Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 367
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 “Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 6-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү (узартуу) үчүн төмөнкү документтер негиз болуп саналат: эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, виза, жашап турууга уруксат, Кыргыз Республикасынын резидент-картасы, “Кайрылман” статусу, “Мекен-карт”.”;
– 7-пункттагы “каттоо,” деген сөздөр алып салынсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:
– 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ж – жынысы (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: 1 – аял, 2 – эркек; чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн: 3 – аял, 4 – эркек);”.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурсун жана өткөрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |