Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июну № 351
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-августундагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылдык кеңешинин аймагынан пайдалуу казындылардын кенин иштетүү жана кыш заводун куруу үчүн "Дишан-Курулуш" өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономикасына түз инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-августундагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылдык кеңешинин аймагынан пайдалуу казындылардын кенин иштетүү жана кыш заводун куруу үчүн "Дишан-Курулуш" өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин аймагында пайдалуу казындылардын кенин иштетүү жана кыш заводун, автоклавдык газбетон өндүрүү боюнча заводду жана түтүн шахталарын (вентиляциялык блокторду) өндүрүү боюнча заводду куруу үчүн аянты 6,0 га болгон жайыт жерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 2005-жылдын 2-ноябрындагы № 865 ТЕ лицензияга ылайык "Дишан-Курулуш" өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара шартында 20 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |