуларды даярдоо практикасына киргизүүгө көмөктөшүү;
- иштелип чыккан сунуштамаларга ылайык Кыргыз Республикасынын спортчуларынын физикалык жана психикалык ден соолугунун абалын аныктоо;
- ден соолуктун абалынын начарлашынын алгачкы белгилерин, ашыкча чарчоонун, ашыкча машыгуунун жана ашыкча күч келтирүүнүн алдын алуу жана аныктоо;
- ооруларды жана жаракаттарды диагностикалоо;
- Кыргыз Республикасынын спортчуларын жаракат алгандан жана оорулардан кийин медициналык реабилитациялоону, калыбына келтирүүчү дарылоону жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын спортчуларынын физикалык жактан өнүгүүсүнө, ден соолугунун абалына, ооруларына, жаракаттарына талдоо жүргүзүү;
- спорттук мелдештерди жана спорттук-массалык иш-чараларды медициналык-санитардык жактан камсыз кылуу;
- саламаттык сактоо, дене тарбия жана спорт жаатында улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу;
- медициналык персонал үчүн сапаттын жана коопсуздуктун актуалдуу маселелери, далилдүү медицинанын принциптерине негизделген бекитилген клиникалык колдонмолор (протоколдор), стандарттар, жол-жоболор жана буйруктар боюнча үзгүлтүксүз ички уюштуруу окутуу программаларын ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын спортчулары, ошондой эле калк/бейтаптар менен кайтарым байланыш механизмдерин иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана актуалдаштыруу, Кыргыз Республикасынын спортчуларынын жана калктын/бейтаптардын канааттануусун баалоо;
- эсепке алуунун жана отчеттуулуктун белгиленген түрлөрүн жүргүзүү.
3-глава. Укуктар жана милдеттер
21. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциялары:
- Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
- коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- ушул Устав менен мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Мамлекеттик башкаруу органынын укуктары:
- Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү;
- Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана стратегиялык өнүктүрүү планы үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроо жана алуу;
- аткаруу органынын отчетторун угуу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүү;
- ушул Уставда каралган башка укуктар.
23. Мамлекеттик башкаруу органынын милдеттери:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылуу;
- Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылуу;
- ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоо;
- Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болгон маалыматтарды үчүнчү жактарга таратпоо;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттуулуктун бардык бекитилген формаларын белгиленген тартипте берүү;
- ушул Уставда каралган башка милдеттер.
24. Мамлекеттик башкаруу органы болуп саналган мамлекеттик орган жоюлган жана тиешелүү мамлекеттик функциялар боюнча укук мураскери жок болгон учурда мындай Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп ушуга окшош чөйрөдө функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныкталат.
25. Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- алар тарабынан медициналык кызмат көрсөтүүдө жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдигин камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу уюмдары менен ыктыярдуу тартипте келишимдерди түзүүгө;
- ушул Уставга ылайык ишти жүзөгө ашырууга;
- саламаттык сактоо боюнча улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
- медициналык-санитардык жардам алуу үчүн кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашыруучу башка адамдар жүргүзгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
- жарандын макулдугу менен аны текшерүүнү же дарылоону жүргүзгөн башка адамдардан маалыматтарды сурап алууга;
- убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, медициналык картадан көчүрмөлөрдү, оорунун баянын, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- башка саламаттык сактоо уюмдары менен медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- эл аралык илимий байланыштарды өнүктүрүүгө, маалымат алмашууну жакшыртууга, кесиптик кызматташтыкты, өлкөлөр менен региондордун ортосундагы адистер менен алмашууну ишке ашырууга;
- белгиленген тартипте кесиптик медициналык ассоциацияларга, бирликтерге, бирикмелерге, анын ичинде эл аралык уюмдарга кирүүгө;
- мамлекеттик, жеке жана башка уюмдар менен иштерди аткаруу, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
- Ишкананын филиалдарын, илимий-изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалык бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Ишкананын медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды эң маанилүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө тартууга;
- эл аралык жана республикалык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга.
26. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү;
- Ишкананын профили жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдөгү жеткиликтүү, өз убагында, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
- экстремалдык шарттарда иштөөгө даяр болууга (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө);
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
- саламаттык сактоонун тектеш кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү жана жолун жолдоону камсыз кылууга;
- сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо жана калкты санитардык-гигиеналык жактан тарбиялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө;
- келишимдик негизде кадрларды практикалык окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- отчеттуулуктун бекитилген формаларынын бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык каражаттарды максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
- жогору турган башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга.
4-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
27. Башкы директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Ишкананын жетекчиси кызматка мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
28. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна дайындалган адам менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Ишкананын башкы директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Эмгек келишими Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча жоболорду камтууга тийиш, алардын өлчөмү, тизмеги жана алгылыктуу маанилери өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык белгиленет.
29. Ишкананын башкы директору (Ишкананын аткаруу органы) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
30. Башкы директор төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
- Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаганда;
- эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациясыз аракеттеринде;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Ишкананын башкы директорун кызмат ордунан бошотуу анын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
31. Ишканада башкы директордун эки орун басарынын кызмат орду каралат.
Бири дарылоо иши боюнча, экинчиси административдик-чарбалык бөлүк боюнча.
Башкы директордун орун басарлары Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Башкы директордун орун басарлары кызматтык милдеттерин аткарууга мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен эмгек келишимин түзгөндөн кийин киришет.
32. Ишкананын башкы директорунун орун басарлары төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун жыйынтыктары боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Ишкананын башкы директорунун орун басарларын кызмат ордунан бошотуу түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
33. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кирбейт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар;
- мурда канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызмат ордунан бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттин банкроттугуна алып келген, мурда жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдардын кызматта турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу бир эле убакта Ишкананын ишине байланышкан ишкердик менен алектенүүгө укугу жок.
34. Башкы директордун чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
Башкы директор:
- Ишкананын ишин жалпы жетектейт жана финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- милдеттерди аткаруу үчүн ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
- анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органына сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз зарыл болгон иш-аракеттерди жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана жеке жактар менен мамилелерде Ишкананын атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Ишкананын бардык кызматкерлери милдеттүү аткарууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- локалдык актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методиканы жана ченемдик-техникалык мүнөздөгү башка ички документтерди бекитет;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Ошол эле учурда башкы директордун алмашуусу аларды өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- чыгымдар сметасын (тиешелүү жылга), системаны, өлчөмдү, тартипти жана Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондун бекитет;
- башкы директордун орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөт, кызматкерлердин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- туруктуу же убактылуу негизде жумушчу жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди берет;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
- келерки финансылык жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттун долбоорун даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө бекитилген отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө отчетторду даярдайт жана берет;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылат жана коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматтык нускамаларды, кызмат орундарына квалификациялык талаптарды, Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
- кызматтык маяналарга жеке үстөктөрдү белгилейт, ошондой эле кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө маселелерди чечет;
- иштөө режимин жана кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- белгиленген тартипте Ишкананын атынан ишеним каттарды берет;
- Ишкананын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот жана аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- мамлекеттик башкаруу органына белгиленген тартипте башкы директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
- коррупциянын алдын алуу боюнча пландарды, ошондой эле укуктук агартууга жана коррупцияга каршы жүрүм-турумга дем берүүгө багытталган чараларды карайт жана бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга катышат;
- мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйынында өзүнүн иши жана Ишкананын иши жөнүндө отчет берет;
- жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына киргендерди кошпогондо, милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Башкы директор жок болгон учурда Ишкананын ишин башкы директордун буйругу менен аныкталган анын орун басарларынын бири жетектейт.
Башкы директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталуучу башкы директордун орун басарларынын бири анын милдеттерин аткарат.
36. Башкы директордун орун басарлары алардын карамагына кирген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алат, тейлеген багыттары боюнча ишти уюштурат. Башкы директордун орун басарлары башкы директордун буйругу менен аныкталган Ишкананын ишинин айрым маселелери боюнча буйруктарга кол коет жана чечимдерди кабыл алат.
5-глава. Финансы-чарбалык иш, эсепке алуу жана отчеттуулук
37. Ишкана өз ишин толук чарбалык эсепке алуу, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүргүзөт, өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ болот.
38. Ишкана өзүнүн финансы-чарбалык ишин өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет. Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын туюндурмасын;
- тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгынын негиздемесин;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
- уюштуруу планын;
- финансылык планды;
- тобокелдиктерди талдоону.
39. Ишкананы күтүүгө чыгымдар чарбалык иштин натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен каржыланат.
40. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор, жүгүртүү каражаттары жана башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы чарба жүргүзүү укугуна таандык болгон өз алдынча баланста берилет.
41. Ишкананын чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз башкача ыкма менен тескөөгө укугу жок.
42. Ишкана мамлекеттик башкаруу органы менен алдын ала макулдашуу боюнча жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайым алуу келишимдерин түзүү аркылуу зайымдык каражаттарды тартышы мүмкүн.
43. Ишканага мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнүүчү бюджеттик кредиттер түрүндө берилиши мүмкүн.
44. Ишкананын мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен Ишкананын ишинин уставдык максаттарына жана предметине ылайык жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү, ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу укугунда менчик ээси тарабынан ага берилген мүлк;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруудан алынган кирешелер;
- финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана гранттары;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
Ишкананын өзүнүн чарбалык ишинен же башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен кайрадан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлкү, алынган кирешелери жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
Ишкананын башкы директору жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорлорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 20-мартка чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү бекитет:
- Ишкананын келерки жылга бюджетин;
- финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту;
- Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча учурдагы жылда республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн жана таза пайданын келерки жылы республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш бөлүгүнүн пландык маанисин.
Ишкана жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине ал бекиткен таза пайданын бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмес өлчөмдө андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен которот.
45. Чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында Ишкана алган пайда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөрдү жана төлөмдөрдү бюджетке, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин Ишкананын карамагында калат.
46. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
47. Ишкананын башкы директору квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына);
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
6-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
48. Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
49. Ишкананын иш процессинде, кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.