Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июлу № 396
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 106 “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө” токтомун колдонууну жокко чыгаруу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 106 “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө” токтомун колдонуу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы:
1) жерлерди эсепке алуу документтерине, жерлерди каттоо боюнча документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык 22,4 га жердин ичинен 11,40 га жайгашкан жер участокторун мыйзамдаштырсын;
3) калган 11,0 жерди көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 50 (3706) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |