Сравнение редакций…
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө, берүү, баш тартуу жана жокко чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын резидент-картасы (мындан ары – резидент-карта) чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын андан ары узартуу укугу менен Кыргыз Республикасынын аймагында 1 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу болуусуна уруксат болуп саналат.
3. Бул Убактылуу жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) анык документ – инсандыгын ырастаган жана анын бардык бөлүктөрү менен реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө шайкеш келген, талаптагыдай түрдө таризделген жана ага ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ;
2) Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирген/чыккан адамдарды жана транспорт каражаттарын эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууга визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашап турууга уруксаттарды берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо боюнча маалыматтык система (мындан ары – ТМЭБС);
3) “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы – ТМЭБСтин подкомпоненти болуп саналган жана резидент-карта жөнүндө маалыматтарды каттоо, жүргүзүү, сактоо, иштеп чыгуу жана калыптандыруу үчүн модулдарды камтыган интеграцияланган ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система;
4) чакыруучу тарап – ушул Убактылуу жобого ылайык чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга резидент-картаны тариздөө үчүн өтүнүч берген жеке же юридикалык жак;
5) QR-код – резидент-картанын маалыматтарын алууну камсыз кылган оптикалык белги;
6) бирдиктүү уруксат – тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чет өлкөлүк кызматкерге электрондук тартипте берилүүчү эмгек визасы, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат жана жумушка уруксат жөнүндө маалыматтарды камтыган документ.
4. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган резидент-картаны тариздөө боюнча жооптуу мамлекеттик орган болуп саналат.
5. Резидент-карта – бул “Электрондук виза” порталын тейлеген финансы мекемеси (банк) тарабынан берилген, атайын окулуучу QR-коду бар пластикалык дебеттик карта.
6. Резидент-карта төмөнкүлөр боюнча маалыматтарды камтыйт:
– болууга укук берген документ жана анын мөөнөтү;
– иш жүзүндө жашаган жери;
– эмгек акы (эмгек ишин жүзөгө ашыруу учурда);
– жеке маалыматтар;
– медициналык көрсөткүчтөр;
– эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаттын болушу (эмгек ишин жүзөгө ашырган учурда);
– биометрикалык маалыматтар.
7. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга резидент-картаны берүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
– Кыргыз Республикасынын уюмдарында (менчигинин түрүнө карабастан) эмгек ишин жүзөгө ашыруу, анын ичинде иштөөгө уруксат албастан эмгектенүү же жеке ишкердик жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуу;
– инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу;
– үй-бүлө менен биригүү (Кыргыз Республикасынын жарандары болгон жакын туугандары менен; чет өлкөнүн жараны болгон өтүнмө ээсинин үй-бүлө мүчөлөрү менен (жубайы, 18 жашка чейинки балдары, жашы жете элек балдардын ата-энелери, ошондой эле майыптыгы бар балдары жана багуудагы ата-энелери);
– этностук кыргыздардын жана Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында төрөлгөн адамдардын Кыргыз Республикасына көчүп келиши;
– маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, програм-малык продуктуларды иштеп чыгуу жана башка чектеш чөйрөлөрдө ишти жүзөгө ашыруу;
– волонтердук иш;
– кайрымдуулук фондунда ишти жүзөгө ашыруу.
8. Резидент-карта Кыргыз Республикасынын аймагында болуусун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен аныкталган мөөнөттөн ашык узартууну пландаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таризделет.
9. Резидент-картаны тариздөө үчүн өтүнмөнү кароо мөөнөтү ушул Убактылуу жободо каралган документтердин толук пакети берилген күндөн тартып 10 жумуш күндү түзөт.
10. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан резидент-картаны тариздөөдө чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
Резидент-картаны тариздөөгө өтүнмөнү толтурууда өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтөт. Жашаган дареги өзгөргөн учурда резидент-картанын ээси тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү.
11. Резидент-картаны тариздөө үчүн ставкалар ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык алынат.
2-глава. Резидент-картаны тариздөө, берүү, баш тартуу жана жокко чыгаруу тартиби
12. Резидент-карта тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жеткиликтүү болгон “Электрондук виза” порталы менен интеграцияланган “Бирдиктүү терезе” аркылуу электрондук өтүнмө берүү жолу менен таризделет.
Өтүнмө ушул Убактылуу жобонун 6-пунктунда каралган негиздер боюнча чакыруучу тарап же өтүнмө ээси тарабынан берилет.
Резидент-картаны узартууга өтүнмөнү, эгерде болсо, мурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам үчүн өтүнүч кат берген чакыруучу тарап берет.
13. Негиздерге жараша резидент-картаны тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуу үчүн:
– анык документтин көчүрмөсү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу, уюштуруу документтеринин, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн, билим берүү ишине лицензиясынын көчүрмөлөрүн, салыктык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатын тиркөө менен (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
– өтүнмө ээси менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун ортосундагы жеке келишимдин (окуу мөөнөтүн жана мезгилин көрсөтүү менен) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (узак мөөнөттүү виза таризделген учурда);
2) инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн:
– анык документтин көчүрмөсү;
– инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнмө ээсинин инвестордун статусуна ылайык келишин ырастаган, ошол мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кол коюлган жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
3) жакын туугандары – Кыргыз Республикасынын жарандары менен биригүү үчүн:
– анык документтин көчүрмөсү;
– Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүч каты;
– чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашагандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
– никени каттоо жөнүндө күбөлүк же өтүнмө ээсинин Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык мамилесин ырастаган башка документтер;
– Кыргыз Республикасынын аймагында берилген чакыруучу тараптын иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө маалымкат же материалдык абалы жөнүндө башка документ;
4) чет өлкөлүк жаран болгон өтүнмө ээсинин үй-бүлө мүчөлөрү менен биригүү үчүн (жубайы, 18 жашка чейинки балдары, жашы жете элек балдардын ата-энелери, ошондой эле майыптыгы бар балдары жана багуусундагы ата-энелери):
– анык документтин көчүрмөсү;
– чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын арызы;
– кабыл алуучу уюмдун өтүнүч каты (юридикалык жактар үчүн);
– өтүнмө ээси менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы туугандыкты күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
– чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу болуусун ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
5) этностук кыргыздардын жана Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдардын Кыргыз Республикасына көчүүсү үчүн:
– анык документтин көчүрмөсү;
– өтүнмө ээсинин өтүнүч каты;
– кыргыздардын этностук таандыктыгы жөнүндө ырастоочу документтер же Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулгандыгын ырастоочу документтер (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөр, архивдик документтер, чет мамлекеттин улуттук паспорттору);
6) волонтердук ишти жүзөгө ашыруу үчүн:
– анык документтин көчүрмөсү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кабыл алуучу уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу, уюштуруу документтеринин, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн, салыктык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын тиркөө менен (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
– волонтердук келишимдин көчүрмөсү;
7) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу жана башка чектеш чөйрөлөрдө ишти жүзөгө ашыруу үчүн:
– анык документтин көчүрмөсү;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу, уюштуруу документтеринин, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн, салыктык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын тиркөө менен (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
8) иштөөгө уруксат албастан эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн:
– анык документтин көчүрмөсү;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же иш берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу, уюштуруу документтеринин, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн, салыктык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын тиркөө менен (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
– миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын маалымкаты же журналисттерди/корреспонденттерди аккредитациялоо жөнүндө документ;
9) кайрымдуулук фондунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн:

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын өтүнмө ээсинин кайрымдуулук фондунун кызматкеринин статусуна ылайык келишин ырастаган жазуу жүзүндөгү кайрылуусу.
Эмгек ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 “Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек миграциясын жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык белгиленген документтердин тизмеги суралат.
14. Банкта белгиленген формага ылайык атайын эсеп ачууга макулдук берүү резидент-картаны берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам эмгек ишин жүзөгө ашырган учурда иш берүүчү эмгек акыны көрсөтүлгөн эсепке которот.
15. Зарыл болгон учурда (жүктөлгөн документтердин сапаты талаптагыдай эмес болгондо, берилген документтердин аныктыгына күмөн саноолор же тактоолор пайда болгондо) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуу максатын жана негизин ырастоо үчүн кошумча документтерди сурайт.
16. Резидент-картаны тариздөөгө өтүнмө жеткире иштеп чыгууга кайтарылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде өтүнмө ээси тарабынан оңдолууга тийиш, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин өтүнмө жокко чыгарылды деп эсептелет.
17. Резидент-картаны тариздетүүгө өтүнмө ТМЭБС аркылуу 6 жумуш күндүн ичинде улуттук коопсуздук органы менен макулдашылат.
18. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук органы резидент-картаны тариздөөгө тоскоол болуучу негиздердин жоктугу же резидент-картаны тариздөөнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө электрондук кабарлоо жөнөтөт. Улуттук коопсуздук органы тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жооп берилбеген учурда, өтүнмө оң макулдашылды деп эсептелет.
19. Резидент-картаны тариздөөгө өтүнмөнү кароонун натыйжалары өтүнмөнү толтурууда көрсөтүлгөн электрондук почтага келип түшөт.
20. Өтүнмө ээлери тарабынан ушул Убактылуу жободо каралган документтер чет тилде берилген учурда, аларга алардын мамлекеттик же расмий тилдердеги котормолору тиркелет, мында документтерди которгон котормочунун колтамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш (документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостилдештирилүүгө тийиш же болбосо аларга карата консулдук мыйзамдаштыруу жол-жобосу жүзөгө ашырылып, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу болууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса).
21. Резидент-карта төмөнкү учурларда таризделбейт же жокко чыгарылууга тийиш:
1) улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке, Кыргыз Республикасынын калкынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоого коркунуч келтирүү;
2) ушул Убактылуу жободо белгиленген резидент-картаны тариздөө үчүн документтерди берүүдө жалган маалыматтарды берүү;
3) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн жазаны өтөгөнгө же жазадан бошотулганга чейин соттуулугунун болушу;
4) мүнөзү, оордугу жана мүмкүн болуучу узактыгы башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген же саламаттык сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылган ден соолуктун бузулушунун же оорунун болушу;
5) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдарга катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана салык мыйзамдарына каршы келген аракеттерди жасоо, анын ичинде 3 жана андан ашык ай бою салыктык жана социалдык чегерүүлөрдү төлөөдөн баш тартуу;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердик ишти токтотуу.
Резидент-картаны тариздөөдөн баш тартуу же аны жокко чыгаруу жөнүндө чечим соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
22. Болуу тартиби бузулганда жана/же улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн башка учурларда ички иштер жана/же улуттук коопсуздук органынын чечими менен резидент-картанын мөөнөтү кыскартылат.
|
| Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого тиркеме |
Резидент-картаны тариздөө боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары
№
| Резидент-картаны тариздөө үчүн негиздер
| Ставка (АКШ долл.) |
1 | – Үй-бүлө менен биригүү; – Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдардын Кыргыз Республикасына көчүүсү; – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу жана башка чектеш чөйрөлөрдөгү ишти жүзөгө ашыруу; – волонтердук иш; – иштөөгө уруксат албастан эмгек ишин жүзөгө ашыруу, ошондой эле кайрымдуулук фондунда иштөө | 225 |
1) ЕЭБ мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн | 60 | |
2) Өзбекстан Республикасынын жарандары үчүн | 20 | |
3) Тажикстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Грузиянын жарандары үчүн | 60 | |
2 | Кыргыз Республикасынын окуу жайларында окутуу | 170 |
ЕЭБ мүчө мамлекеттердин, Тажикстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Грузиянын жарандары үчүн | 60 |
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