Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 23-июну № 123
Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамдын предмети, максаты жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу ченемдеринин жана эрежелеринин укуктук негизин белгилейт, ушул Мыйзамдын максатын жана колдонуу принциптерин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын максаты болуп окуучулар үчүн коопсуз жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү, билим берүүгө багытталган бейпил окуу атмосферасын камсыз кылуу, окуучулардын мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууда жакшы адаттарын жана окуу сабактарынын убагында өз убактысын натыйжалуу башкаруусун өнүктүрүү саналат.
3. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу чөйрөсүнө тийиштүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат. Ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аларга карата аныктамалар колдонулат:
1) мобилдүү түзүлүш - коммуникация, интернетке жетүү, электрондук, маалыматтык программалар менен иштөө, маалыматтарды сактоо, көңүл ачуу жана башка маалыматтык мүмкүнчүлүктөр үчүн пайдаланылуучу көчмө электрондук түзүлүш (мобилдүү телефон, смартфон, планшет, ноутбук);
2) мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу саясаты - жалпы билим берүү уюмунун ичинде мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну башкаруу жана жөнгө салуу боюнча жалпы билим берүү уюму тарабынан иштелип чыккан эрежелер жана колдонмолор;
3) мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу - билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди турукташтырууга жана тартипке салууга жана окуу процессинен алагды кылуучу факторлорду минималдаштырууга багытталган атайын эрежелердин, колдонмолордун жана каражаттардын негизинде жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигинин максатка багытталган таасир этүү процесси;
4) билим берүү чөйрөсү - билим берүү процесси жана окутуу жүрүп жаткан жалпы билим берүү уюмунун ичиндеги шарттардын жыйындысы (жагдай);
5) мобилдүү түзүлүштөр пайдаланылбаган чөлкөм - жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу жөнгө салынууга тийиш болгон жер;
6) санариптик сабаттуулук - санариптик технологияларды жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдүн, билимдердин жана компетенциялардын топтому;
7) ата-энелер менен өнөктөштүк - мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жана билим берүү процессин колдоо үчүн окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен кызматташуу жана маалымат алмашуу;
8) кибербуллинг - мобилдүү түзүлүштөрдү, социалдык тармактарды, билдирүүлөр менен алмашуу платформаларын пайдалануу менен коркутуу, ачуулантуу сезимин пайда кылуу же маскаралоо үчүн жалган маалыматтарды же жаманатты кылуучу сүрөттөрү бар постторду таратуу, ыңгайсыздыкты жаратуучу жана кадыр-баркты басмырлоочу билдирүүлөрдү жөнөтүү же коркутуу жолу аркылуу, анын ичинде башкалардын атынан, адамды кодулоо;
9) жол берилгис контент - адамга же адамдардын тобуна карата алардын расалык, этностук таандыктыгынын, дин тутуусунун, майыптыгынын, курагынын, улутунун, жынысынын, же кайра-кайра басмырлоо же маргиналдаштыруу, асылуулар, коркутуулар мүмкүн болгон башка белгилердин негизинде кастыкты пропагандалоону, басмырлоочу же орой сөздөрдү камтыган, ошондой эле өзүнө же башка адамдарга физикалык же моралдык зыян келтирүүнү пропагандалаган жана ачык сексуалдык мүнөздөгү материалдар.
3-берене. Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу принциптери
1. Жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу төмөнкүдөй негизги принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) коопсуздук жана саламаттыкты коргоо. Окуучулардын коопсуздугу жана саламаттыгын коргоо жалпы билим берүү уюмунун жетекчилиги үчүн артыкчылыктуу милдет болууга тийиш. Принциптин сакталышы билим берүү процесстеринин убагында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу аркылуу да камсыз кылынат;
2) жагымдуу билим берүү чөйрөсү. Мобилдүү түзүлүштөр билим берүү чөйрөсүн начарлатууга жана окуу процессине тоскоолдук кылууга тийиш эмес. Жагымдуу билим берүү чөйрөсү принциби окуучулардын окуусуна жана көңүл коюусуна карата алагды кылуучу таасирди минималдаштыруу үчүн мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууга жол берилген убакытты жана орунду аныктоону болжолдойт;
3) санариптик сабаттуулук жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү. Санариптик сабаттуулук жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү принциби мобилдүү түзүлүштөрдү билим берүү максаттарында пайдаланууга, окуучулардын санариптик чөйрөдөгү көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүгө жана билим берүү процессин күчөтүүгө багытталган;
4) теңдештик жана инклюзивдүүлүк. Мобилдуү түзүлүштөрдү пайдалануу эрежелерин жөнгө салууда бардык, анын ичинде билим берүүдөгү өзгөчө муктаждыктары жана ден соолугу менен байланышкан чектөөлөрү бар окуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарыл;
5) ата-энелер менен өнөктөштүк. Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу саясатын иштеп чыгууда жана киргизүүдө өз ара аракеттенүүнүн жана кайтарым байланыштын натыйжалуу системасын түзүү максатында жалпы билим берүү уюмуна ата-энелер менен өнөктөштүктү жана кызматташтыкты түзүү маанилүү.
