Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 2-июлу № 131
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 68-статьянын 1-пунктунда "же баңгилик каражаттарды" деген сөздөр ", күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 71-статьянын 5-пунктунда "жана баңги заттарды" деген сөздөр ", күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1005-статьяда "же баңги заттарды" деген сөздөр ", күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1006-статьянын 2-пунктунда "баңги заттарды" деген сөздөр "күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 49 (3705) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
| ||
2025-жылдын 21-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |