Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2025-жылдын 19-июну № 3220-VII
2025-жылдын 19-июнундагы № 3220-VII “2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 11-июнундагы чыг. № 18-6121) “2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары |
| Ж.Э. Садырбаева |