2. Жалпы билим берүү уюму мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу эрежелеринде кошумча принциптерди ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын камсыз кылуу максатында гана пайдаланууга укуктуу.
4-берене. Билим берүү процессинде мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу саясаты жана аны жөнгө салуу эрежелери
1. Билим берүү процессинин жүрүшүндө мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу саясаты ушул Мыйзамдын 3-беренесинде каралган принциптерди сактоо менен жалпы билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчилиги тарабынан бекитилүүчү ички эрежелер менен ишке ашырылат.
2. Жалпы билим берүү уюмунун аймагында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу эрежелери айкын, бир мааниде жана жеңил түшүнүү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Эрежелерде мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу убактысы, орду жана маданияты аныкталууга, билим берүү максаттары үчүн өзгөчөлүктөрдү жана атайын жагдайларды, кибербуллингге жана жол берилгис контентке каршы аракеттенүү чараларын камтууга, жеке жашоонун кол тийбестиги жана билим алуу укугу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери көрсөтүлүүгө тийиш.
Жаппы билим берүү уюмунун жетекчилиги бардык кызыкдар жактарга мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу саясатына жана жөнгө салуу эрежелерине болгон тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
5-берене. Коопсуз жана этикалуу билим берүү чөйрөсүн түзүү
Жалпы билим берүү уюму мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу саясатын жана жөнгө салуу эрежелерин иштеп чыгууда окуучулар билим берүү процессинен алагды болбошу жана бири-бирин алагды кылбашы үчүн өчүрүлгөн мобилдүү түзүлүштөр сактала турган атайын чөлкөмдөрдү аныктайт.
6-берене. Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданияты
1. Жалпы билим берүү уюмунда мобилдуү түзүлүштөрдү пайдалануу маданиятына мугалимдер жана окуучулар, ошондой эле билим берүү процессинин башка катышуучулары мобилдүү түзүлүштөрдү жоопкерчиликтүү, натыйжалуу жана орундуу пайдалануусуна өбөлгө түзүүчү талаптар, баалуулуктар жана практикалар кирет.
Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданияты окутуу үчүн мобилдүү түзүлүштөр бере турган артыкчылыктар менен билим берүү процессинин коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуунун ортосундагы баланска өбөлгө түзүүгө тийиш.
2. Жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданиятынын негизги аспекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) билим берүү жана кабардар болуу. Окуу максатында окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге мобилдүү түзүлүштөрдү коопсуз, натыйжалуу жана этикалуу пайдаланууну үйрөтүүчү билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана маалымат өнөктүгүн өткөрүү;
2) ата-энелерди колдоо. Ата-энелерди билим берүү процессине тартуу, мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданияты жөнүндө маалымат берүү жана балдардын Интернет тармагында өткөргөн убактысын контролдоодогу алардын күч-аракеттерин колдоо;
3) жоопкерчилик жана ченемдүүлүк. Мобилдүү түзүлүштөрдү жоопкерчиликтүү жана ченемдүү пайдаланууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү, Интернет тармагына болгон көз карандылыкты жана талаптагыдай эмес жүрүм-турумду болтурбоо;
4) кызматташтык. Билим берүү процессинин бардык катышуучуларын (окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди) мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданиятын иштеп чыгууга жана колдоого тартуу.
7-берене. Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууда санариптик сабаттуулукту жана жакшы адаттарды өнүктүрүү
1. Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууда санариптик сабаттуулукту жана жакшы адаттарды өнүктүрүү жалпы билим берүү уюмуна жана окуучуларга технологияларды жоопкерчиликтүү жана үзүрлүү пайдаланууга жардам берүүчү заманбап билим берүүнүн маанилүү аспекти болуп саналат.
