Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 «Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 134
Кабыл алынган
2024-жылдын 14-майы
Чыгарган
Бишкек шаардык кенеши

Каттоо жана жарыялоо

Каттоо
№ 3937 · 2024-жылдын 20-июну
Жарыялоо
www.gorkenesh.kg · 2024-жылдын 11-июну
Реестрде
2024-жылдын 13-июну

Реестрде

Минюст коду
230029116

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция14.05.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 14-майы № 134

Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө

Бишкек шаарынын бирдиктүү архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн калыптандыруу максатында, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-, 15-, 16-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-, 34-беренелерине, "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптар;

2-тиркемеге ылайык имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы.

2. Бишкек шаарынын мэриясы өз ишинде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди так жетекчиликке алсын.

3. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптар мурда түзүлгөн жарнамалык конструкциялар үчүн муниципалдык жер участокторго ижара келишимдерге, ошондой эле аларды узартууда таркатылбайт.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 150 "Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнакты жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы

 

К. Конгантиев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 токтомуна

2-тиркеме

Имараттын, курулманын фасадынын паспортунун ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ

Тиркелген файлды караңыз.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

аппаратынын жетекчиси

 

И. Аденов

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.