Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-июну № 3229-VII
“2025-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасы), Кыргыз Республикасы менен “Кыргыз Республикасында суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын Көп тараптуу донордук трасттык фондунун администратору катары иштеген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (“Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасы) жана 2025-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасы боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 16-июнундагы чыг. № 18-6350) “2025-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасы), Кыргыз Республикасы менен “Кыргыз Республикасында суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын Көп тараптуу донордук трасттык фондунун администратору катары иштеген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (“Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасы) жана 2025-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасы боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздѳрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары |
| Ж.Э. Садырбаева |