Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) анын укуктук статусун, максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (мындан ары – Министрлик) мектепке чейинки билим берүү, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү (мындан ары – жалпы билим берүү), кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү (мындан ары – кошумча билим берүү) чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды, тиешелүү деңгээлдерде билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Министрлик өз ишин түздөн-түз жана аймактык бөлүмдөр, ведомстволук бөлүмдөр, мекемелер жана уюмдар аркылуу башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен ишке ашырат.
5. Кыргыз Республикасынын агартуу органдарынын бирдиктүү системасын Министрликтин борбордук аппараты, аймактык бөлүмдөрү, ведомстволук бөлүмдөрү, мекемелери жана уюмдары түзөт.
6. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү бланктары, эмблемасы жана туусу бар, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле ага бекитилип берилген мүлкү бар.
7. Министрликтин толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги»;
– расмий тилде: «Министерство просвещения Кыргызской Республики».
Министрликтин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Агартуумин»;
– расмий тилде: «Минпросвещения».
8. Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 257.
2-глава. Министрликтин максаты
9. Министрликтин негизги максаты мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталыч кесиптик билим берүү, кошумча билим берүү жаатында мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу, балдардын, жаштардын жана эрезеге жеткендердин билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана теңдигин камсыз кылуу, ошондой эле башкаруу системасынын жол-жоболорун оптималдаштыруу жана санариптик трансформациялоо аркылуу билим берүү процессинин катышуучуларына туура келген административдик жүктү азайтуу болуп саналат.
3-глава. Министрликтин милдеттери
1) инсандын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө багытталган окутуунун коопсуз шарттарын камсыз кылуучу мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү системасын иштетүү;
2) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү жаатында жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу;
3) мектепке чейинки билим берүүнүн, жалпы билим берүүнүн, кесиптик башталгыч билим берүүнүн, кошумча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
4) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
5) өзгөчө билим алууга муктаж болгон балдарды, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды, жаштарды жана эрезеге жеткендерди окутуу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
6) билим берүү мамилелеринин катышуучуларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жол-жоболорун автоматташтыруу үчүн санариптик чечимдерди киргизүү;
7) көз карандысыз сертификациялоону жана валидациялоону жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу.
4-глава. Министрликтин функциялары
11. Министрлик төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- белгиленген тартипте иштеп чыгуу:
мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясаттын негизги стратегиялык багыттары боюнча, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү системасын андан ары өнүктүрүүнү караган мамлекеттик жана башка программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды;
мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга, мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү системасынын иштешин, өнүгүшүн жана өркүндөтүлүшүн камсыз кылууга багытталган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылоо;
- мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү системасында башкаруунун бюрократиядан арылтуу саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтерге мамлекеттик талаптарды иштеп чыгуу;
- эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык билим берүү жөнүндө документтерди нострификациялоонун (башка мамлекеттерде берилген билим берүү жөнүндө документтерди Кыргыз Республикасында таануу) тартибин иштеп чыгуу;
- жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин тизмесин жана үлгүлөрүн, ошондой эле аларды даярдоо, сактоо жана берүү тартибин аныктоо;
- жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын окуу пландарын жана программаларын бекитүү;
- жалпы билим берүү программаларын ишке ашырууда пайдаланууга уруксат берилген окуу китептеринин тизмесин бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү грантынын жана типтүү ченемдердин негизинде билим алуучуларды жыл сайын кабыл алуу үчүн квоталарды бекитүү;
- мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү жаатында мамлекеттик кадр саясатын белгиленген тартипте ишке ашыруу;
- программалык негизде билим берүү бюджетин түзүү жана аткаруу жаатында мамлекеттик саясатты белгиленген тартипте ишке ашыруу;
- өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясына интеграциялоо үчүн мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү сектору боюнча сунуштар комплексин иштеп чыгуу;
- мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын ишине талдоо жүргүзүү;
- жарандардын билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бирдей мүмкүнчүлүктөрүн жана жеткиликтүүлүгүн, мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарында билим алуучулардын инсандык жана дене-бой жагынан өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн чараларды иштеп чыгуу;
- мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү жаатындагы мамлекеттик стратегиялык жана программалык (максаттуу) документтерди жана долбоорлорду, анын ичинде балдарды жана жаштарды патриоттук, руханий адеп-ахлактык тарбиялоого, интеллектуалдык, чыгармачылык жана дене-бой жактан өнүктүрүүгө багытталган программаларды иштеп чыгууга, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышуу;
- эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык республиканын чегинен сыртта жашаган мекендештерге мамлекеттик тилде мектепке чейинки билим алууга, жалпы билим алууга, кесиптик башталгыч билим алууга, кошумча билим алууга көмөктөшүү;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарына көрүнүктүү инсандардын ысымдарын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды макулдашуу;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларынын, агартуу системасынын органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын уюштуруу;
– кызыкдар министрликтер, башка мамлекеттик органдар, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жана башка социалдык өнөктөштөр менен макулдашуу боюнча кадрларды даярдоо үчүн кесиптердин жана адистиктердин тизмегин иштеп чыгуу;
– укуктук пропаганда жана коррупцияга каршы билим берүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
– инклюзивдик билим берүүнү, экономиканын керектөөлөрүн жана жарандардын билим алуу муктаждыктарын эске алуу менен бардык кызыкдар болуучу тараптарды тартуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу процессин уюштуруу;
– туруктуу өнүктүрүүгө, климаттык сабаттуулукка, жашыл экономикага жана ESG-ыкмаларга багытталган билим берүү программаларын иштеп чыгуу;
– мамлекеттик органдар, инвесторлор жана эл аралык уюмдар үчүн мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү объекттеринин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
– кесиптик башталгыч билим берүү үчүн эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык кадрларды даярдоонун план-болжолун иштеп чыгуу жана бекитүү;
– эрте кесипке багыт берүү механизмдерин жана билим алуучулардын карьералык өсүшүн коштоо системасын өнүктүрүү;
– STEAM-ыкмаларын (илим, технология, инженерия, искусство, математика) окуу стандарттарына, программаларга жана окуу-методикалык комплекстерге киргизүү;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын натыйжалуулугун баалоо системасына билим берүүнүн сапатынын эл аралык индикаторлорун интеграциялоо;
– эл аралык талаптарга ылайык компетенцияларды/ квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасынын бирдиктүү саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу;
– билим берүү системасын санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, анын ичинде санариптик платформаларды, электрондук күндөлүктөрдү, журналдарды, аралыктан жана гибриддик окутууну, санариптик билим берүү ресурстарын киргизүү;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарында санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде кеңири тилкелүү интернет, компьютердик жана мультимедиялык жабдуулар менен камсыз кылуу;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү системасын интеграциялоого өбөлгө түзүүчү бирдиктүү маалыматтык билим берүү чөйрөсүн түзүү;
– билим берүү процессин санариптик трансформациялоого, анын ичинде педагогикалык кызматкерлердин жана билим алуучулардын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
– билим берүү чөйрөсүндө санариптик коопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү;
– билим берүү процессинин сапатын пландаштырууга жана баалоого билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана коомчулуктун катышуу механизмдерин киргизүү;
2) жөнгө салуучу функциялары:
– балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан жалпы билим берүү жана кесиптик башталгыч билим берүү, ошондой эле кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын билим берүү ишин Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензиялоону жүзөгө ашыруу;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү жаатындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жөнгө салуу;
– кадрларды даярдоонун санын жана түзүмүн аныктоо маселелери боюнча мектепке чейинки билим берүүнүн, жалпы билим берүүнүн, кесиптик башталгыч билим берүүнүн, кошумча билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуу;
– Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин аттестациялоону уюштуруу;
– кесиптик башталгыч билим берүү деңгээлинде ишканалардын өтүнмөлөрү боюнча жарандарды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, ошондой эле кесиптик башталгыч билим берүү системасында эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн болжолун даярдоого катышуу;
– көз карандысыз эксперттер жана уюмдар тарабынан жеке окуу планынын негизинде өзгөчө билим алууга муктаж болгон адамдардын билиминин жетишкендиктерин баалоону уюштуруу;
– жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге кесиптик башталгыч окутууну жана кайра окутууну уюштуруу;
– компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын башкаруу жана жөнгө салуу;
– Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык ведомстволук бөлүмдөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын чыгымдарынын сметасын бекитүү;
– Улуттук аккредитациялык кеңешти түзүү;
– аккредитациялык агенттиктердин реестрин жүргүзүү;
– аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын (жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү) жана билим берүү программаларынын (жалпы билим берүү жана кесиптик башталгыч билим берүү) реестрин жүргүзүү;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегиялык жана программалык (максаттуу) документтердин аткарылышын координациялоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана баалоо;
– Министрликтин республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук мекемелеринде жана уюмдарында, аймактык бөлүмдөрүндө бюджеттик жана финансылык тартиптин сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүү;
– мектепке чейинки билим берүүнүн, жалпы билим берүүнүн, кесиптик башталгыч билим берүүнүн, кошумча билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган чаралардын көрүлүшүн контролдоону камсыз кылуу;
– өзгөчө билим алууга муктаж болгон жана турмуштук оор кырдаалда турган балдардын билим алуу укугунун сакталышын контролдоону камсыз кылуу;
– билим берүүдө туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча прогрессти баалоо үчүн индикаторлордун жана көрсөткүчтөрдүн системасын түзүү;
– мамлекеттик билим берүү стандарттарынын сакталышын жана мектепке чейинки билим берүүнүн, жалпы билим берүүнүн, кесиптик башталгыч билим берүүнүн сапатын белгиленген тартипте контролдоо;
– жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарында билим алуучуларды мамлекеттик аттестациялоонун бардык түрлөрүнүн жана формаларынын жүргүзүлүшүн контролдоо;
– жеке билим берүү траекторияларынын жана ийкемдүү окуу пландарынын ишке киргизилишин контролдоо;
– педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоонун уюштурулушун белгиленген тартипте контролдоону камсыз кылуу;
– балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан жалпы билим берүү жана кесиптик башталгыч билим берүү, ошондой эле кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын билим берүү иши чөйрөсүндө лицензиялык талаптардын сакталышын лицензиялык контролдоону жүргүзүү;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн билим берүү жана финансылык ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү;
– формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, анын сапаты жөнүндө анык, толук жана объективдүү маалымат алуу;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын рейтингин, ошондой эле алардын программаларын аныктоо;
– жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын жетишкендиктерин баалоону аныктоо;
– жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо;
– окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди даярдоо жана басып чыгаруу боюнча иштерди белгиленген тартипте координациялоо;
– психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация-лардын ишин координациялоо жана контролдоо;
– колдонуудагы окуу аянттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;
– өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө абал жана улуттук коопсуздукка коркунучтар болгон мезгилде жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын мыйзамдарда аныкталган тартипте ыкчам аткарууну камсыз кылуу;
– көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана башка субъекттер менен ишти координациялоо жана өз ара аракеттенүү;
– санариптик чечимдерди жана платформаларды, анын ичинде жасалма интеллектти окуу процессине киргизүүнү жана интеграциялоону координациялоо;
– аккредитациялык агенттиктердин ишине мониторинг жүргүзүү;
4) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
– Кыргыз Республикасында берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын ырастоо;
– чет өлкөлөрдө берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын таануу;
– билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги мамлекеттик үлгүдөгү документтердин дубликатын берүү;
– чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуган адамдардын билим деңгээлин жана мазмунун ырастоо жөнүндө маалымкаттарды берүү;
– билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укук берүүчү лицензиялардын дубликатын берүү;
5) колдоо функциялары:
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдары тарабынан пайдаланууга уруксат берилген окуу жана окуу-методикалык адабияттардын тизмегин бекитүү;
– талап кылынган кесиптер боюнча иш чөйрөсүн тандоо, ишке орноштуруу жана кесиптик окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында жарандардын кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү;
– өзгөчө билим алууга муктаж болгон жана турмуштук оор кырдаалда турган билим алуучулардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү;
– билим берүү системасын маалыматтык, илимий-методикалык тейлөөнү жүзөгө ашыруу;
– Министрликтин функцияларына кирген маселелер боюнча калкты маалыматтык тейлөөнү жүзөгө ашыруу;
– билим берүү менен илимдин, ошондой эле өндүрүш менен рыноктун ортосунда өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
– чет өлкөлүк өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү жаатындагы эл аралык келишимдерге кол коюу, ошондой эле аларды ишке ашыруу;
– эл аралык уюмдарда агартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргоо;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, балдарга кошумча билим берүү уюмдарын райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары) аркылуу каржылоо;
– кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын каржылоо;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарына окуу-тарбиялоо иштери, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны жана маалыматтык технологияларды жайылтуу маселелери боюнча методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтүү;
– мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык санариптик билим берүү контентин, онлайн курстарды жана ачык билим берүү ресурстарын түзүү;
– үзгүлтүксүз педагогикалык билим берүү жана насаатчылыктын улуттук платформасын өнүктүрүү;
– региондордо билим берүү кластерлерин, жалпы билим берүүнүн адистештирилген билим берүү уюмдарынын тармактарын жана лабораторияларды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
– Министрликтин аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана уюмдарыныниши жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
– калктуу конуштардын демографиялык маалыматтарына жараша жаңы курулушка болгон муктаждыктарды аныктоо менен курулуп жаткан жана курулушу токтоп турган мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү объекттерине инвентаризация жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;
– Министрликтин ведомстволук мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарын долбоорлоого, капиталдык оңдоого байланышкан иштерди аткарууга көмөк көрсөтүү;
– мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарын жабдуулар жана инвентарь менен камсыз кылуу;
– учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү жана материалдык камсыздоо боюнча мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын заказчысы функцияларын аткаруу;
– көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
– Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген материалдардын жана сунуштамалардын негизинде – мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарында терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу, билим берүү программаларын туруктуу негизде ишке ашырууда билим алуучуларда терроризмге каршы пикирди калыптандыруу максатында терроризмдин маңызы жана кооптуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу.
5-глава. Министрликтин укуктары
12. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди бекитүүгө жана чыгарууга;
2) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдары менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын ишин текшерүүгө;
3) мамлекеттик ведомстволук мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдары тарабынан аларга бекитилип берилген мүлктүн талаптагыдай жана максаттуу пайдаланышын контролдоого;
4) бухгалтердик эсепти, финансылык отчетту, ченемдик укуктук актыларды, ички актыларды сактоону, укукка каршы жосундарды алдын алууну жана аныктоону, активдердин сакталышын камсыздоону, финансылык жана башкаруучулук отчеттордун, маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, тууралыгын жана адекваттуулугун, ошондой эле алардын даярдалышын камтыган, Министрликти, ошондой эле ведомстволук мекемелерди жана уюмдарды, аймактык бөлүмдөрдү натыйжалуу, үнөмдүү жана майнаптуу башкарууга жетишүү үчүн ички контролдоонун комплекстүү жана натыйжалуу системасын уюштурууга;
5) менчигинин түрүнө карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынан, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан агартуу маселелери боюнча статистикалык жана башка маалыматтарды камтыган маалыматтарды суроого жана алууга;
6) менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдары жөнүндө маалыматты, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык билим алуучулар жана кызматкерлер боюнча жеке мүнөздөгү маалыматтарды сурап алууга, чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого, пайдаланууга, өткөрүп берүүгө жана коргоого;
7) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү жаатындагы эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүүгө;
8) агартуу маселелери боюнча эл аралык фестивалдарды, конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
9) ведомстволук мекемелерди жана уюмдарды белгиленген тартипте түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга;
10) ведомстволук мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын уставдарын бекитүүгө;
11) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү чөйрөсүндө сыйлоо системасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
12) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын статусун өзгөртүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
13) эмгек акы төлөөнүн белгиленген фондунун чектеринде ведомстволук мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүүгө;
14) агартуу системасында иштеген коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө;
15) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү системасында санариптик долбоорлорду демилгелөөгө, ишке киргизүүгө жана координациялоого;
16) билим берүүнү башкаруу процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу маалыматтык системаларды, маалымат базаларын жана санариптик сервистерди түзүүгө жана модернизациялоого;
17) электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында маалыматтык системаларды башка мамлекеттик органдар менен интеграциялоо жолу менен электрондук маалыматтарды алмашууга;
18) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү системасына заманбап санариптик технологияларды киргизүү үчүн IT-компаниялар, эл аралык уюмдар жана донорлор менен кызматташууга;
19) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын санариптик трансформациясына контролду жүзөгө ашырууга, билим берүүгө жеткиликтүүлүктө санариптик инклюзивдүүлүктү камсыз кылууга;
20) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарын башкарууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин түзүүгө;
21) билим берүү инфраструктурасын модернизациялоого, санариптик чечимдерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди, меморандумдарды жана макулдашууларды түзүүгө;
22) билим берүүнүн жаңы формаларын таануу үчүн укуктук жана ченемдик өзгөртүүлөрдү демилгелөөгө;
23) жөнгө салуу, контролдоо, отчеттуулук жана документ жүгүртүү процесстерин санариптештирүү жолу менен бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган ченемдик өзгөртүүлөрдү демилгелөөгө;
24) ички жана ведомстволор аралык документ жүгүртүүнү автоматташтыруу жана тапшырмалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик чечимдерди киргизүүгө;
25) административдик тоскоолдуктарга мониторинг жүргүзүү үчүн жарандар жана уюмдар менен кайра байланыш системасын киргизүүгө;
26) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарына, ошондой эле педагогикалык кызматкерлерге ашыкча оорчулук келтирген административдик жол-жоболорду алып салууну, кайра кароону жана санариптештирүүнү демилгелөөгө;
27) Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды, эксперттерди жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;
28) Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактарга түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
29) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү жана комментарийлерди берүүгө;
30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында доо коюуга, сотко кайрылууга;
31) педагогикалык кызматкерлердин ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүүгө, аларды кесиптик милдеттери менен байланышпаган иштерди, анын ичинде эмгек функцияларында каралбаган физикалык жүктөмдөрдү аткарууга мажбурлоого, ошондой эле окуу-тарбиялоо процессине тоскоолдук кылуунун, билим алуучулардын жана агартуу системасынын кызматкерлеринин укуктарын бузуунун ар кандай формаларына жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүүгө;
32) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келген буйруктарын жокко чыгарууга;
33) Министрликтин ишин кеңири чагылдыруу максатында расмий веб-сайтты, социалдык тармактардагы баракчаларды түзүүгө жана колдоого, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү түрдө өз ара аракеттенүүгө;
34) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн актуалдуу жана келечектүү чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторду түзүүгө;
35) Министрликтин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу
13. Министрликти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөсү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматтан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын агартуу министри (мындан ары – министр) жетектейт.
Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
14. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунуштамасы боюнча же болбосо анын сунуштамасысыз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш иет жана өз ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
16. Министр:
1) жеке башкаруунун негизинде Министрликке жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Министрликтин компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, эрежелерди, жоболорду, нускамаларды бекитет;
3) Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн бекитет, ал Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында министрдин дайындалышы Министрликтин түзүмүн өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
4) бекитилген штаттык сандын чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын штаттык расписаниесин бекитет;
5) Министрликтин системасында жетектөөчү кызмат орундардын номенклатурасын аныктайт жана бекитет;
6) республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын штаттык санын эмгек акы төлөөнүн белгиленген фондунун чегинде аныктайт жана бекитет;
7) борбордук аппараттын кызматкерлерин, Министрликтин номенклатурасына кирген ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин, кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, алардын укуктарын жана функциялык милдеттерин аныктайт;
8) агартуу системасынын кызматкерлерине карата тартиптик таасир этүүчү чараларды көрөт;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин дайындоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
10) аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана шаарлардын мэрияларына сунуш берет, ошондой эле алардын алдында аталган адамдарды ротациялоо жөнүндө сунуштарды демилгелейт;
11) Министрликке караштуу ведомстволук кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
12) министрдин орун басарларынын, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
13) Министрликте коррупциянын алдын алууга жана профилактикалоого багытталган чараларды көрөт;
14) агартуу системасынын кызматкерлерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон башка адамдарды ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
15) агартуу системасынын кызматкерлеринин, ошондой эле билим берүүнү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон башка адамдардын ичинен талапкерлерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
16) белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коёт;
17) Министрликтин коллегиясынын ишин жетектейт;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
17. Министрликте кызмат орду боюнча министрдин (коллегиянын төрагасы), министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлүнүн, ошондой эле агартуу системасындагы башка жетекчи кызматкерлердин курамында 19 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
18. Коллегия өзүнүн жыйналыштарында агартуу системасын өнүктүрүүнүн негизги маселелерин карайт, Министрликтин, баш ийген ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын ишинин маселелерин, агартуу системасынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен уюмдарынын өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулайт.
19. Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана министрдин буйруктары менен ишке ашырылат.
Коллегиянын иш тартиби министр тарабынан бекитилүүчү Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобо менен аныкталат.
20. Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр өз ишин өз алдынча жүргүзөт, ошондой эле Министрликке түздөн-түз баш иет жана отчет берет.
7-глава. Корутунду жоболор
21. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
22. Министрлик жоюлган учурда документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.