2. Окуучуларды санариптик сабаттуулук көндүмдөрүнө жана технологияларды аң-сезимдүүлүк менен пайдаланууга үйрөтүү жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуунун бөлүгү болуп саналат. Жалпы билим берүү уюму окуучуларга мобилдуү түзүлүштөрдү ашкере пайдалануунун таасирин жана кесепеттерин түшүнүүгө жана жакшы адаттарды өнүктүрүүгө жардам берүүчү иш-чараларды жүргүзө алат.
8-берене. Кибербуллингге жана жол берилгис контентке каршы аракеттенүү
1. Жалпы билим берүү уюму жана билим берүү процессинин башка катышуучулары билим берүү чөйрөсүндө кирбербуллингди жана жол берилгис контентти болтурбоо үчүн коопсуз онлайн чөйрөнү түзөт жана чараларды көрөт.
2. Окуучулар арасында кибербуллинг же болбосо жол берилгис контентти таратуу фактылары табылган учурда окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер платформасында укукка каршы аракеттер жүрүп жаткан интернет-ресурстун аталышын көрсөтүү менен алар жөнүндө арыз менен жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигине кайрылууга укуктуу.
9-берене. Ата-энелер менен өнөктөштүк, комиссиянын иши жана катышуучулардын жоопкерчилиги
1. Ата-энелер менен өнөктөштүк жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
2. Жалпы билим берүү уюму мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу саясатын жана аны жөнгө салуу эрежелерин иштеп чыгууда мындай процесске ата-энелерди тартуу жана ошол эрежелерди колдоо милдеттенмелери аркылуу алар менен өз ара аракеттенет.
3. Жалпы билим берүү уюмунда кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактыларын кароо үчүн жетекчиликтен, мугалимдерден жана ата-энелерден турган курамында 5 адам болгон туруктуу комиссия түзүлөт. Комиссия кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактылары жөнүндө арызды кароодо сергектикти, жоопкерчиликти, ар бир арызга карата жекече мамилени көрсөтүүгө, кибербуллингдин (ал аныкталган учурда) жабырлануучусуна жардам көрсөтүүгө, андан аркы жаңжалдарды болтурбоого, окуучуларды коомдогу жана Интернет тармагындагы туура жүрүм-турумга үйрөтүүгө тийиш. Комиссиянын иш тартиби жалпы билим берүү уюму тарабынан кабыл алынуучу акт менен аныкталат.
4. Комиссия өз ишинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) арызда баяндалган фактылар боюнча маалымат чогултууга;
2) жабырлануучунун купуялыгын жана жашыруундуулугун сактоого жана ага колдоо чараларын көрсөтүүгө;
3) жаңжалдын бардык деталдарын, анын ичинде датасын, убактысын, окуялардын сүрөттөлүшүн документтештирүүгө;
4) арызды маңызы боюнча кароо үчүн зарыл болгон маалыматты жаппы билим берүү уюмунан суратууга;
5) окуучуларга кибербуллингдин жана жол берилгис контентти таратуунун зыянын түшүнүүгө жардам берүүчү билим берүү иш-чараларын жана тренингдерди уюштурууга, алардын Интернет тармагындагы коопсуз жана сый-урматтуу жүрүм-турумга үйрөтүүгө;
6) ар бир адам Интернет тармагындагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти сезе турган чөйрөнү түзүү менен ата-энелерди, мугалимдерди жана окуучуларды кибербулпингге каршы күрөшүүгө тартууга.
Жабырлануучуну колдоо жана андан аркы жаңжалдарды болтурбоо кибербуллингге жана жол берилгис контентти таратууга каршы аракеттенүүдө негизги максаттар болуп саналат.
Комиссия арызды кароонун жыйынтыктары боюнча кибербуллингдин жана жол берилгис контентти таратуунун аныкталган фактыларына карата жалпы билим берүү уюмуна, ошондой эле комиссиянын ишинин жүрүшүндө ролу жана катышуусу тастыкталган жактарга сунуштамаларды чыгарат.
Жаппы билим берүү уюмунун жетекчилиги кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактылары боюнча комиссия тарабынан чыгарылган сунуштамаларды кароого, ролу жана катышуусу тастыкталган адамдарга карата алдын алуу чараларын көрүүгө, ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) жазуу жүзүндө маалымдоого, ошондой эле кибербуллингден жабыркаган окуучуларга психологиялык колдоону камсыз кылууга милдеттүү. Алдын алуу чаралары тартиптик мүнөздө болбоого тийиш.
Кибербуллингден жабыркаган окуучунун ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) тарабынан камсыз кылынат.
10-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 47 (3703) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде ушул Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |