Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 токтомунун долбооруна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө ТАЛАПТАР
1. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө талаптар (мындан ары - Эрежелер) жер участокторунда, имараттарда, курулмаларда жана башка кыймылсыз мүлк объекттеринде маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун, эксплуатациялоонун эрежелерин жана талаптарын, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоонун тартибин, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата бирдиктүү жана аткаруу үчүн милдеттүү талаптарды белгилейт.
2. Ушул эрежелер "ГОСТ 33027-2014. Мамлекет аралык стандарт. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору. Тышкы жарнама каражаттарын жайгаштырууга талаптар." мамлекеттер аралык стандартына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына, "Жарнама жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
3. Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда жана эскплуатациялоодо, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн ушул Эрежелерди сактоо милдеттүү.
4. Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, паспорту бар имараттардан жана курулмалардан тышкары, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген архитектуралык-техникалык корутундуга (мындан ары - АТК) ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларда, анын ичинде ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аталыштарында камтылган текст милдеттүү түрдө алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жол-жоболоштурулат.
Жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.
Жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык басмаканада терилген муундук литерлер (логотиптер) түп нускадагы тилде берилиши мүмкүн.
Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык жана орфографиялык эрежелер) так сакталууга тийиш.
6. Ушул эрежелер жол кыймылынын белгилерине жана көчө-жол тармагынын көрсөткүчтөрүнө жайылтылбайт.
7. Имараттардын, курулмалардын менчик ээлери жана имараттарды, курулмаларды күтүү боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адамдар аларды эксплуатациялоонун техникалык талаптарын, Көрктөндүрүү эрежелерин, ушул Эрежелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
8. Ушул эрежелер эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген тарыхый-маданий мурас объекттери болуп саналган имараттардын, курулмалардын фасаддарына жана Бишкек шаарынын аймагында жаңыдан табылган тарыхый-маданий мурас объекттерине жайылтылбайт.
9. Ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келбеген турак жай имараттарынын, курулмаларынын фасаддары аларды реконструкциялоонун, капиталдык оңдоонун алкагында ылайык келтирилүүгө тийиш.
10. Жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чектеринде ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышын контролдоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:
шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган;
Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы.
11. Ушул Эрежелерде колдонулуучу түшүнүктөр:
акцент - композициянын элементтерин көлөмү, формасы, түсү аркылуу бөлүп көрсөтүү ыкмасы;
архитектуралык-техникалык корутунду - маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эскплуатациялоо боюнча тексттик, графикалык материалдарды жана техникалык талаптарды камтыган документ;
архитектуралык-мейкиндик чөйрө - каралып жаткан аймакты же объектти курчап турган жана аймакты же объектти шаардык чөйрөнүн бир бөлүгү катары кабылдоону калыптандыруучу имараттардын, курулмалардын жана шаардык чөйрөнүн башка элементтеринин жыйындысы;
архитектуралык чечим - курулуш үчүн документтердин архитектуралык бөлүгүндө катталган жана курулган архитектуралык объектте ишке ашырылган архитектуралык объектке, анын тышкы жана ички көрүнүшүнө, мейкиндиктик, пландаштырылган жана функционалдык уюштурууга автордук ой-максат;
ачык жана жабык мейкиндиктердин балансы - фасаддын, анын бөлүктөрүнүн, түс чечимдеринин визуалдык композициялык тең салмактуулугу;
брандмауэр - фасаддын бардык элементтери аркылуу өткөн, өрттүн жайылышына бөгөт коюу максатында, бир имараттын же чектеш имараттардын жана короолордун жайларын ажыраткан каптал же короо фасадынын өрткө туруктуу, негизинен жабык капиталдык дубалы. Терезелердин жоктугу жана коңшу курулуштардын бийиктигинен ашкан бийиктиги менен мүнөздөлөт;
шаардык ландшафттын түрлөрү - көрүнүштүн (обзор) түзүлгөн туруктуу секторлорунда жалпы таанылган композициялык аяктаган түрлөр;
визуалдык кабылдоо - адам тарабынан фасаддын жана курчап турган шаар куруу чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн, аймактардын түзүлгөн пландоо түзүмүн (бүтүндөй, ошондой эле айрым бөлүктөрүн) аныктап, бөлүүсү, кабылдоо шарттарын эске алуу менен объекттин көрүнүшүн түзүү;
визуалдык маалымат - адам көргөндө кабылдаган мазмун, маани жана көрүнүштөр. Визуалдык маалымат предметтердин формасы, жайгашуусу жана байланышы, графикалык белгилердин жана символдордун жазылыш мүнөзү, шрифттин формасы, түс мүнөздөмөлөрү, жарыктандыруу аркылуу берилген белгилүү бир өзгөчө көрүнүштөгү мазмунга ээ;
шаардык чөйрөнүн визуалдык мүнөздөмөсү - коомдун шаар куруу, маданий жана социалдык иш-аракеттеринин продукту катары шаар чөйрөсүнүн көзгө көрүнгөн өзгөчөлүктөрү;
маалыматтык жана жарнамалык конструкциянын ээси - маалыматтык, жарнамалык конструкциянын менчик ээси же болбосо маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларга буюмдук укукка ээ башка жак болуп саналган жеке же юридикалык жак;
шрифттин гарнитурасы - сүрөттүн бирдейлиги менен бириккен жана белгилүү бир аталышка ээ болгон бир шрифттин чиймесинин жалпылыгы;
имараттын, курулманын короо жактагы фасады - имараттын курулуш сызыгынан тышкары жайгашкан жана ачык шаардык мейкиндиктер менен визуалдык байланышпаган фасады;
маалыматтык талаа - маалыматты түздөн-түз берүү үчүн арналган объекттин конструктивдүү бөлүгү. Маалыматты жайгаштыруу үчүн объекттин маалыматтык талаасынын аянты (чоңдугу) - конструкциялык бөлүктүн бийиктигинин жана узундугунун көрсөткүчү;
карниз - фасаддын горизонталдуу чыгып турган элементи, имаратты, курулуштарды, курулманы же кабатты аяктаган дубалдын жогорку чыгып турган бөлүгү;
композиция - искусство чыгармасынын түзүлүшүнүн негизи, бардык бөлүктөр функционалдык гана эмес, автордун идеясы, ой-максат менен да байланышкан негизги элементтерди жана бөлүктөрдү белгилүү бир ырааттуулукта түзүү, жайгаштыруу тутуму. Композицияны жайгаштырууда колдонуучу көркөм сүрөт каражаттар: сызык, тегиздик, түс, көлөм, мейкиндик. Композицияны шайкеш келтирүү каражаттары: пропорциялар, симметрия, ыргак, масштабдуулук, контраст, нюанс;
композициялык бүтүндүк - архитектуралык ой-максат, объекттин түзүлүшү жана мейкиндик чечими, ошондой эле жалпы бирдиктүүлүктү түзгөн анын айрым бөлүктөрүнүн катышы. Композициянын бүтүндүгү композициянын элементтеринин бири да бүтүндүктү бузбастан алмаштырылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн эместиги менен мүнөздөлөт;
кернинг - тамгалардын ортосундагы аралыкты алардын формасына жараша тандап өзгөртүү. Кернинг ар кандай эки тамганын ортосундагы аралыктын визуалдук бирдей болушу үчүн колдонулат;
кыска мазмундуулук - байкоочуга олуттуу маалыматты билдирүү үчүн зарыл болгон сүрөттөө элементтерин гана камтыган композициянын сапаты. Негизги композициялык элементтерге керектүү көрүүчүлүк акцент ашыкча, алаксыткан деталдарды жок кылуу менен ийгиликтүү ишке ашат;
имараттын, курулманын алдыңкы фасады - курулуш сызыгында жайгашкан же визуалдык жактан ачык шаардык мейкиндиктер менен байланышкан имараттын фасады;
масштабдуулук (кош масштабдуулук) - объекттин өлчөмдөрүнүн: архитектуралык курулуштардын, скульптуралардын, көрктөндүрүү элементтеринин же алардын бөлүктөрүнүн адамдын өсүшүнө карата катышы;
шрифттин жазылышы - бир гарнитуранын курамына кирген терилген шрифттин ар бир өзгөрүшү. Шрифтти жазуу тыгыздыгы боюнча - тар, нормалдуу, кең; каныккандыгы боюнча - ачык, жарым кочкул, кочкул; кыйшаюусу боюнча - түз, курсивдүү болуп айырмаланат;
имараттын көлөмдүк-мейкиндиктик чечими - имараттын көлөмүнүн тышкы формасы;
пластика, ийкемдүүлүк - архитектурага, графикага, живописке мүнөздүү көлөмдүн, форманын көркөм көрүнүшү. Ийкемдүүлүк объекттин, курулуштун же ансамблдин бүтүн, бирдиктүү образын түзүүдө бир формадан экинчи көлөмгө, имараттын бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө жумшак ырааттуу өтүүсүнөн көрүнөт;
имараттын, курулманын фасадынын паспорту - кыймылсыз мүлк объектисинин бардык тышкы параметрлерин жана архитектуралык-техникалык чечимдерин чагылдырган техникалык документ. Ал боюнча имараттын көрүнүшү жана анын курчап турган шаардык чөйрөгө шайкеш келүүсү, шаардын жалпы көрүнүшүн бузбоосу аныкталат;
маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестри - Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын бардык объекттери боюнча маалымат;
жарнамалык аянт - жарнаманы көрсөтүү жана жайылтуу үчүн колдонулган жарнамалык конструкциялардын аянты;
жарнама таратуучу - ушул Эрежелерге ылайык ар кандай ыкмада, ар түрдүү формада жана ар кандай каражаттарды пайдалануу менен жарнамалык маалыматты жайгаштырууну жана (же) таратууну жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
маалыматты жана жарнаманы таратуу - маалыматтык, жарнамалык конструкцияны колдонуу менен маалыматты жана жарнаманы ачык көрсөтүү;
ыргак - мүнөзү боюнча салыштырылган түрдүү элементтердин жана формалардын белгилүү мыйзам ченемдүүлүктө кезектешүүсү жана аларды белгилүү бир биримдикке алып келүү (алардын жайгашуу жана кезектешүү тартиби);
симметрия - кандайдыр бир нерсенин бөлүктөрүнүн борборуна, ортосуна карата шайкеш, пропорционалдуу жайгашуусу;
шайкештик жана пропорционалдуулук - жалпы объект менен анын бөлүктөрүнүн жана анын элементтеринин ортосундагы белгилүү бир өз ара байланыш жана катышы, мында бардык элементтер өз ара теңдемделген;
социалдык жарнама - адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө даректелген, кайрымдуулжана башка коомдук пайдалуу максаттарга жетишүүгө, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган маалымат;
шаар куруудагы чөйрө - ажырагыс байланышкан элементтердин жыйындысы: жаратылыш жана шаардык ландшафт, пландоо түзүмү, курулуш, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү;
стилдик бүтүндүүлүк - архитектуралык формалардын, фасаддын элементтеринин жана композициялардын каражаттарынын тарыхый жана идеялык түзүлгөн биримдиги, коомдун социалдык милдеттеринин, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана идеялык, эстетикалык көз-караштарынын мүнөзү;
унификациялоо - ар кандай түрдөгү объекттерди типтүү өлчөмдөрдүн, формалардын, касиеттердин сарамжалдуу катарына кошуу. Унификациялоонун негизги максаты - ар бир вариантты өзүнчө долбоорлоо жана өндүрүү зарылдыгын четтетүү. Унификациялоо ошондой эле предметтик-мейкиндиктик чөйрөнүн композициялык жана конструктивдүү биримдигине жетишүүнүн каражаты болуп саналат;
Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы - маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана тышкы жарнаманы, маалыматты таратуу маселелерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын ведомство алдындагы бөлүмү;
фасад - имараттын же курулуштун, курулманын сырткы тигинен турган катмары. Курулманын тибине жана анын планынын формасына, жайгашкан жерине жараша алдыңкы, каптал жана короо фасадын айырмалашат;
фирмалык стиль - ишкананын иш-аракети жана анын өндүрүмү менен байланышкан белгилүү бир туруктуу көрүнөө образды түзүү максатында конкреттүү ишкана, уюм үчүн атайын долбоорлонгон предметтердин, каражаттардын, символдордун жыйындысы;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын эскиздик долбоору - маалыматтык жана жарнамалык конструкциянын жайгашкан так орду, тыш өлчөмү жана андагы сүрөт жөнүндө маалыматты камтыган текст жана графикалык түрдөгү (графикалык материал же фотомонтаж) документтердин топтому;
имараттын фасадынын эскиздик долбоору - терезелерди, витриналарды, кире бериштерди жекече жабдуу жана жасалгалоо, маалыматтык элементтерди жана түзүлүштөрдү жайгаштыруу, долбоору, имараттардын, курулмалардын фасаддарынын түс чечимдери.
2. Зоналаштыруу
12. Бишкек шаарынын шаардык архитектуралык-эстетикалык чөйрөсү 2 зонага бөлүнөт:
Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспекти, Курманжан Датка, А.Масалиев көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары менен чектешкен борбордук бөлүгүн камтыган так регламенттөө зонасы;
так регламенттөө зонасынан тышкары, Бишкек шаарынын аймагын камтыган жалпы регламенттөө зонасы.
13. Так регламенттөө зонасына Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү, ири шаардык магистралдар, эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген тарыхый-маданий мурас эстеликтери кирет.
14. Жалпы регламенттөө зонасына катуу регламенттөө зонасын кошпогондо, башкы план менен аныкталган Бишкек шаарынын бүтүндөй аймагы кирет. Жалпы регламенттөө зонасында көрнөктөрдүн бийиктиги 0,8 метрден ашпоосу керек.
3. Фасаддын паспортун жол-жоболоштуруу тартиби
15. Имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү, ушул Эрежелерде жана имараттын, курулмалардын фасадынын паспортунда (мындан ары - фасаддын паспорту) белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
16. Имараттын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө жалпы талаптар бул имаратты, курулманы курууга долбоордук документтердин курамында даярдалган имараттын, курулманын архитектуралык чечимине ылайык ар бир имарат, курулма үчүн өзүнчө даярдалган фасаддын паспорту менен аныкталат.
17. Имараттын, курулманын архитектуралык чечими жок болгон учурда фасаддын паспорту имараттын, курулманын көлөмдүк-мейкиндиктик чечилишине, анын стилистикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша, архитектуралык-мейкиндиктик чөйрөсүн жана шаар чөйрөсүнүн визуалдык мүнөздөмөлөрүн, композициялык жана стилистикалык бүтүндүгүн, унификациясын, өлчөмдүүлүгүн жана пропорциялуулугун, горизонталдык жана вертикалдык октордун системасына, симметрияга, ыргакка ылайыктуулугун эске алуу менен даярдалат.
18. Фасаддын түс чечимин аныктоодо, фасаддын паспортунда көчө жана кварталдык курулуштун контекстинде курулуштун түстүү чөйрөсүн талдоо менен, андан ары фасаддардын комплекстүү түс чечими кандайдыр бир түстүн же анын тоналдык градациясынын бир тонунда сакталышы үчүн жумшак (пастельный) кармалган тондорду гана колдонуу менен фасаддын түсүн эске алуу керек.
19. Фасаддын паспорту шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Эрежелерде белгиленген тартипте фасаддын паспортунун бекитилген типтүү формасына ылайык даярдалат.
20. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан фасаддын паспортунун даярдалышы акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.
21. Фасаддын паспорту Бишкек шаарынын башкы архитектору тарабынан бекитилет.
22. Фасаддын паспортун даярдоо үчүн жеке жана юридикалык жактар шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат. Арыздарды кабыл алуу жана аларды андан ары кароо "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз берүүчү жөнүндө маалымат (паспорттук маалыматтар, телефондун байланыш номуру, аныктыгы);";
б) имараттын, курулманын жайгашкан жери;
в) ниеттердин жазылышы;
г) кыймылсыз мүлк бирдигине (имаратка жана курулмага) укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
д) эскиздик долбоор.
Пайдалануучу/ижарачы фасаддын паспортун даярдоо үчүн шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга өз алдынча кайрылуу укугуна ээ.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
арыз берүүчү тууралуу маалымат (телефондун байланыш номуру, паспорт, арыз берүүчү юридикалык жак болсо, уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөлөрү);
арыз берүүчү менен имараттын же курулманын ээсинин же анын курамдык бөлүгүнүн ортосунда кол коюлган ижара келишиминин көчүрмөсү.
23. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктоо берет.
24. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган 30 жумуш күндүн ичинде ушул Эрежелердин талаптарына ылайык фасаддын паспортун даярдайт.
25. Зарыл болгон учурда, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү имаратты, курулманы визуалдык кароо үчүн, анын ичинде арыз ээсинин өкүлдөрүн тартуу менен жерине барууларды жүзөгө ашырууга укуктуу.
26. Имарат, курулма тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасында жайгашкан учурда, фасаддын паспортунун долбоору бекитилгенге чейин белгиленген тартипте эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
Мында, ушул Эрежелердин 24-пунктунда көрсөтүлгөн фасаддын паспортун даярдоонун жалпы мөөнөтү, эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан макулдашуу алынганга чейин узартылат.
27. Фасаддын паспортун даярдоо бүтүндөй имараттын, курулманын фасады үчүн, жалпысынан ушул Эрежелерге ылайык келген азыркы ккирүүлөрдү, витриналарды, маалыматтык элементтерди, түзүлүштөрдү, жарнамалык конструкцияларды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
28. Жеке эскиздик долбоор ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келген учурда, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган жеке эскиздик долбоордун негизинде ушул Эрежелер тарабынан белгиленген тартипте фасаддын паспортун даярдайт жана бекитет.
29. Имараттын, курулманын фасадынын өзгөрүшү фасаддын паспортуна ылайык келиши керек. Фасаддын жаңы паспортун даярдабастан жана бекитпестен, фасаддын паспортуна ылайык келбеген фасадды өзгөртүүгө жол берилбейт.
30. Имараттын, курулманын фасадын өзгөртүү үчүн жеке жана юридикалык жактар шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга фасаддын архитектуралык чечиминин эскизи жана зарыл болгон учурда долбоордун авторунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кайрылышат.
4. Терезелер жана витриналар
31. Терезелердин жана витриналардын түзүлүштөрүнө, жабдууларына жана жасалгаларына коюлуучу талаптар төмөнкүлөр менен аныкталат:
фасаддын паспорту менен;
имараттардын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу менен;
жайларды пайдалануунун арналышы, мүнөзү менен;
имараттардын, курулмалардын негизги тирөөч конструкцияларынын техникалык абалы менен.
32. Терезелерди жана витриналарды жеке жабдуу жана жасалгалоо, ушул Эрежелердин 28-30-пункттары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
33. Терезелерди жана витриналарды өзгөртүү, анын ичинде алардын сырткы көрүнүшүнүн, түс чечиминин түзүлүүсү, өзгөрүүсү, терезе жылчыктарын жоюу, алардын тыш өлчөмдөрүн жана конфигурацияларын өзгөртүү, витриналык конструкцияларды орнотуу менен байланышкан аракеттер ушул Эрежелердин 29-30-пункттары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
34. Терезелердин, витриналардын түрлөрү жана жайгашуусу фасаддын паспорту, имараттын, курулманын конструкциялык тутуму, имараттын, курулманын жайларынын пландалышы жана арналышы менен аныкталат.
35. Жайгашкан орду боюнча төмөнкүлөр айырмаланат:
алдыңкы фасаддын витриналары;
алдыңкы фасаддын терезелери;
короо фасаддарынын терезелери;
жер төлө кабатынын терезелери;
туюк дубалдарда, брандмауэрлерде жайгашкан терезелер;
мансарддык терезелер;
чатырда (үн, чатырдык) жайгашкан терезелер.
36. Фасадда терезелердин жана витриналардын жайгашуусу, алардын тыш өлчөмдөрү, түзүлүшүнүн мүнөзү жана сырткы көрүнүшү фасаддын паспортуна ылайык келүүгө тийиш.
37. Ушул Эрежелер тарабынан белгиленген учурлардан тышкары, терезелердин, витриналардын тыш өлчөмдөрүн жана конфигурацияларын жайгаштырууга, өзгөртүүгө, алардын түрүнө жана жайгашуусуна карабастан, фасаддын паспортунда аныкталган фасаддын композициясын бузууга алып келүүчү жаңы жылчыктардын түзүлүшүнө же учурдагыларды жоюуга жол берилбейт.
38. Туюк дубалдарда, короо фасаддарында терезелерди оюуга, эгерде алар көчөдөн көрүнүп турса, жантаймалардын тереңдигин, жылчыктын архитектуралык профилин өзгөртүүгө, архитектуралык контурларды сактоодо жылчыктарды коюуга, жалган терезелердин түзүлүштөрүнө, жылчыкты бөлүктөргө бөлүүгө жол берилбейт.
39. Жоголгон терезе жылчыктарын калыбына келтирүү, салынган жылчыктарды ачуу, ошондой эле фасаддын алгачкы архитектуралык чечимин калыбына келтирүү боюнча башка чаралар ушул Эрежелердин 28-30-пункттары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
40. Терезе жылчыгын эшикке кайра түзүү шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган жайды кайра пландаштыруу, реконструкциялоо долбоорунун курамында фасаддын архитектуралык чечимине ылайык келген шартта, ушул Эрежелердин 5-главасынын талаптан эске алуу менен жол берилет.
41. Жайды кайра пландаштыруу, реконструкциялоо долбоорунун курамында фасаддын архитектуралык чечими имараттардын, курулмалардын фасаддарынын учурдагы кире бериштерин, витриналарын, маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, фасаддын паспортуна ылайык келген жарнамалык конструкцияларды эске алуу менен жалпысынан бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат.
42. Жайларды пайдалануунун мүнөзү өзгөргөндүгүнө байланыштуу, имараттардын, курулмалардын биринчи жана экинчи кабаттарынын терезе жылчыктарын, алардын түзүлүшүнүн жана жабдылышынын айрым мүнөздөмөлөрүн (терезе конструкцияларынын тыш өлчөмдөрүн, мукабаларынын (переплет) сүрөтүн, материалдарын) ушул глава тарабынан каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Эрежелердин 28-30-пункттарында белгиленген тартипте өзгөртүүгө жол берилет.
43. Терезелердин, витриналардын түзүлүшүнүн жана жабдуусунун негизги элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
архитектуралык жылчык;
жылчыкты архитектуралык жасалгалоо (жантаймалар, кырлар (наличник), тетиктер, жасалга элементтери);
терезе жана витрина конструкциялары (терезе жана витриналык блоктор, мукабалар);
айнектөө, жарык тунук бөлүгүн толтуруу;
терезе текчелери, суу бөлүштүрүү түзүлүштөрү.
44. Терезелердин, витриналардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын кошумча элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
коргоо түзүлүштөрү (торчолор, экрандар, жалюзилер;
витринаны тосуу;
чуңкурчалар (жер төлө жана цоколдук кабаттардын терезелери үчүн);
кондициялоо жана желдетүү тутумдарынын тышкы блоктору;
маркиздер;
витриналарды жасалгалоо;
көркөм кооздоп жарыктандыруу;
жашылдандыруу.
45. Терезелердин, витриналардын түзүлүштөрүнө жана жабдууларына карата жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
фасаддын жалпы архитектуралык жана түс чечимдерине ылайык комплекстүү мүнөз;
оңдоо, монтаждоо, жасалгалоо иштеринин, колдонулган материалдардын жана конструкциялардын талаптагыдай сапаты;
элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;
имараттын, курулманын фасадынын техникалык абалына жана сырткы көрүнүшүнө зыян келтирбестен орнотуу жана эксплуатациялоо;
терезелерди жана витриналарды талаптагыдай күтүү.
46. Терезелерди, витриналарды орнотуу жана жабдуу ченемдик актылардын, курулуш эрежелеринин жана ченемдеринин талаптарын эске алуу менен аткарылышы керек.
47. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
фасаддын паспорту менен белгиленген фасаддын түсүнө жана жасалгасына ылайык келбеген жантаймаларды жана кырларды сырдоого жана каптоого, жылчыктын айланасындагы фасаддын участогун фрагменттүү сырдоого же каптоого;
таш менен капталган үстүнкү бетин сырдоого;
жантаймалардын үстүнкү беттерин жана жасалгасын, жылчыкты архитектуралык жасалгалоо элементтерин (кырлар, профилдер, жасалга элементтери) бузууга;
туюк витриналардын түзүлүшүнө, айнектелген үстүнкү бетин сырдоого жана пленка менен жабууга, айнек блоктор менен айнектерди алмаштырууга, үстүнкү беттин тердешине жана конденсаттын пайда болушуна алып келген айнектерди сапатсыз түзүлүшүнө, ошондой эле терезе жылчыктарын жана витриналарды толук жапкан имараттардын, курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнамалык конструкцияларды жана башка маалыматтарды сырткы жайгаштырууга.
48. Айрым терезе блокторун оңдоодо жана алмаштырууда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
фасаддын паспортуна ылайык келбеген түс чечимин, мукаба сүрөтүн жана калыңдыгын, түзүлүштүн башка элементтерин жана терезелердин, витриналардын жабдууларын өзгөртүүгө;
фасад тегиздигине карата жылчыктагы терезе блогунун жайгашуусун өзгөртүүгө, витриналардын көрсөтүлгөн түзүлүшү фасаддын паспорту менен белгиленген учурларды кошпогондо, фасаддын тегиздигинен чыгып турган витриналардын түзүлүшүнө;
фасаддын сырткы көрүнүшүн бузган терезе кутусунун жана жылчыгынын ортосун бириктиргичтерди сапатсыз чечүүгө.
49. Эски терезе толтурмаларын заманбап терезе жана витрина конструкциялары менен алмаштырууга фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүн (мукабалардын сүрөтү жана калыңдыгы, түс чечими, түсүн жаңылоо жана материалдардын текстурасы) эске алуу менен фасаддын паспортуна ылайык жол берилет.
50. Тунук эмес, күңүрттөнгөн, күзгүлүү, түстүү айнектерди колдонууга ушул Эрежелердин 28-30-пункттары тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.
51. Терезелер жана витриналар фасаддын паспортуна ылайык терезе конструкцияларынын түсүнө же фасаддын негизги түсүнө окшош сырдалган текчелер, суу бөлүштүрүү тутумдары менен жабдылууга тийиш.
52. Торчолор фасаддын паспортуна ылайык жекече же типтүү долбоорлор боюнча аткарылат.
53. Фасаддын паспортунда каралбаган торчолорду орнотууга, ошондой эле фасаддын паспортунда каралган имараттардын жана курулмалардын фасаддарындагы торчолорду жоюуга жол берилбейт.
54. Фасаддын паспортунда каралбаган сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди орнотууга жол берилбейт.
55. Архитектуралык тетиктердин, жасалгалардын, фасаддын декорунун, жылчыктын архитектуралык жасалгасын бузуу менен торчолорду, тышкы коргоо экрандарын жана жалюзилерди орнотууга, жоюга жол берилбейт.
56. Торчолордун, тышкы коргоо экрандарынын жана жалюзилердин түс чечимдери фасаддын паспортуна, фасаддын архитектуралык көрүнүшүнө ылайык келүүсү зарыл.
57. Витриналардын тосмолору фасаддын паспортуна ылайык келүүгө, фасадда бирдиктүү мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө ылайык келүүгө тийиш.
58. Чуңкурчалар фасаддын паспортуна ылайык келүүгө, бирдиктүү мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө, жасалгалоо, түс материалдарына ылайык келүүгө тийиш.
59. Кондициялоо жана желдетүү тутумдарынын сырткы блокторун жайгаштырууга ушул Эрежелердин 7-главасы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жол берилет.
60. Маркиздерди жайгаштыруунун шарты болуп, бир маркиздин бир эшикке же бир терезеге жылчыгына дал келиши саналат. Маркиздерди бардык эшик, терезе жылчыктарынын жана витриналардын үстүнө жайгаштырууга жол берилет.
61. Фасадга маркиздерди жайгаштыруу бирдиктүү, иреттүү мүнөзгө ээ болууга, жылчыктын тыш өлчөмүнө жана контуруна ылайык келүүгө, архитектуралык тетиктердин, жасалганын, жасалгалоонун баалуу элементтеринин, даректөө белгилеринин көрүнүшүн начарлатпоого тийиш.
62. Маркиздерди архитектуралык тетиктерге, жасалга элементтерине, баалуу жасалгасы жана көркөм жасалгасы бар үстүнкү беттерине, фасаддын чегинде ар кандай бийиктикте бекитүүгө жол берилбейт.
63. Маркиздердин түсү фасаддын паспортунда каралган фасаддын түс чечими менен макулдашылышы керек.
64. Витриналарды жасалгалоо комплекстүү мүнөзгө, бирдиктүү түстүү чечимге жана жарыктандырууга, көркөм чечимдин жана аткаруунун жогорку сапатына ээ болууга жана фасаддын паспортуна ылайык келүүгө тийиш.
65. Маркиздерде жана витриналарда жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу талаптарына ылайык жарнамаларды жайгаштырууга, колдонуудагы уруксат берүүчү документтерде каралган жана ушул Эрежелер тарабынан белгиленген тартипти жана талаптарды сактоодо жол берилет.
66. Терезелерди жана витриналарды мезгилдик жашылдандыруу, архитектуралык чечимге жана фасаддын техникалык абалына зыян келтирбестен, иреттүү жайгаштырылып, бекем бекитилген конструкцияга ээ болушу керек.
67. Жашылдандыруу элементтеринин жайгашуусу жана сырткы көрүнүшү фасаддын эстетикалык жагымдуулугуна өбөлгө түзүп, анын жабдууларын жана жасалгаларын комплекстүү чечүүнү камсыз кылуусу зарыл.
Жашылдандыруу түзүлүштөрүндө зарыл болгон гидроизоляция, архитектуралык үстүнкү беттерди коргоо камсыз кылынууга тийиш.
68. Имараттарды, курулмаларды күтүү боюнча милдеттер жүктөлгөн имараттардын, курулмалардын менчик ээлери жана башка адамдар терезелердин жана витриналардын айнектерин жана жабдуу элементтерин дайыма тазалап турууну, терезелерди жана витриналарды учурдагы оңдоо иштерин камсыз кылышат.
5. Кирүү топторунун түзүлүшү жана жабдылышы
69. Кирүү топторунун түзүлүшүнө, жабдылышына жана жасалгаланышына коюлуучу талаптар төмөнкүлөр менен аныкталат:
фасаддын паспорту менен;
имараттын, курулманын архитектуралык-көркөм баалуулугу менен;
жайларды пайдалануунун арналышы, мүнөзү менен;
имараттын, курулманын негизги тирөөч конструкцияларынын техникалык абалы менен.
70. Кирүү топторун жекече жабдуу жана жасалгалоо ушул Эрежелердин 27-28-пункттары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
71. Кирүү топторунун жана жылчыктардын түзүлүшү, жабдылышы, алардын сырткы көрүнүшүн, түс чечимин өзгөртүү, кирүү топторун жоюу, тыш өлчөмдөрүн жана конфигурацияларын өзгөртүү, жылчыктарды орнотуу, эшик конструкцияларын, калканчтарды жана жабдуунун башка элементтерин орнотуу, тепкичтердин жана чуңкурчалардын түзүлүшү менен байланышкан аракеттер, ушул Эрежелердин 27-28-пункттары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
72. Кирүү топторунун түрлөрү жана жайгашуусу фасаддын паспорту, имараттын, курулманын конструкциялык тутуму, имараттын, курулманын жайларынын пландалышы жана арналышы менен аныкталат.
73. Кирүү топтору жайгашкан жери боюнча төмөнкүдөй айырмаланат:
алдыңкы фасадда жайгашкан;
короо фасадында жайгашкан;
биринчи кабаттын жайында жайгашкан;
жер төлө кабатынын жайында жайгашкан.
74. Фасадда кирүү топторунун жайгашуусу, алардын тыш өлчөмдөрү, түзүлүш мүнөзү жана сырткы көрүнүшү фасаддын паспортуна ылайык келиши керек.
75. Имараттардын, курулмалардын фасаддарында кирүү топторун жайгаштыруунун жана архитектуралык чечиминин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
фасадда жайгаштыруунун бирдиктүү мүнөзү жана тартиби;
фасаддын негизги композициялык окторуна байлоо;
кире бериштерди витриналар менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү.
76. Кошумча кирүү топторун жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү, фасаддын паспортун, жайлардын пландалышын, учурдагы кире бериштердин жайгашуусун, ошондой эле кире бериштердин архитектуралык чечимине зыян келтирбестен, бул фасадга жайгаштыруунун чектик тыгыздыгын эске алуу менен имараттын, курулманын фасадынын жалпы концепциясынын негизинде аныкталат.
77. Объекттин функционалдык багыты өзгөргөндө (турак жайдан турак эмес жайга), ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган, жайды кайра пландоо, багытын өзгөртүү же реконструкциялоо документтеринин курамында имараттын фасадынын архитектуралык чечимине ылайык келген шартта бир кире бериш топту түзүүгө жана жабдууга жол берилет.
78. Өрткө каршы ченемдердин талаптарын сактоо максатында, ушул Эрежелер тарабынан белгиленген талаптар сакталган шартта эки кире беришти жабдууга жол берилет.
79. Жайды кайра пландоо, багытын өзгөртүү же реконструкциялоо документтеринин курамындагы фасаддын архитектуралык чечими имараттын фасадынын учурдагы кире бериштерин, витриналарын, маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, фасаддын паспортуна ылайык келген жарнамалык конструкцияларды эске алуу менен жалпысынан бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат.
80. Фасаддын паспорту менен аныкталган фасаддын композициясынын бузулушуна алып келген, алардын түрүнө жана жайгашуусуна карабастан, кирүү топторун жайгаштырууга, тыш өлчөмдөрүн жана конфигурацияларын өзгөртүүгө, кошумча кире бериштердин түзүлүшүнө же учурдагыларын жоюуга жол берилбейт.
81. Долбоордо жана фасаддын паспортунда каралган имараттардын фасадындагы учурдагы кире бериштердин архитектуралык чечими жана композициялык мааниси сакталууга тийиш. Башка кирүү топторунун жайгашуусу, түзүлүшүнүн жана жабдууларынын мүнөзү долбоордо жана фасаддын паспортунда каралган фасаддагы кире бериштердин композициялык ролун бузбашы керек.
82. Имараттын алдыңкы фасадында кирүү топторунун түзүлүшү, кызыл сызыкка жана түзүлгөн курулуш сызыгына ылайык фасаддын архитектуралык композициясын максималдуу сактоо принциби менен имараттын ички мейкиндигинин эсебинен жүзөгө ашырылышы зарыл.
83. Имараттын, курулманын ички мейкиндигинен тышкары, ушул Эрежелер тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган фасаддын архитектуралык чечиминин негизинде, аларды кызыл сызыктардын чектеринде, тротуарлардан, өтмөктөрдөн жана жашылдандырылган аймактардан тышкары жайгаштыруу шартында кирүү топторун түзүүгө жол берилет.
Фасаддын көрсөтүлгөн архитектуралык чечими фасаддын паспортуна ылайык келген имараттардын, курулмалардын фасаддарынын учурдагы кире бериштерин, витриналарын, маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнамалык конструкцияларын эске алуу менен, жалпысынан бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат.
84. Кирүү топторун туюк дубалдарга жана брандмауэрлерге орнотууга зарыл долбоордук негиздемелер болгондо жана ушул Эрежелер тарабынан каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келгенде жол берилет.
85. Көп батирлүү үйдө жайгашкан турак жайга өзүнчө обочолонгон түздөн-түз көчөдөн кире беришке жол берилбейт.
86. Имараттын, курулманын алдыңкы фасадында жер төлө же цоколдук кабаттарындагы жайга кире беришти орнотуу, фасаддын архитектуралык композициясын максималдуу сактоо принциби менен имараттын, курулуштун ички мейкиндигинин эсебинен жүзөгө ашырылышы зарыл.
87. Имараттын, курулманын каптал фасадында жер төлө же цоколдук кабаттарындагы жайга кирүү топторун орнотууга, фасаддын архитектуралык композициясын максималдуу сактоо жана жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдун жана өрткө каршы техниканын өтүүчү жолунун минималдуу туурасын сактоо принцибине ылайык, зарыл долбоордук негиздемелер болгондо, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык жол берилет.
Жер төлө же цоколдук кабаттардагы жайлардын кире бериштери бүткүл фасаддын чегинде бирдиктүү чечимге ээ болууга, биринчи кабаттын кире бериштери менен макулдашып жайгашууга, фасаддын паспортуна ылайык келүүгө, жөө жүрүүчүлөрдүн жана транспорттун кыймылына тоскоолдук кылбоого тийиш.
88. Биринчи кабаттан, терезе жана эшик жылчыктарынан жогору же учурдагы терезе жана эшик жылчыктарынын деңгээлинен жогору жайгашкан кирүү топторун түзүүгө жол берилбейт.
89. Бардык кирүү топтору бүтүндөй фасаддын чегинде бирдиктүү архитектуралык чечимге ээ болууга, макулдашылып жайгашууга, фасаддын архитектуралык композициясын бузбоого, жөө жүрүүчүлөрдүн жана транспорттун кыймылына тоскоол болбоого тийиш.
90. Соода жана тейлөө объекттерине кире бериштер витриналарды орнотуу жана жасалгалоо менен, фасаддын көрсөтүлгөн объектке тиешелүү бөлүгүн жарнамалык жана маалыматтык жасалгалоо менен бирдиктүү комплексте чечилүүгө тийиш.
Соода жана тейлөө объекттерине тиешелүү фасаддын бөлүгүнүн комплекстүү чечими фасаддын паспорту менен аныкталган фасаддын жалпы композициясына ылайык келиши керек.
91. Жайларды пайдалануунун мүнөзү өзгөргөндүгүнө байланыштуу, имараттардын жана курулмалардын биринчи кабатынын кире бериштерин алардын түзүлүшүнүн жана жабдууларынын (эшик полотнолорун, калканчтарды, тепкичтерди) айрым мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен, ушул Эрежелердин 28-29-пункттары тарабынан белгиленген тартипте өзгөртүүгө жол берилет.
92. Ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган жайды кайра пландаштырууга, багытын өзгөртүүгө же реконструкциялоого документтердин курамында фасаддын архитектуралык чечимине ылайык келген шартта эшик жылчыгын терезеге кайра орнотууга жол берилет.
93. Кирүү топторунун түзүлүшүнүн жана жабдууларынын негизги элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
архитектуралык жылчыкча;
жылчыкчаны архитектуралык жасалгалоо (жантаймалар, кырлар, тетиктер, жасалга элементтери);
эшик толтургучтар;
калканчтар, бастырмалар;
баскычтар, тепкичтер, канаттар;
чуңкурчалар (жер төлө жайларына кирүү үчүн);
жарыктандыруу.
94. Кирүү топторунун түзүлүшүнүн жана жабдууларынын кошумча элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
коргоочу түзүлүштөр (торчолор, экрандар, жалюзилер);
багыттоо маалыматтарынын элементтери (көрнөктөр, кире бериштердин (подъезд), тепкичтердин, батирлердин номерин көрсөтүү менен тактачалар).
95. Кирүү топторунун түзүлүшү жана жабдуусу фасаддын паспортуна ылайык бирдиктүү мүнөзгө ээ болушу керек.
96. Кирүү топторунун түзүлүштөрүнө жана жабдууларына жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
фасаддын жалпы архитектуралык жана түс чечимине ылайык комплекстүү мүнөзү;
оңдоо, монтаждоо, жасалгалоо иштеринин, колдонулган материалдардын жана конструкциялардын талаптагыдай сапаты;
элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;
фасаддын техникалык абалына жана сырткы көрүнүшүнө, жөө жүрүүчүлөрдүн жана транспорт кыймылынын ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна зыян келтирбестен орнотуу жана эксплуатациялоо.
97. Кирүү топторунун түзүлүшү жана жабдуусу ченемдик укуктук актылардын, курулуш эрежелеринин жана ченемдеринин талаптарын эске алуу менен аткарылышы керек.
98. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
жантаймаларды жана кырларды сырдоого, фрагменттүү сырдоого, фасаддын паспорту менен белгиленген түскө жана фасаддын жасалгасына дал келбеген кире бериштин тегерегиндеги фасаддын участогун каптоого;
таш менен капталган үстүнкү бетин сырдоого;
жантаймалардын үстүнкү беттерин керамикалык плиталар менен каптоого;
жантаймалардын үстүнкү беттерин жана жасалгасын, жылчыктын архитектуралык жасалгалоо элементтерин (кырлар, профилдер, жасалга элементтери) бузууга.
99. Эшик толтургучтарды орнотууда, оңдоодо жана алмаштырууда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
имараттардын, курулмалардын алдыңкы фасаддарында туюк металлдан полотно орнотууга;
фасаддын паспортуна, фасаддагы башка кире бериштердин мүнөзүнө жана түс чечимине ылайык келбеген эшик толтургучтарды орнотууга;
эшик толтургучтарды, фасаддын чегиндеги терезе жана витрина конструкцияларын ар түрдүү сырдоого;
витриналар менен айкалыштырылган кире бериштерде туюк эшик полотно орнотууга;
фасаддын тегиздигине карата жылчыкта эшик блогунун жайгашуусун өзгөртүү;
имараттын фасадынын тегиздигинен чыгып турган кире бериштеринин түзүлүштөрүнө.
100. Эски эшик толтургучтарды заманбап эшик конструкциялары менен алмаштыруу фасаддын паспортуна ылайык жол берилет.
101. Калканчтар жана бастырмалар фасаддын паспортуна ылайык жекече жана типтүү долбоорлор боюнча аткарылат.
102. Фасаддын паспортунда каралган имараттардын, курулмалардын фасаддарында калканчтарды, бастырмаларды жоюуга жана фасаддын паспорту менен каралбаган, коопсуздук талаптарына жооп бербеген, фасаддын сырткы көрүнүшүн бузган калканчтарды жана бастырмаларды орнотууга жол берилбейт.
103. Турак жайлардын терезелеринин астында калканчтарды жана бастырмаларды орнотууга, имараттын негизги бөлүгүндө жайгашкан турак (турак эмес) жайлардан жогору полдун белгисинен ашпаган, чатырдын деңгээли туташтырылган жерлерде орнотулган шартта жол берилет.
104. Баскычтардын, тепкичтердин, канаттардын, чуңкурчалардын түзүлүшү, ченемдик талаптарга ылайык келип, пайдалануунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Түзүлүштүн мүнөзү, материалдары, түс чечими фасаддын паспортуна ылайык келүүгө тийиш.
105. Жер төлө кабатынын жайларына чуңкурчалары бар кире бериштерди орнотууга, тротуардын жана өтүү жолунун ченемдик туурасын эске алуу менен, жер астындагы инженердик тармактардын зонасынын чегинен тышкары, короо фасаддарында жол берилет.
106. Имараттарга жана курулмаларга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана имараттарга жана курулмаларга тепкичтер менен кирүү кыйын болгон башка адамдардын кирүүсүн камсыз кылуу максатында, имараттардагы жана курулмалардагы кире бериштердеги тепкичтер жантык жолдор (пандустар) жана кармагычтар менен жабдылышы керек.
107. Тепкичтердин үстүңкү бети одуракай болушу керек жана жылдын кайсыл мезгилинде болбосун тайгаланууга жол берилбеши керек. Адамдар үчүн коркунуч туудурган материалдарды жана конструкцияларды пайдаланууга жол берилбейт.
108. Ар кандай тегиздиктерде көрүнүп турган (ачык) тирөөч конструкциялык элементтери бар металл тепкичтерди жана тосмолорду, алар көчөдөн көрүнбөгөн шартта, короонун фасаддарында орнотууга жол берилет.
109. Сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди короо фасадынын биринчи кабатындагы турак эмес жайлардын кире беришине орнотууга жол берилет.
110. Кирүү топторунун сырткы коргоочу экрандарынын жана жалюзилердин түс чечими фасаддын паспортуна ылайык келүүгө, фасадда бирдиктүү мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө шайкеш келүүгө тийиш.
111. Сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди, архитектуралык тетиктерди, жасалгалоону, фасаддын жасалгасын, кооздоону жана жылчыктын архитектуралык жасалгасын бузуу менен орнотууга жана жоюуга жол берилбейт.
112. Кире беришти жарыктандыруу жарык архитектуралык чечимдин курамында каралууга жана фасаддын паспортуна ылайык келүүгө тийиш.
Кире бериштерди жарыктандырууда фасадды көркөм жарыктандыруу тутуму эске алынууга тийиш (фасаддын паспортуна ылайык ал бар болгон учурда).
113. Кире бериштерди мегилдүү жашылдандыруу жер үстүндөгү, дубалга орнотулган, асма түзүлүштөрдү пайдалануу менен каралат.
Дубалга орнотулган, асма түзүлүштөр фасаддын техникалык абалына зыян келтирбестен жайгаштырылышы, бекем бекитүү конструкциясына ээ болушу керек.
114. Кире бериштердин түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын элементтерин алмаштырууда, оңдоодо, эксплуатациялоодо, ушул Эрежелердин 29-30-пункттары тарабынан белгиленген тартипте алардын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилет.
6. Балкондор жана лоджиялар
115. Балкондорду жана лоджияларды орнотууга, жабдууга жана жасалгалоого коюлган талаптар төмөнкүлөр менен аныкталат:
фасаддын паспорту менен;
имараттардын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу менен;
имараттын, курулманын негизги тирөөч конструкцияларынын техникалык абалы менен.
116. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүшүн жана сырткы көрүнүшүн өзгөртүү менен байланышкан аракеттер (айнектөө, тосмолорду оңдоо же алмаштыруу, түс чечими), ушул Эрежелердин 28-29-пункттары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
117. Балкондордун жана лоджиялардын түрлөрү жана жайгашуусу, бузулган балкондорду жана лоджияларды калыбына келтирүү, тосмонун сүрөтү фасаддын паспорту, долбоор тарабынан каралган имараттын, курулманын конструкциялык тутуму менен аныкталат.
118. Жайгашкан орду боюнча төмөнкүлөр айырмаланат:
алдыңкы фасаддын балкондору жана лоджиялары;
короо фасаддарынын балкондору жана лоджиялары;
биринчи кабаттын лоджиялары;
мансарддык балкондор жана лоджиялар.
119. Фасаддардагы балкондордун жана лоджиялардын архитектуралык чечиминин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
фасаддын (фасаддардын) бүтүндөй бетиндеги бирдиктүү мүнөзү;
кабаттар боюнча топтом (фасаддын кабат боюнча бөлүнүшүнө ылайык бирдиктүү мүнөз);
вертикалдык топтом (вертикалдык ички коммуникацияларды, эркерлерди жайгаштырууга ылайык бирдиктүү мүнөз);
фасаддын (фасаддын бөлүктөрүнүн) толук айнектелиши.
120. Балкондорду жана лоджияларды жабдуу жана жасалгалоо, алардын айнектелиши, түс чечими фасаддын паспортуна ылайык келиши керек.
121. Эркин айнектөөгө жана тыш өлчөмдөрүн өзгөртүүгө, түс чечимин, тосмолордун сүрөтүн жана балкондордун, лоджиялардын түзүлүшүнүн жана жабдууларынын башка элементтерин өзгөртүүгө, жаңы балкондордун жана лоджиялардын түзүлүшүнө же фасаддын паспорту менен аныкталган фасаддын композициясын бузууга алып келген учурдагыларын жоюуга жол берилбейт.
122. Имараттардагы балкондорду жана лоджияларды кайра курууга, өзгөртүүгө, реконструкциялоого, капиталдык оңдоого курулуш ченемдерине жана эрежелерине, ошондой эле ушул Эрежелердин 28-29-пункттарынын талаптарына ылайык, фасаддын бирдиктүү комплекстүү чечими сакталган шартта жол берилет.
123. Жайларды пайдалануунун функционалдык арналышынын мүнөзүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу, ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен, фасадды бирдиктүү комплекстүү чечүү шартында имараттардын, курулмалардын биринчи кабатындагы лоджияларды алардын түзүлүшүнүн жана жабдууларынын айрым мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен реконструкциялоого жол берилет.
124. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн, жабдууларынын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
архитектуралык жылчыктар;
тосмолор;
жылчыкты архитектуралык жасалгалоо;
айнектөө конструкциясы;
вертикалдык жашылдандыруу түзүлүштөрү.
125. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн, жабдууларынын кошумча элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
жасалга торчолору;
коргоо торчолору;
тосмолор;
кондициялоо жана желдетүү тутумдарынын сырткы блоктору;
маркиздер;
көркөм жарыктандыруу;
жашылдандыруу.
126. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнө, жабдууларына жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
фасаддын жалпы архитектуралык жана түс чечимине ылайык комплекстүү мүнөзү;
оңдоо, монтаждоо, жасалгалоо иштеринин, пайдаланылган материалдардын жана конструкциялардын жогорку сапаты;
элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;
фасаддын техникалык абалына жана сырткы көрүнүшүнө зыян келтирбестен орнотуу жана эксплуатациялоо;
талаптагыдай абалда күтүү.
127. Фасаддын архитектуралык чечиминин биримдиги жагынан балкондордун жана лоджиялардын түзүлүшүнүн, жабдууларынын эң маанилүү мүнөздөмөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
жылчыктардын архитектуралык формасы;
терезе жана витрина конструкцияларынын түсү;
мукабалардын сүрөттөрү;
терезе конструкцияларынын профилинин туурасы, анын айнек тегиздигине карата жайгашуусу;
жантаймаларды жасалгалоо жана сырдоо;
терезе жана витрина конструкцияларынын материалы.
128. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
жылчыктардын архитектуралык формасын эркин өзгөртүүгө;
тосмолордун мүнөзүн (түсүн, сүрөтүн, тунуктугун) эркин өзгөртүүгө;
айнектерди, тосмо конструкцияларды орнотуу, фасаддын бөлүгүнүн архитектуралык чечимин өзгөртүү менен балкондорду жана лоджияларды санкцияланбаган реконструкциялоого;
балкондун же лоджиянын чегинде фасаддын участогун фрагменттүү сырдоого же каптоого.
129. Имараттын жана курулманын ишенимдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун конструкциялык жана башка мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү балкондорду жана лоджияларды реконструкциялоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте экспертизадан өткөн макулдашылган долбоордук документтердин негизинде жол берилет.
130. Балкондордун жана лоджиялардын жабдууларынын кошумча элементтерин орнотуу жана жасалгалоо ушул Эрежелер тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
131. Имараттарды жана курулмаларды күтүү боюнча милдеттер жүктөлгөн имараттардын, курулмалардын ээлери жана адамдар жабдуулардын элементтерин үзгүлтүксүз тазалоону, балкондорду, лоджияларды жана тосмо конструкцияларды учурдагы оңдоону камсыз кылууга тийиш.
132. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын элементтерин алмаштырууда, оңдоодо, эксплуатациялоодо фасаддын паспорту менен белгиленген алардын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилбейт.
7. Фасаддарды кошумча жабдуу
133. Фасаддардын кошумча жабдуулары болуп имараттардын, курулмалардын ички эксплуатациялоону техникалык камсыздоо тутумдары жана фасаддарда жайгаштырылуучу жабдуулардын элементтери саналат.
134. Фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштырууга коюлган талаптар төмөнкүлөр менен аныкталат:
фасаддын паспорту менен;
имараттардын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу менен;
имараттын, курулманын негизги тирөөч конструкцияларынын техникалык абалы менен.
135. Фасаддарды кошумча жабдуунун түрлөрү:
а) имараттарды ички эксплуатациялоону техникалык камсыздоо тутумдары:
кондициялоо жана желдетүү тутумдарынын сырткы блоктору;
антенналар;
б) шаардык жабдуулар:
почта кутучалары;
таксофондор;
банкоматтар жана төлөм терминалдары;
сааттар;
в) техникалык жабдуу:
тышкы байкоо видеокамералары;
шаардык жүргүнчүлөр үчүн электр транспортунун кыймылын, шаардын аймагын жарыктандырууну, кабелдик линияларды, дубал электр калкандарын, фасадды көркөм жарыктандыруу тутумдарын камсыз кылуу үчүн жабдуулар.
136. Фасаддардын кошумча жабдуулары унификацияланган сырткы көрүнүшкө жана практикалык арналышка ээ болушу керек.
137. Фасаддардын кошумча жабдууларынын курамы жана жайгашкан орду архитектуралык чечимге жана фасаддын жасалгасына байланган болушу керек.
138. Имараттардын, курулмалардын фасаддарынын кошумча жабдууларын жайгаштырууга карата жалпы талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
фасаддардын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбестен фасаддын паспорту менен аныкталган жерлерге жайгаштыруу;
архитектуралык үстүнкү беттер менен минималдуу байланыш, бекиткичтердин сарамжалдуу түзүлүшү жана технологиялуулугу, бекитүүнүн стандарттык конструкцияларын колдонуу;
адамдар үчүн коопсуздук;
фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштыруунун комплекстүү чечүү;
жашоо шарттарын, жөө жүрүүчүлөрдүн жана транспорттун кыймылын начарлатпаган жайгаштыруу;
эксплуатациялоо жана тейлөө ыңгайлуулугу.
139. Имараттарды ички эксплуатациялоону техникалык жактан камсыз кылуунун элементтерин жайгаштырууга төмөнкү талаптар сакталган учурда жол берилет:
алдыңкы фасаддын бетинен тышкары жайгаштыруу;
фасаддын бетине техникалык түзүлүштөрдүн минималдуу чыгышы;
жыйнактуу кошо курулуп жайгашуусу;
сырткы блокторду, тетиктерди чүмбөттөө;
жалпы негизги тирөөчкө бир катар элементтерди топтоо;
фасаддагы октордун бирдиктүү тутумуна байлоо.
140. Шаардык жабдуулар үчүн орун тандоо төмөнкүлөр менен аныкталат:
райондун, кварталдын, көчөнүн чектеринде жабдууларды жайгаштыруунун тармактык тутуму менен;
жайгаштыруу орундарын унификациялоо менен;
визуалдык жана физикалык жеткиликтүүлүгү, пайдалануунун ыңгайлуулугу менен;
фасаддын паспорту, кошумча жабдуулардын башка элементтерин жайгаштыруу менен.
141. Техникалык жабдууларды жайгаштыруу параметрлери фасаддын паспорту менен байланышта инженердик тармактардын түзүлүшүнүн ченемдик талаптары менен аныкталат.
142. Дубалдагы диаметри 0,15 метрге чейинки тешик аркылуу аба берүү менен сырткы блогу жок, тосмо тор менен жашырылган кондициялоо жана желдетүү тутумдарын курууга чектөөсүз жол берилет.
143. Кондициялоо жана желдетүү тутумдарынын сырткы блокторун төмөнкүлөргө жайгаштырууга жол берилбейт:
алдыңкы фасаддардын үстүнө;
көчөдөн көрүнгөн короо жана каптал фасаддарына (лоджияларга жана балкондорго жайгаштыруудан тышкары);
жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлардын үстүнө;
чүмбөттөлгөн тосмолорду пайдаланбастан, фасаддын тегиздигинен ашып терезе жылчыктарына;
архитектуралык тетиктерге, жасалга элементтерине, баалуу архитектуралык жасалгалуу беттерге жайгаштырууга, ошондой эле архитектуралык үстүнкү беттердин бузулуусуна алып келген бекиткичтерге.
144. Антенналарды төмөнкүлөргө жайгаштырууга жол берилет:
имараттардын жана курулмалардын чатырына - бирдиктүү негизги тирөөчтү пайдалануу менен чакан иреттелген топтор менен (зарыл болсо - тосмо орнотуу менен);
лоджиянын жана балкондун тегиздигинен чыгарбастан, лоджияларга жана балкондорго - бир кыйла көрүнбөгөн жерлерге.
145. Антенналарды төмөнкүлөргө жайгаштырууга жол берилбейт:
имараттардын, курулмалардын фасаддарына;
жеке долбоор менен курулган жана шаардын ансамблинде олуттуу орунду ээлеген заманбап имараттардын фасаддарына;
көрүнүктүү силуэт менен имараттардын чатырына, имараттардын жана курулмалардын силуэт жасалгаларына (мунараларга, куполдорго), чатыр дубалдарына, чатырдын тосмолоруна, желдетүү түтүктөрүнө;
балкондордун, лоджиялардын тосмолоруна.
146. Кондициялоо жана желдетүү тутумдарынын сырткы блоктору фасаддын паспортунда аныкталган жерлерде иреттүү түрдө, октордун бирдиктүү тутумуна байлоо менен, бекитүүнүн жана тосмонун стандарттуу конструкцияларын колдонуу менен, бир катар элементтерди жайгаштырууда - жалпы тирөөч өзөккө жайгаштырылышы керек.
147. Тышкы байкоо видеокамералары бастырмалардын, калканчтардын, балкондордун, эркерлердин астында, фасаддын архитектуралык тетиктеринен, жасалгасынан, баалуу жасалгалоо элементтеринен бош участокторунда жайгаштырылат.
148. Тышкы байкоо видеокамераларын түркүктөрдө, чатыр фронтондордо, жээктемелерде, пилястраларда, порталдарда, калканчтарда, балкондордун цоколдорунда жайгаштырууга жол берилбейт.
149. Почта кутучалары жана таксофондор бир кыйла жеткиликтүү жерлерде, фасаддын архитектуралык тетиктеринен, жасалгасынан, баалуу жасалгалоо элементтеринен бош жерлеринде, тротуардын туурасы фасадга жанаша жаткан 1,5 метрден кем эмес болгон участокто жайгаштырылат.
150. Почта кутучаларын жана таксофондорду төмөнкүлөрдө жайгаштырууга жол берилбейт:
архитектуралык-көркөм баалуулукту көрсөткөн имараттардын, курулмалардын фасаддарында;
жөө жүрүүчүлөрдүн жана транспорттун кыймылына тоскоол кылган жерлерде;
турак жайлардын терезелерине түздөн-түз жакын жерде;
порталдарда, түркүктөрдө жана фасаддын башка пластикалык элементтеринде.
151. Сааттар фасаддын олуттуу көрүнүктүү зонадагы участогунда жайгаштырылат:
биринчи же экинчи кабаттардын деңгээлинде фасаддын бурчтук участокторунда фасаддагы башка консолдук объекттерден жана фасаддын чыгып турган элементтеринен (эркерлер, балкондор) 5 метрден кем эмес аралыкта консолдук түрдө;
имараттын кире беришинин үстүндө же кире беришинин жанында;
орто дубалдардын окторуна, фасаддагы консолдук объекттерди жайгаштыруунун вертикалдык координациясына ылайык.
152. Банкоматтарды жана төлөм терминалдарын фасаддарга төмөнкү учурларда жайгаштырууга жол берилет:
бирдиктүү тегиздикти жана витрина толтурмаларынын жалпы мүнөзүн сактоо шартында витринанын көлөмүндө орнотулган;
коңулда же кире бериш катары колдонулбаган шартта эшик жылчыгына жалпы архитектуралык чечимди, жылчыктын тыш өлчөмдөрүн сактоо менен орнотулган;
фасаддарда орнотулган банкоматтар жана төлөм терминалдары эч кандай кошумча тосмолорсуз жайгаштырылышы керек.
153. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу электр транспортунун кыймылын, шаардын аймагын жарыктандырууну камсыз кылуу үчүн жабдууларды фасаддарга бекитүү, фасаддын техникалык абалына жана сырткы көрүнүшүнө зыян келтирбестен ченемдик талаптардын негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш.
Көрсөтүлгөн жабдууну архитектуралык тетиктерге, фасаддын декор жана жасалгалоо элементтерине бекитүүгө жол берилбейт.
154. Фасаддын кошумча жабдууларынын сырткы көрүнүшүнө жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
унификациялоо;
чакан тыш өлчөмдөрү;
заманбап технологиялык чечимдерди колдонуу;
жогорку декоративдик жана эксплуатациялык касиеттери бар материалдарды колдонуу.
155. Фасаддын кошумча жабдууларын даярдоо үчүн колдонулуучу материалдар климаттык шарттарды эске алуу менен, декоративдик жана эксплуатациялык касиеттерин өзгөртпөстөн, узак кызмат өтөө мөөнөтүнө туруштук бериши керек, коррозияга каршы узак мөөнөттүү туруктуулукка, жеңил салмакка ээ болушу керек.
156. Фасаддын кошумча жабдууларынын бекитүүчү конструкциялары архитектуралык үстүнкү беттер менен эң аз жакындашуу чекиттерине ээ болууга, монтаждоонун жана демонтаждоонун жөнөкөйлүгүн, эксплуатациялоонун коопсуздугун, оңдоонун ыңгайлуулугун камсыз кылууга тийиш. Өндүрүш технологиялары кошумча жабдуулардын механикалык таасирлерге туруктуулугун камсыз кылууга тийиш.
157. Кондициялоо жана желдетүү тутумдарынын жана техникалык жабдуулардын сырткы блоктору архитектуралык фонго (фасаддын түсүнө, айнектин тонуна) мүмкүн болушунча жакын орточо түскө ээ болууга тийиш.
158. Дубалдын же чатырдын жарык фонунда жайгашкан антенналар ачык түстө болушу керек. Дубалдын караңгы фонунда жайгашкан антенналар архитектуралык үстүнкү беттин тонуна жакын караңгы тонго ээ болушу керек.
159. Фасаддын кошумча жабдууларын бекитүүчү конструкциялар фасаддын түсүнө жакын нейтралдуу түскө ээ болушу зарыл.
160. Эксплуатациялоо процессинде кошумча жабдуу учурдагы оңдоо жана техникалык кароо, тазалоо иштерин жүргүзүү менен талаптагыдай абалда күтүлүшү керек.
161. Фасаддын кошумча жабдууларын эксплуатациялоо фасаддын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбөөгө, айланадагыларга ыңгайсыздык жаратпоого тийиш.
8. Маалыматтык конструкциялар
162. Маалыматтык конструкциялар - жарнамадан тышкары, маалыматты таратуу үчүн арналган конструкциялар, курулмалар, техникалык куралдар, көркөм элементтер жана башка алып жүрүүчүлөр.
163. Ушул Эрежелер менен маалыматтык конструкциялардын төмөнкү түрлөрү аныкталган:
1) Көрнөк - имараттын, курулманын, курулуштун фасадында жана стационардык эмес соода объекттеринде, жеке жана юридикалык жактар жайгашкан же иш-аракеттерин жүзөгө ашырган жерде жайгаштырылуучу, компаниянын логотибин жана аталышын камтыган ири маалыматтык конструкция.
Көрнөк иш-аракеттердин багытын көрсөтүү менен жеке жактын маалыматтары же юридикалык жактын аталышы жөнүндө адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө маалымдоо үчүн арналган.
Дубал конструкциялары жайлардын кире беришинин же терезелеринин (витриналарынын) үстүндө, фасаддын чегинде орнотулган башка дубал конструкциялары менен бирдей горизонталдык огунда, биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы жабуу сызыгынын деңгээлинде же болбосо көрсөтүлгөн сызыктан төмөн жайгаштырылат.
Имараттын, курулманын сырткы беттеринде газ менен жабдуу жана (же) суу чыгаруу тутумунун (суу түтүк) элементтеринин көрнөктөрү жайгашкан жерде дубал конструкцияларын жайгаштыруу көрсөтүлгөн тутумдардын коопсуздугун камсыз кылган шартта жүзөгө ашырылат.
Объекттин бир фасадына бир эле учурда бир нече уюмдардын көрнөктөрү жайгаштырылганда, көрсөтүлгөн уюмдардын көрнөктөрү бир горизонталдык сызыкта (бир деңгээлде, бийиктикте) бир бийиктик катарында жайгаштырылат.
Объекттин фасадында фриз болгон учурда дубал конструкциясы фризге жайгаштырууга уруксат берилген дубал көрнөктөрүнүн конструкцияларынын фризине гана жайгаштырылат, көлөмдүү символдорду (алдына салгычты пайдаланбастан же алдына салгычты пайдалануу менен) билдирет.
Фризде, алдына салгыч жайгашкан дубал конструкциясын пайдаланууда тиешелүү уюмдар, жеке ишкерлер ээлеген жайлардын физикалык өлчөмдөрүнө ылайык келген көрсөтүлгөн алдына салгыч фриздин узундугуна жайгаштырылат. Фризге дубал конструкциясын жайгаштыруу үчүн колдонулган алдына салгычтын бийиктиги фриздин бийиктигине барабар болушу керек. Көлөмдүү символдор түрүндө фризге жайгаштырылуучу маалыматтык талаанын (текст бөлүгүнүн), ошондой эле дубал конструкциясынын декоративдик-көркөм элементтеринин жалпы бийиктиги фриздин бийиктигинин 70 пайызынан ашпоого тийиш (негизги шрифттин өлчөмүнүн чегинен тышкары кичине жана баш тамгалардын алып чыгуучу элементтеринин бийиктигин, ошондой эле декоративдик-көркөм элементтердин бийиктигин эске алуу менен), ал эми алардын узундугу - фриздин узундугунун 70 пайызынан ашпоого тийиш. Фризде дубал конструкциясында колдонулган көлөмдүү символдор бирдиктүү горизонталдык окто жайгаштырылышы керек. Бир фризге бир нече дубал конструкциялары жайгаштырылган учурда, алар үчүн көлөмдүү символдорду жайгаштырууга бирдиктүү алдына салгыч уюштурулушу мүмкүн.
Объекттин фасадында калканч бар болсо, дубал конструкциясы көрсөтүлгөн фриздин тыш өлчөмдөрүндө гана калканчтын фризинде жайгаштырылышы мүмкүн.
Дубал конструкциясын түздөн-түз калканчтын конструкциясына жайгаштырууга тыюу салынат.
Тарыхый-маданий мурас объекттеринин жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасынын чектеринде жайгашкан объекттердин фасаддарында жайгаштырылуучу дубал конструкцияларынын маалыматтык талаасы өзүнчө элементтерден (тамгалар, белгилер, декоративдик элементтер) жасалууга тийиш.
Тунук негиз түрүндө алдына салгычты пайдалануу мүмкүнчүлүгү маданий мурас объекттерин коргоо органы менен макулдашуу боюнча көрнөктөрдү жайгаштыруунун эскиздик долбоору менен аныкталат.
Уникалдуу маалыматтык конструкциялар:
монументалдык-декоративдик искусствонун объектиси болгон көрнөктөр (барельефтер, горельефтер, скульптура);
жазуу техникасында, мозаикалык паннодо аткарылган көрнөктөр;
тарыхый көрүнүшү имараттын архитектуралык долбоору менен аныкталган, ушул Эрежелер күчүнө кирген күнгө чейин ишке ашырылган көрнөктөр;
архитектуралык элементтер жана объекттин сырткы беттеринин жасалгасы болуп саналган көрнөктөр.
Уникалдуу маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) жайгаштыруу көрнөктү жайгаштыруунун эскиздик долбооруна ылайык жүзөгө ашырылат.
Объекттин бир фасадына бир эле учурда бир нече уюмдардын көрнөктөрү жайгаштырылганда, аталган уюмдардын көрнөктөрү бир горизонталдык сызыкта бир бийиктик катарында (бир деңгээлде, бийиктикте) жайгаштырылат.
Көрнөк үйдүн архитектуралык көрүнүшүнө жарашыктуу болуусу, имараттын биринчи жана экинчи кабаттарынын ортосунда жайгашуусу, кечки убакта жеке ички же тышкы жарык булактары менен жарыктандырылуусу зарыл. Көрнөктүн жарыгы жылтылдабаган, күңүрт жарык болуп, турак жайлардын терезелерине түз багытталган нурларды жаратпашы керек.
Көрнөктөргө декоративдик элементтерди, ошондой эле белгиленген тартипте товардык белгилер же тейлөө белгилери катары катталган тексттик, графикалык сүрөттөрдү же башка комбинацияларды жайгаштырууга жол берилет.
Көрнөк:
жарнама катары пайдаланылбашы;
экинчи кабаттын терезе жылчыгынын түпкү деңгээлинен жогору чыкпоосу;
терезелерди, декорду жана архитектуралык элементтерди тоспоосу керек.
2) Маалыматтык тактачалар - уюм жөнүндө маалыматты, анын иш шарттамын чагылдырып, эшиктин кире беришинде, витриналардын айнектеринде да, келүүчүлөргө жакшы көрүнүштү камсыз кылуучу бийиктикте жана жерде жайгаштырылышы мүмкүн.
Тактачалардын үч түрү бар: жалгыз жана топтоштурулган. Жалгыз тактачада уюмдун аталышы, логотиби, иш-аракетинин түрү, иштөө убактысы, дареги жайгаштырылышы мүмкүн. Топтоштурулган тактачаларда уюмдун аталышы, логотиби, иш-аракетинин түрү, имараттын кабаты, кеңсе номерлери жайгаштырылышы мүмкүн.
Ижарага берүүчүлөр көп болгон имараттарда топтоштурулган тактачаларды колдонуу орундуу болот. Бул үчүн ижарага берүүчү уюмдардын тактачалары үчүн бирдиктүү модулдук орунду бөлүп бериши керек. Бул учурда алардын бардыгы бирдей өлчөмдө, бир эле материалдан жана бир эле стилистикада жасалышы керек.
Негизги талаптар:
тактачалар түздөн-түз имараттын кире беришинде жайгаштырылат;
тактачалар үйдүн фасадында же айнектелген кире бериште жайгаштырылышы мүмкүн;
имараттын ар бир кире беришинде эки же андан көп бир типтүү тактачалар жайгаштырылышы мүмкүн.
имараттын бир кире беришинде эки окшош тактачанын жайгашуусуна жол берилбейт;
айнектелген кире бериште жалгыз тактача гана жайгаштырылышы мүмкүн;
кире бериш эшиктеринин айнектерине алдына салгычы жок тактачаларды жайгаштырууга жол берилет;
кирүүчү эшиктин айнегине уюмдун аталышын, анын дарегин жана иш шарттамын жана үйдүн фасадындагы кире бериште аталышы гана жазылган дагы бир тактаны жайгаштырууга жол берилет;
маалыматтык конструкциялар архитектуралык элементтерден бош болгон фасаддын тегиз участокторунун көрүүгө мүмкүн болгон жеринде, имараттын, курулманын же жайдын түздөн-түз кире беришинде (оң же сол жагында) же бул маалыматтык конструкцияда камтылган маалыматтар уюм, жеке же юридикалык жак иш жүзүндө турган (иш жүргүзгөн) жайдын кире бериш эшиктеринде жайгаштырылат;
бир объекттеги бир уюм, жеке же юридикалык жак үчүн бир маалыматтык конструкция (тактача) орнотулушу мүмкүн;
терезе жылчыктарына маалыматтык конструкцияларды (тактачаларды) жайгаштырууга жол берилбейт.
Маалыматтык тактанын мазмунун милдеттүү шарты болуп так кабыл алуу үчүн белгилер киргизилүү болуусу керек. Тактадагы бардык чагылдырылуулар (уюмдун аталышы, ишинин түрү, иш мерчеми) Брайл рельефдик-так шрифт менен аткарылышы керек. Тактага кошумча жагдайлык жардам көрсөтүү үчүн персоналды чакыруу кнопкасы орнотулушу керек. Чакыруу кнопкасы полдон 1,2-1,6 метр бийиктикте орнотулат.
3) Маркиздер - жарнамалык маалымат жазылган калканч жана бастырма түрүндө аткарылган, имараттардын жана курулмалардын витриналарынын үстүндө, кире беришинде же оюк жерлеринде жайгаштырылуучу тышкы жарнама жана маалымат каражаттары. Маркиздер имаратка бекитилүүчү элементтерден, каркастан жана жумшак же катуу негизде аткарылган маалыматтык талаадан турат.
Маркиздер биринчи кабатта, терезелер менен эшиктердин үстүнө орнотулат. Аларга компаниянын логотиби жана аталышы гана жайгаштырылышы мүмкүн. Кошумча макулдашуу боюнча маркиздер үйдүн бардык терезелерине жайгаштырылышы мүмкүн.
Маркиздер ээлеген жайынын терезелеринин үстүндө бирдей горизонталдык окто, биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы сызыктын деңгээлинде, же бул сызыктан төмөн жайгаштырылат.
Маркиздер бир конструкциянын окшош өз ара байланыштагы элементтеринин комплекси түрүндө жайгаштырылышы керек, витринанын, терезенин же эшик жылчыгынын аянтынын 30%дан ашыгын ээлебеши керек, узун маркиздерге жол берилбейт.
Түс гаммасы имараттын, курулманын түс гаммасы менен шайкеш келиши керек же аны так кайталашы зарыл.
Мезгилдүү кафени жайгаштыруу мезгилинде коомдук тамактануунун стационардык ишканасынын алдында бул мезгилдик кафени жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу маркиздерге жана кол чатырларга жазууларды түшүрүү жолу менен маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) жайгаштырууга жол берилет. Жайгаштырылуучу көрнөктөрдүн параметрлери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген техникалык талаптар менен аныкталат.
4) Кронштейн - имараттарга жана курулмаларга перпендикуляр орнотулган, ички же тышкы жарыктандыруусу бар жана объект жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн арналган чоң эмес эки жактуу маалыматтык конструкция.
Кронштейнди жайгаштыруу кандайдыр бир себептерден улам уюмдун маалыматтык көрнөгү үчүн болжолдуу жер жок болгон учурда гана мүмкүн болот.
Кронштейндеги маалыматтын курамы көрнөктө жайгаштырылуучу маалыматка дал келиши керек. Кронштейнде уюмдун логотиби, аталышы жана анын иш-аракетинин тиби жайгаштырылышы мүмкүн. Маалыматтык тегиздиктин аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
Кронштейн мүмкүн болгон маалыматтык көрнөктөрдүн деңгээлинде жайгаштырылууга жана жылтылдаган жарык булактары болбоого тийиш. Бир тараптуу кронштейндерди орнотууга жол берилбейт.
Бирден ашык кронштейнди орнотууга жол берилбейт.
5) Витрина - товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспозициясы үчүн, имараттын ичинде товардын экспозициясын көчөдөн көрүүгө мүмкүндүк берген, алардын мазмунун жана сатып алуучулар тарабынан керектөө өзгөчөлүктөрүн маалымдоо, ошондой эле уюм тууралуу маалыматты жайгаштыруу үчүн арналган имараттын, курулуштун, курулманын экстерьеринин айнектелген бөлүгү.
Витриналарга жалпы талаптар:
витрина милдеттүү түрдө анын арналышын ачып турган товардык продукция менен жасалгаланып, кечки убакта жарыктандырылып турушу керек;
витриналарда сатылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө ар кандай маалыматты жайгаштырууга уруксат берилет, мында товарлар жөнүндө маалымат саны жана көлөмү (70% жана ашык) боюнча басымдуулук кылышы керек;
витриналарда жалпы мамлекеттик же шаардык майрамдарга жана башка коомдук иш-чараларга арналган майрамдык маалыматтарды жайгаштырууга уруксат берилет.
Витринанын ички жагындагы айнегинен витриналык конструкцияга чейинки аралык 0,15 метрден кем эмес болушу керек.
Витринанын айнектелген ички жагынан витринага жайгаштырылуучу витриналык конструкциялардын (электрондук алып жүрүүчүлөр - экрандарды жана таблолорду кошуу менен) максималдуу өлчөмү витринанын айнегинин өлчөмүнүн жарымынан ашпоого тийиш. Мында витриналык конструкциялар мукабалардын так чектеринде жайгаштырылууга тийиш.
Витриналар үйдүн жана жалпы көчөнүн сырткы көрүнүшүн аныктайт, ошондуктан алар туюк (глухой) дубалдардын эмес, имараттын ичинде мейкиндик туюмун жаратышы керек.
Туюк витриналарга, толугу менен пленка менен жабылган витриналарга кескин тыюу салынат.
6) Мекемелик такталар - уюмдун толук катталган юридикалык аталышын, ведомстволук тийиштүүлүгүн чагылдырат. Мекемелик такталар имараттын кире беришине жайгаштырылат.
7) Мемориалдык (эстелик) такта - тексттик эстеликтин жанры болгон монументалдык искусствонун бир түрү, ал жарандардын тарыхындагы, жашоосундагы жана иш-аракеттериндеги олуттуу окуяларды кыскача түрдө белгилөөгө арналган. Ал имараттардын, курулмалардын фасаддарына, интерьерине жана жабык же тосулган аймактарга жана башка жерлерге орнотулат.
Мемориалдык такта эки метрден кем эмес бийиктикте оңой көрүнгөн жерлерге орнотулат. Мемориалдык тактанын жанындагы имараттын, курулманын дубалында мемориалдык тактанын текстине байланышпаган башка маалыматтар (жарнама, кулактандыруулар) болбошу керек.
Эстелик такталарынын композициясына тексттен тышкары портреттик сүрөттөр жана декоративдик элементтер кириши мүмкүн.
Эстелик такталары узакка чейин пайдалана турган материалдардан гана жасалышы керек.
8) Эстелик белгилер - тарыхый окуя жөнүндө маалымдаган же тарых, маданият же архитектура эстелиги болуп саналып, сакталбаган имараттардын жана башка объекттердин жайгашкан жерлерин көрсөткөн же көчөлөрдүн аталышын, ошондой эле кайра атоого дуушар болгон көчөлөрдүн тарыхын түшүндүргөн маалыматтык такталар (тактачалар).
9) Көрсөткүчтөр - көчөлөрдүн, аянттардын, кирмелердин, кыска көчөлөрдүн, долбоорлонуп жаткан (номерлүү) кирмелердин, проспекттердин, шоссенин, суу жээктеринин, гүл бакчалардын, туюк көчөлөрдүн, бульварлардын, аллеялардын, линиялардын, көпүрөлөрдүн, жол көрсөткүчтөрдүн, эстакадалардын аталыштары жана үйлөрдүн номерлери (көчө аншлагдары); картографиялык маалымат, шаардык жүргүнчүлөр транспортунун кыймылынын каттамдары (схемалары) жана ырааттамалары; мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жайгашкан орду жөнүндө маалыматты камтыган объекттер.
Турак жай үчүн ылайыкталган көмөкчү жана убактылуу курулуштар (сарайлар, чыгдандар, кампалар, отканалар) номерленбейт.
Тактачаларды, көчө аншлагдарын, имараттардын, кирмелердин жана батирлердин номерлерин талаптагыдай абалда орнотуу жана кармоо алардын ээлерине жүктөлөт.
Имараттарга жаңы аншлагдарды жана номерлерди илүүдө бардык эски аншлагдар жана номерлер алып салынат.
Аншлагдардын жана номердик белгилердин жайгашуусуна жана сырткы көрүнүшүнө карата талаптар:
түштүктөн түндүккө карай багыттагы көчөлөр үчүн имараттардын номерлеринин көбөйүшү түндүктү көздөй жүзөгө ашырылат;
чыгыштан батышка карай багыттагы көчөлөр үчүн номерлердин көбөйүшү батышты көздөй жүзөгө ашырылат;
жуп сандагы номерлер түштүктөн түндүккө багыты бар көчөлөрдүн батыш тарабында жайгашкан жана чыгыштан батышка карай жайгашкан көчөлөр үчүн түштүк тарабында жайгашкан имараттарга ыйгарылат. Так сандагы номерлер көчөлөрдүн чыгыш жана түндүк жактарында жайгашкан имараттарга тийиштүү ыйгарылат;
бульварлардын, проспекттердин, көчөлөрдүн, кыска көчөлөрдүн кесилишинде турган бурчтагы имараттар экиден номерлүү белгиге жана көчө аншлагына ээ болушу керек, анын бири имараттын фасадына, башкасы анын каптал жагына орнотулушу керек. Калган имараттар бирден номерге ээ болушу керек. Кварталдын ичинде турган имараттар аншлагга ээ болбойт;
бардык имараттар жана үй ээликтери, алардын тийиштүүлүгүнө жана аларда жашаган жарандардын санына карабастан катар номерленүүгө тийиш;
транспорт бир тараптуу кыймылда жүргөн көчөлөрдө аншлагдар жана номердик белгилер транспорт кыймылынын багыты боюнча жакын жайгашкан имараттын, курулманын фасадынын бурчтук участогунда жайгаштырылат;
бульварлардын, проспекттердин, көчөлөрдүн жана кыска көчөлөрдүн кесилиштеринде жайгашкан имараттарда номерлүү белги имараттын кесилишке чыккан бурчуна илинет;
короо фасаддарында аншлагдар жана номердик белгилер квартал ичиндеги өтүү жолу тарабындагы дубалда жайгаштырылат;
өнөр жай ишканаларынын тосмолорунда жана корпустарында аншлагдар жана номердик белгилер башкы кире бериштин, кирүү жолунун оң жагында жайгаштырылат;
фасаддын жасалгасынан тышкары, архитектуралык тетиктерден жана декор элементтеринен бош фасаддын участогунда;
имараттардын, курулмалардын коңшу фасаддарында даректөө белгилерин жайгаштыруунун бирдиктүү тик белгисинде алар тараптан курулуш фронтунун бирдиктүү линиясы түзүлгөндө;
кирмелердин жана алардагы бетирлердин номерлерин белгилеген тактачалар эшик жылчыгынын үстүнө же эшик жылчыгы толтурулган импостко (горизонталдуу тактача) же эшик жылчыгынан оң жакта (вертикалдуу тактача) жайгаштырылат;
үйлөрдүн номерлерин белгилөөчү номердик белгилер көчөнүн, аянттын аталыштарынын көрсөткүчтөрү менен бирге жайгаштырылат;
аншлагдар кварталдын башында жана аягында эки жерге, эгерде кварталдын узундугу 500 метрден ашса - кошумча кварталдын ортосунда жайгаштырылат;
аншлагдар жана номерлер калыңдыгы 1,8 миллиметр болгон цинктелген баракта жасалат. Каптоо үчүн жогорку сапаттагы эмаль колдонулат. Эскизге ылайык аншлагдардын жана номердик белгилердин түс чечими: фону ак, белгилери көк. Бекитүү бурчтук чекиттерде тегерек баштуу декоративдик бурамалар менен жүргүзүлөт.
10) Навигациялык көрсөткүчтөр - таянычтарда (менчик таянычтарда, шаардык жарыктандыруунун мамы-таянычтарында, байланыш тармактарынын таянычтарында), жер участокторунда орнотулуучу жана калктуу конуштун аймагын пландуу уюштуруу, инфратүзүм объекттери турган жайлар, маданий-тарыхый мурас объекттери, шаардык маанидеги мекемелер жана уюмдар, керектөө рыногунун ишканалары жана объекттери жөнүндө маалыматты камтыган эки тараптуу конструкция.
11) Маалыматтык такта - көрктөндүрүү элементи, өзүнүн таянычында өзүнчө турган жалпак маалыматтык конструкция.
Маалыматтык такталар кирмелерде жана көп батирлүү үйлөрдүн, турак үйлөрдүн, мекемелердин жана ишканалардын имараттарынын тышынын үстүнкү жагына, ошондой эле муниципалдык жер участокторуна жайгаштырылат жана Бишкек шаарынын калкын маалымдоо үчүн арналган.
9. Жарнамалык конструкциялар
164. Жарнамалык конструкциялар - ар кандай тышкы тегиздиктерде жарнаманы чагылдыруу үчүн арналган калкандар, такталар, плакаттар, кермелер, жарык жана электрондук табло, проекциялык жана башка жабдуулар, аба шарлары, аэростаттар жана Бишкек шаарынын аймагында жарнаманы таратуу максатында орнотулган тышкы жарнаманы жайгаштыруунун башка техникалык каражаттары.
165. Жарнамалык конструкциялар жайгаштыруу түрлөрү боюнча төмөнкү типтерге бөлүнөт:
өзүнчө турган, менчиктин бардык түрүндөгү жер участокторуна жайгаштырылуучу;
менчиктин бардык түрүндөгү кыймылсыз мүлк объекттерине (имараттар, курулмалар) бириктирилүүчү каражаттар;
стандарттуу эмес, жекече долбоорлор боюнча аткарылган (аба шарлары, аэростаттар жана башка түрлөр).
166. Өзүнчө турган жарнамалык конструкциялар төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
кичи форматтуу;
орто форматтуу;
чоң форматтуу;
ири форматтуу.
167. Жарнамалык конструкциялар жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда техникалык кароодон өтүүгө тийиш.
168. Бардык жарнамалык конструкцияларда маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээсинин маалыматтары (уюмдун аталышы, дареги, телефон номери, ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылуучу инвентардык номери) көрсөтүлгөн маркасы болууга тийиш.
169. Кичи форматтуу жарнамалык конструкцияларга жарнама аянты 6 чарчы метрге чейинки жарнамалык конструкциялар кирет:
1) Желек сап - мамлекеттик жана фирмалык желектерди илүү үчүн конструкция, имараттардын, курулмалардын дубалдарында атайын кронштейндерде, ошондой эле жер участокторунда өзүнчө турган түркүктөрдө да орнотулат.
Желек саптарга төмөнкү талаптар коюлат:
желек сап пайдубалдан, таяныч рамаларынан, тике турган түркүктөрдөн жана жумшак кездемеден турат, желекти бийиктикке көтөрүү жана жөнгө салуу үчүн түзүлүштөр менен жабдылган;
пайдубал бетондуу негизде аткарылышы керек;
жарнама аянты анын курамындагы айрым желектердин бардык тараптарынын аянты менен аныкталат;
фирмалык желектер ар дайым илинип турушу мүмкүн;
скиргендигине жараша желектер жаңыланышы же алынышы керек.
2) Сити-формат - тротуарларда жайгаштырылуучу эки жарнама тегиздиги жана ички жарыктандыруусу менен өзүнчө турган эки жактуу жарнамалык конструкция.
3) Пиллар - ички жарыктандыруусу менен, үч бурчтуу же төрт бурчтуу призма формасындагы, ар бир тик чегинде 1,4 метр х 3,0 метрден өлчөмүндөгү жарнамалык тегиздик жайгашкан, өзүнчө турган жарнамалык конструкция.
Жарнамалык тегиздиктин аянты пайдаланылуучу жактарынын жалпы аянты менен аныкталат.
4) Афишалык такталар жана тумбалар - тротуарларда жайгаштырылуучу бир же эки маалыматтык талаасы менен жарнамалык конструкциялар.
Афишалык такталар жана тумбалар театрлардын, кинотеатрлардын, спорттук жана башка массалык иш-чаралардын репертуарлары, коомдук, маданий-көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо мүнөздөгү окуялар жөнүндө гана жарнаманы жана маалыматты жайгаштыруу үчүн арналат.
Афишалык такталарга жана тумбаларга төмөнкү талаптар белгиленет:
афишалык такталарда же тумбаларда жайгаштырылган жарнамалык материалдар тиешелүү иш-чаралардын демөөрчүлөрү жөнүндө маалыматты камтышы мүмкүн;
афишалык тактанын же тумбанын маалыматтык талаасынын бир тарабынын өлчөмү 1,4 метр х 3,0 метрден түзөт;
афишалык тактанын же тумбанын маалыматтык талаасынын аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
Афишалык такта же тумба тик бурчтуу же цилиндр формасында болушу мүмкүн.
170. Кичи форматтагы жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу үчүн АТТны даярдоо боюнча арыз жекече каралат.
171. Орточо форматтагыларга 12 чарчы метрге чейинки жарнама аянты менен кошо төмөнкү жарнамалык конструкциялар кирет:
1) Ситиборд - жарнаманы жайгаштыруу үчүн атайын арналган, сырткы беттерге ээ болгон, ички же сырткы жарыктандыруусу менен өзүнчө турган жарнамалык конструкция.
Ситиборддун жарнамалык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 3,0 метр х 4,0 метрден ашпашы керек.
Ситиборддун жарнамалык тегиздигинин аянты анын эксплуатациялануучу жактарынын жалпы аянты менен аныкталат.
Конструкцияны айнектөө үчүн материалдар коопсуздукту эске алуу менен колдонулушу керек.
2) Жарык кутусу (лайтбокс) - алдыңкы бөлүгү жарнамалык алып жүрүүчү болуп саналган, имараттардын, курулмалардын фасаддарында орнотулган жана ички жарыктандыруусу бар жарнамалык конструкция.
Жарнамалык тегиздиктин аянты эксплуатациялануучу аянты менен аныкталат.
Жарык кутусу имараттын фасадынын үстүнкү бетине параллель жайгашат жана фасад тегиздигинен 0,25 метрден ашык чыкпашы керек.
3) Стелалар - объекттин жайгашкан жерин, иш шарттамын, негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин белгилөө үчүн арналган өзүнчө турган жарнамалык конструкциялар. Стелалар пайдубалдан, таянычтардан, каркастан, маалыматтык талаалардан турат жана ички, сырткы жарыктандырууга ээ.
Стеланын жактарынын саны төрттөн ашык болбошу керек.
Төмөнкү типтеги стелаларды орнотууга жол берилет:
чоң - тыш өлчөмү 1,5 метр х 5 метрден көп эмес;
орто - тыш өлчөмү 1,2 метр х 3 метрден көп эмес;
кичи - тыш өлчөмү 1 метр х 2 метрден ашык эмес;
жекече - тыш өлчөмдөрү объекттин жайгашкан жерине жараша макулдашылышы керек.
Стеланын пайдубалы жол төшөлмөсүнүн деңгээлинен же жердин деңгээлинен чыкпашы керек. Стелалар электр берүү тармагынан авариялык өчүрүү тутуму менен жабдылып, өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келүүсү зарыл.
Жарнамалык тегиздиктин аянты анын жактарынын жалпы аянты менен аныкталат.
172. Орто форматтагы жарнамалык конструкциялар учурдагы жарнамалык конструкциядан 200 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат.
173. Чоң форматтагыларга 36 чарчы метрге чейинки жарнамалык аянты менен жарнамалык конструкциялар кирет.
Билборд (жарнамалык калкан) - жарнаманы жайгаштыруу үчүн атайын арналган, сырткы үстүнкү бетине ээ, өзүнчө турган калкан конструкция.
Жарнамалык тегиздиктин өлчөмү 6,0 метр х 3,0 метрден жана 4,0 метр х 9,0 метрди түзөт.
Билборддун жарнамалык тегиздигинин аянты анын эксплуатациялануучу жактарынын жалпы аянты менен аныкталат.
174. Чоң форматтагы жарнамалык конструкциянын пайдубалы жол төшөлмөсүнүн, көк майсандын деңгээлинен 150 миллиметрден ашпашы керек. Бул учурда пайдубал милдеттүү түрдө жарнамалык конструкциянын дизайнына ылайык келген декоративдик материал менен капталат.
175. Бир тараптуу вариантта аткарылган конструкциялар декоративдик жасалгаланган тескери жагына жана сырткы же ички жарыктандырууга ээ болушу керек.
176. Чоң форматтагы жарнамалык конструкциялар учурдагы жарнамалык конструкциядан 300 метрден кем эмес аралыкта шахматтык тартипте жайгаштырылат.
177. Чоң форматтагы жарнамалык конструкциялар жалпы регламенттөө зонасында гана жайгаштырылат.
178. Ири форматтагыларга 36 чарчы метрден ашык жарнама аянты бар төмөнкү жарнамалык конструкциялар кирет:
1) Суперборд - жарнаманы жайгаштыруу үчүн атайын арналган тышкы бетине ээ, өзүнчө турган калкан жарнамалык конструкция.
Суперборддун жарнамалык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 12 х 4 метрди түзүшү керек.
Жарнамалык тегиздиктин аянты анын жактарынын жалпы аянты менен аныкталат.
2) Мегаборд, (суперсайт) - жарнаманы жайгаштыруу үчүн атайын арналган, тышкы бетине ээ, өзүнчө турган калкан жарнамалык конструкция.
Суперсайттын маалыматтык талаасынын бир тарабынын өлчөмү 15 метр x 5 метрден ашык болбошу керек.
Суперсайттын жарнамалык тегиздигинин аянты анын жактарынын жалпы аянты менен аныкталат.
3) Арка (П образдуу) - жарнаманы жайгаштыруу үчүн тышкы бети бар, пайдубалдан, каркастан жана жарнамалык тегиздиктен турган, жерде өзүнчө турган жарнамалык конструкция.
Түркүктөрдүн ортосундагы аралык, тигил же бул технологиялык, инженердик шарттарга жана жарнамалык конструкцияны орнотуу жайынын ландшафтына жараша жана аны менен бирге жарнамалык аянттын көлөмүнө карабастан өзгөрүп турат, бул конструкциянын түрүнө жарнамалык каражаттардын ири форматтуу түрүнө коюлган бардык талаптар жайылтылат.
Арканын жарнамалык тегиздигинин аянты анын жактарынын жалпы аянты менен аныкталат.
4) Медиафасаддар - түздөн-түз имараттардын, курулмалардын дубалдарынын үстүнкү бетине же дубалдын пластикасын кайталаган метал каркасына жайгаштырылуучу (медиафасад имараттын, курулуштун, курулманын учурдагы айнектерине жайгаштырылган учурда) маалыматтык материалдарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү ири форматтагы жарык өткөрүүчү жарнамалык конструкциялар (дисплейлер).
Шаардын аймагында жайгаштырылуучу медиафасаддар тышкы архитектуралык көрүнүштү бузбашы керек.
Медиафасаддын конструкциясы ага интеграцияланган сүрөттү көрсөтүүчү жарык диоддуу түзүлүштөрү менен металл же полимердик негиздеги тордон турат.
Медиафасаддын жарнама талаасынын аянты жарнама талаасынын өлчөмүнө жана көрсөтүлүп жаткан сүрөттөрдүн санына жараша жекече аныкталат.
Жарнамалык конструкцияны медиафасад түрүндө жайгаштырууда терезелердин табигый жарыктандыруусу, ченемдик инсоляциясы бузулбашы керек.
Белгилүү бир имаратка медиафасадды жайгаштыруу үчүн, аны эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу максатында, бүт имаратты жарнамалык жасалгалоонун комплекстүү эскиздик долбоору жана конструкциянын техникалык документтери (торчо) милдеттүү түрдө иштелип чыгат.
Медиафасаддар электр берүү тармактарынан авариялык өчүрүү тутуму менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши керек.
Күндүзгү убакта медиафасаддарда сүрөттөрдү көрсөтүү динамикалык эффекттерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Түнкү убакытта динамикалык эффекттерди пайдалануу менен медиафасаддарда сүрөттөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат.
Түнкү убакытта медиафасаддарда сүрөттөрдү алмаштыруу 1 минутада бир жолудан көп эмес жүргүзүлүшү керек, сүрөттүн алмашуу узактыгы 10дон ашык секунданы түзүшү керек жана жарыктын нөлдүк мааниге чейин жай төмөндөтүү жана андан кийинки жарыктын жай жогорулоо жолу менен жүргүзүлөт.
Медиафасаддар соода борборлорунун фасаддарында гана жайгаштырылат.
179. Автомай куюучу станциянын баа таблосу - пайдубалдан, каркастан жана сырткы беттерден турган, автомай куюучу станцияларда (мындан ары - АМКС) күйүүчү-майлоочу материалдардын ар кандай түрлөрүнө учурдагы баалар жөнүндө сатып алуучуларга маалымдоо үчүн арналган өзүнчө турган маалыматтык конструкция.
АМКС ээлеген жер участогунун чектеринде бирден ашык эмес АКСтин баа таблосун жана ээлеп турган жер участогунун чегинен тышкары бир АМКСтин баа таблосун жайгаштырууга жол берилет. Мында АКСтин баа таблосу жер участогунун чек арасынан сырткары көрсөтүлгөн жер участогунун чек арасынан 100 метрден ашпаган аралыкта жанаша багытта жайгаштырылат.
АМКСтин баа таблосу АМКСтин аталышы (фирмалык аталышы, коммерциялык белгилениши), АМКСтин иш жүзүндө жайгашкан жери (иш-аракеттерди жүргүзгөн жери), ал сатып жаткан отундун түрлөрү, экологиялык класстары жана ага болгон баалар, кызмат көрсөтүүлөр, акы төлөө системалары жөнүндө маалыматтарды камтышы мүмкүн.
АМКСтин баа таблолорун ээлеп турган жер участокторунун чегинен сырткары жайгаштыруу АМКСти куруунун бекитилген долбооруна же ушул Эрежелердин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана макулдашылган АМКСтин баа таблосун жайгаштыруунун дизайн-долбооруна ылайык жүзөгө ашырылат.
АМКСтин баа таблолорсун жайгаштырууда көрнөктөрдүн дизайн-долбоору транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү аймактык бөлүм менен макулдашылууга тийиш.
АМКСтин баа таблолорун жайгаштыруунун дизайн-долбоорун баалоо критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
автомобиль жолунда көрүнүүнү камсыз кылуу;
жол белгилеринин, светофорлордун жана жол кыймылын уюштуруунун башка техникалык каражаттарынын көрүнүүсүн камсыз кылуу;
АМКСтин баа таблолорунун жол белгилери же жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары менен окшоштугунун жоктугу;
жол кыймылынын катышуучуларынын көңүлүн алагды кылуу жана көзүн уялтуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.
180. Ири форматтагы жарнамалык каражаттарга коюлуучу талаптар:
ири форматтагы конструкциялардын сырткы же ички жарыктандыруусу болуш керек;
жер участокторунда жайгаштырылуучу ири форматтагы конструкцияларга белгиленген тартипте экспертизаланууга тийиш долбоордук документтер иштелип чыгат;
181. Жеке долбоорлор боюнча аткарылган, стандарттуу эмес жарнамалык конструкциялар - ушул Эрежелер тарабынан каралган башка форматтардан айырмаланган форматка ээ жарнамалык конструкциялар.
Жеке долбоорлор боюнча аткарылган, стандарттуу эмес жарнамалык конструкцияларга көлөмдүү-мейкиндиктик конструкциялар - жарнамалык маалыматты таратуу үчүн объекттин көлөмү, ошондой эле анын сырткы бети пайдаланылган жарнамалык конструкциялар (анын ичинде аба шарлары, аэростаттар, көлөмдүү-мейкиндиктик моделдер) кирет.
Көлөмдүү-мейкиндиктик конструкциялардын маалыматтык талаасынын аянты эсептөө жолу менен аныкталат.
182. Көчмө жарнамалык конструкциялар (штендерлер) -соода уюмунун иштөө убактысында адатта, товар сатуу ордунан алыс эмес коюлуучу көчмө жарнама орнотмолору.
Штендерлер эки тараптуу болушу керек, өзүнүн жарыктары болбошу керек, бир тарабынын аянты 1 чарчы метрден ашпоого тийиш. Штендерлер имараттын кире беришинен 2 метр аралыкта жайгаштырылат.
Жөө жүрүүчүлөрдүн өтүүсүнө тоскоол болгон, ошондой эле жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн кабылдоого багытталган штендерлерди орнотууга тыюу салынат.
183. Алып жүрмө жарнамалык конструкциялар - техникалык каражаттарды пайдалануусуз жеке жактар тарабынан көчүрүлүүчү убактылуу тышкы жарнама жана маалымат каражаттары.
Жарнама аянты алып жүрмө конструкциянын жарнама талаасынын өлчөмүнө жараша болот.
Алып жүрмө жарнамалык конструкцияларды жөө жүрүүчүлөр зоналарында жана тротуарларда эксплуатациялоого жол берилет. Жөө жүрүүчүлөрдүн өтүүсүнө тоскоол болгон, ошондой эле өтүүчү бөлүктөн кабылдоого багытталган алып жүрмө жарнамалык конструкцияларды пайдаланууга тыюу салынат.
184. Проекциялык орнотмолор - жерде, дубал тегиздиктеринде же кандайдыр бир көлөмдө сүрөттү чагылдыруу үчүн арналган, жарнамалык сүрөт түзүлгөн проекциялык түзүлүштөн жана тегиздиктен (экрандан) же көлөмдөн турган жарнамалык конструкция.
Жалпак сүрөттөр үчүн маалыматтык талаанын аянты проекциялык үстүнкү беттин тыш өлчөмү менен аныкталат, ал эми көлөмдүү сүрөттөр үчүн эсептөө жолу менен аныкталат.
Проекциялык орнотмолорду жер участокторуна, ошондой эле имараттарга, курулуштарга, курулмаларга жайгаштырууга жол берилет.
185. Электрондук экрандар (LED экрандар, электрондук таблолор) - жарык диоддордун, чырактардын жана башка жарык булактарынын же жарык берүүчү элементтердин эсебинен, экран тегиздигине сүрөттү көрсөтүү үчүн арналган конструкциялар.
Маалыматтык талаанын аянты жарык чыгаруучу беттин тыш өлчөмдөрү менен аныкталат.
Электрондук экрандар өзүнчө турган конструкциялар түрүндө, ошондой эле имараттардын, курулмалардын фасаддарында жайгаштырылуучу конструкциялар түрүндө да жайгаштырылышы мүмкүн.
Электрондук экрандардын маалыматтык жана жарнамалык аянты маалыматтык жана жарнама талаасынын өлчөмдөрүнө же түздөн-түз трансляциялануучу сүрөттөрдүн санына жараша жеке эсептөө жолу менен аныкталат.
Электрондук экрандарга (LED экрандарга, электрондук таблолорго) коюлуучу талаптар:
электрондук алып жүрүүчүлөрдө сүрөттөрдү көрсөтүү тынч абалдагы сүрөт технологиясын пайдалануу менен, аудиовизуалдык чыгармаларды камтыган (медиафасаддарды тышкары) динамикалык натыйжаларды пайдаланбастан жүргүзүлүшү керек;
сутканын күндүзгү мезгилинде сүрөттөрдүн алмашуусу 5 секундда бир жолудан көп эмес жүргүзүлүшү керек, сүрөттүн алмашышынын узактыгы 2 секундадан ашпашы керек жана жарыкты жай нөлдүк мааниге чейин төмөндөтүү жана кийинки жарыкты жай жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт;
акча алмаштыруу таблосунун электрондук алып жүрүүчүлөрдө сүрөттөрдү көрсөтүү динамикалык эффекттерди колдонбостон, тынч абалдагы сүрөт технологиясын колдонуу менен жүргүзүлүшү керек. Сүрөттү өзгөртүү 30 секундада бир жолудан көп эмес, сүрөттү алмаштыруу ылдамдыгы 2 секунддан ашпашы керек;
сутканын түнкү мезгилинде электрондук алып жүрүүчүлөрдө сүрөттөрдү көрсөтүүдө ак фонду пайдаланууга жол берилбейт;
электрондук экрандарды турак үйлөрдүн фасаддарына, мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарына жайгаштырууга жол берилбейт;
электрондук экрандар соода-көңүл ачуу борборлорунун фасаддарына орнотулат.
Бир имараттын, курулманын сырткы беттерине жеке же юридикалык жак төмөнкүдөй типтердин бири болгон бирден ашык эмес маалыматтык конструкцияны орнотууга укуктуу:
дубал конструкциясы (көрнөктөрдүн конструкциясы объекттердин фасаддарынын бетине жана (же) алардын конструкциялык элементтерине түздөн-түз объекттин фасадынын тегиздигине параллель жайгаштырылат);
акча алмаштыруу таблосу 1,2 метр х 0,8 метр стандарттык өлчөмү менен болушу керек.
186. Курулуш объекттериндеги жарнама - курулуп жаткан же реконструкцияланып жаткан объекттердин убактылуу тосмолоруна же курулуп, реконструкцияланып жаткан имараттын фасадына жайгаштырылуучу жарнама.
Курулуш тосмосунда курулуп жаткан объект жөнүндө маалымат жайгаштырылышы мүмкүн.
Курулуп жаткан имараттарда, курулмаларда убактылуу жарнамалык конструкцияларды - курулуш торчолорун жайгаштырууга жол берилет.
Курулуш торчолорун жайгаштырууга жана сырткы көрүнүшүнө талаптар АТТ менен белгиленет.
Курулуш торчолорунун сырткы көрүнүшү бир түстүү болушу мүмкүн же сүрөттүн фону түс бланкына ылайык 1:1 масштабында фронталдык проекцияда курулуп, реконструкцияланып, оңдолуп жаткан имараттын, курулманын фасадын тууроого тийиш.
10. Маалыматтарды, жарнамалык конструкцияларды орнотуунун жалпы эрежелери
187. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялар ушул Эрежелердин, АТТнын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, коопсуз даярдалышы жана орнотулушу керек.
Конструкцияларды даярдоодо пайдаланылуучу материалдар сапаттын заманбап талаптарына жооп берүүгө тийиш. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларда механикалык бузулуулардын болушуна, ошондой эле конструкциянын бүтүндүгүн бузууга жол берилбейт.
188. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын сырткы көрүнүшүнө карата жалпы эрежелер:
маалыматтык, жарнамалык конструкциялар Бишкек шаарынын сырткы архитектуралык-көркөм көрүнүшүн бузбашы керек;
сырткы көрүнүш бүтүндүккө, тыкан сырдалган каркастарга, сутканын түнкү убагында конструкциялардын жарыктандыруусуна ээ болушу керек;
даттын жана кирдин, ашыкча элементтердин (аркандардын), чапталган кулактандыруулардын жана башка маалыматтык билдирүүлөрдүн, үстүнкү беттин жабыркоолорунун, жарнамалык полотнонун жарылышынын, ошондой эле конструкциялардын бардык бөлүктөрүндө жана элементтеринде бөтөн жазуулардын жана сүрөттөрдүн болушуна жол берилбейт;
Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында, конструкцияларда жарнама жок болгон учурда, жарнама таратуучу социалдык жарнаманы жайгаштырууга милдеттүү;
конструкциялык элементтер (бекиткичтер, болттук бирикмелер, таяныч элементтери, технологиялык косынкалар) декоративдик элементтер менен жабылган же жашырылган же эстетикалык жактан иштелген көрүнүштө болуш керек.
189. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды эксплуатациялоо боюнча жалпы талаптар:
Бишкек шаарынын аймагында өзүнчө турган конструкцияларда маалыматты же жарнаманы жайгаштыруу, алмаштыруу сутканын түнкү убагында - саат 22:00дөн 6:00гө чейин жүргүзүлүүгө тийиш;
жалпы пайдалануудагы аймактарда жарнамалык конструкцияларды эксплуатациялоо жөө жүрүүчүлөрдүн эркин өтүшүн, көчөлөрдү жана тротуарларды тазалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш;
конструкциялар жуулуп, кирден жана таштандылардан тазаланууга тийиш. Конструкцияларды тазалоо зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт.
190. Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга коюлуучу талаптар:
маалыматтык, жарнамалык конструкцияларда камтылган тексттер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилиши керек;
жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык басмаканада терилген муундук литерлер (логотиптер) түп нускадагы тилде берилиши мүмкүн;
жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык жана орфографиялык эрежелер) так сакталууга тийиш;
маалыматтык, жарнамалык конструкцияларда мамлекеттик тилдеги текст маалыматтык, жарнамалык конструкциянын көрүнүктүү бөлүгүндө жайгаштырылышы керек. Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичирээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш;
жарнамалык конструкцияларда жарнама берүүчүлөрдүн иш-аракеттери лицензияланууга тийиш болгон учурда лицензиянын номери, ошондой эле лицензия берген органдын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш;
жарнамалык конструкциялар милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон товарларды жарнамалоодо "товар тастыкталган" деген белги менен коштолууга тийиш;
жарнамалык конструкциялардын менчик ээлери социалдык жарнаманы акысыз негизде жылына 18 календардык күндөн кем эмес мөөнөткө жайгаштырууну камсыз кылууга тийиш;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялар ызы-чуунун, термелүүнүн, жарык, электр магниттик жана башка нурлануулардын белгиленген ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.
191. Инфратүзүм жана көрктөндүрүү объекттеринин курулмаларында, конструкциялык элементтеринде (коомдук шаардык транспорттун аялдама комплекстеринде, чакан архитектуралык формаларда (ЧАФ), жол боюндагы жарык берүүчү жана троллейбус таянычтарында) жарнамаларды, үгүт материалдарын, транспаранттарды, баннерлерди жайгаштырууга тыюу салынат.
192. Тарыхый-маданий мурас объекттери болуп саналган имараттардын, курулмалардын аймагында, фасаддарында, чатырларында жана башка конструкциялык элементтеринде, сыйынуу жана ырым-жырым объекттеринде, окуу жайларында, мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде, дарылоо мекемелеринде жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга тыюу салынат.
193. Жарнамалык, маалыматтык текст төмөнкүлөрдү камтыбашы керек:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектөөлөр жайылтылган маалыматтарды;
жарнамаланган товарларды колдонбогон адамдарга карата терс мамилени калыптандыруу же мындай адамдарды айыптоо.
194. Жеңилдетилген типтеги объекттердеги (кыймылсыз мүлк объектиси болуп саналбаган павильон, күркө) маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды (көрнөктөрдү) объекттин башкы фасадынын фриздик бөлүгүнө жайгаштыруу керек. Көрнөктү ички жарыктандыруусу менен, тамгаларды бир сапка жайгаштыруу менен жасоо сунушталат. Көрнөк фасаддын борбордук огуна карата тегизделет.
Жеңилдетилген типтеги объекттин сырткы бетине жарнамалык конструкцияларды (баннерлерди) жайгаштырууга жол берилбейт.
195. Маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында, анын ичинде турак жай жана коомдук имараттардын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга талаптарды бузуу менен эксплуатацияланып жаткан сүрөттөрдүн алмашуусу электрондук технология менен жарнамалык конструкциялар аныкталган учурда шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органдын талаптарына ыкчам аракет кылууга тийиш. Маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси аныкталган бузулууларды четтетүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алууга милдеттүү. Аныкталган бузууларды четтетүү мүмкүн эмес болгон учурда, маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси сүрөттү алмаштыруу технологиясын өзгөртүүгө милдеттүү.
196. Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
көрнөктөрдү жайгаштыруучу жерлерге карата белгиленген талаптарды бузууга;
көрнөктүн маалыматтык талаасында тамгалардын вертикалдык тартибинде жайгашуусуна;
көрнөктөрдү биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы тосмолордун сызыгынан жогору жайгаштырууга;
балкондорду, лоджияларды, терезе жана эшик жылчыктарын, ошондой эле витраждарды жана витриналарды толук тосууга (жабууга);
көрнөктөрдү турак жайлардын чектеринде, анын ичинде фасаддын туюк бурчуна жайгаштырууга;
көрнөктөрдү лоджиялардын жана балкондордун чатырларына жана (же) лоджияларга жана балкондорго жайгаштырууга;
көрнөктөрдү объекттердин фасаддарынын архитектуралык тетиктерине (анын ичинде түркүктөргө, пилястраларга, оймо-чиймелерге, шыбактарга (лепнина) жайгаштырууга;
көрнөктөрдү мемориалдык такталардан 2-10 метрге жакын аралыкта жайгаштырууга;
көчөлөрдүн аталыштарынын жана үйлөрдүн номерлеринин көрсөткүчтөрүн тосууга (жабууга);
дубал көрнөктөрүн бири-биринин үстүнө жайгаштырууга;
консолдук көрнөктөрдү бири-биринен 10 метрден кем аралыкта, ошондой эле бир консолдук көрнөктү экинчисинин үстүнө жайгаштырууга;
курулмаларда картон, кездеме, баннер кездемелерин колдонуу менен көрнөктөрдү жайгаштырууга;
неон чырактарын, өчүп-жанган (жылтылдаган) элементтерди колдонуу менен көрнөктөрдү жайгаштырууга;
экинчи кабаттын терезе жылчыктарынын төмөнкү деңгээлинен чыгарууга;
терезелерди, декор жана архитектуралык элементтерди тосуп жайгаштырууга;
фасаддын бетине декоративдик-көркөм жана (же) тексттик сүрөттү (сырдоо, чаптоо жана башка ыкмалар менен) түздөн-түз түшүрүү жолу менен көрнөктөрдү (бөтөнчө маалыматтык конструкцияларды кошпогондо) жайгаштырууга;
жүгүрмө сап көрнөгүн жайгаштырууга;
витриналарды декоративдик пленкалар менен сырдоого жана каптоого, витриналардын айнектерин жарык кутучалар менен алмаштырууга, витриналардын айнектеринин бүткүл бийиктигине жана (же) узундугуна неон чырактарын, өчүп-жанган (жылтылдаган) элементтерди, электрондук алып жүрүүчүлөрдү (LED экран) пайдалануу менен көрнөктөрдү жайгаштырууга, картонду, кездемени, баннердик кездемени пайдалануу менен көрнөктөрдү жайгаштырууга;
социалдык жарнаманы жана маалыматты, көркөм ишмердикти кошпогондо, жарнама максатында имараттардын, курулмалардын фасаддарын сырдоого, аларга сүрөт тартууга, боёкторду (графити, стрит-арт) түшүрүүгө;
троллейбустардын байланыш тармактарынын жана шаардык жарыктандыруунун таянычтарына стрит-баннерлерди (баннерлерди илүү үчүн конструкция) жайгаштырууга;
брандмауэрдик паннону жайгаштырууга. Брандмауэрдик панно - дубалга түздөн-түз түшүрүлгөн сүрөт же бекитүү, каркас жана жарнамалык талаа элементтеринен турган конструкция түрүндөгү, терезе жылчыктары, витриналары, архитектуралык тетиктери, декоративдик жасалгалоосу жок, имараттардын жана курулмалардын каптал жагындагы туюк фасаддарына жайгаштырылуучу жарнамалык конструкция;
тосмо конструкцияларда (дубал тосмолордо, дарбазаларда, шлагбаумдарда, тосмолордо, таянгычтарга), ошондой эле түркүктөргө, троллейбустук таянычтарга жана электр жарыктандыруу таянычтарына, бак-дарактарда жарнаманы жана маалыматты жайгаштырууга, чаптоого же белгилеп коюуга;
өзүнчө турган курама-ажыратылуучу (жыйналма) конструкциялар түрүндөгү көрнөктөрдү - штендерлерди жайгаштырууга;
макулдашылган эскиздик долбоордо аныкталган көрнөктөрдү жайгаштыруу жерлерин, башка жарнамаларды жайгаштыруу үчүн пайдаланууга;
курулушу бүтө элек объекттердин сырткы беттерине көрнөктөрдү жайгаштырууга;
197. Объекттин стилобаттык (тиркелүүчү) бөлүгүндө жайгаштырылуучу маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын (көрнөктөрдүн) параметрлери (өлчөмдөрү) объекттин стилобаттык (тиркелүүчү) бөлүгүнүн кабаттуулугуна жараша аныкталат.
198. Төмөнкү маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды орнотууга тыюу салынат:
чыныгы жол-транспорттук жагдайды баалоону кыйындаткан, жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары жана атайын сигналдар менен (сырткы көрүнүшү, сүрөтү же үн таасири боюнча) окшоштукка ээ, ошондой эле жолдо жөө жүрүүчүлөрдүн, транспорттук каражаттардын, жаныбарлардын же башка предметтердин, объекттердин бар экендиги жөнүндө ойду пайда кылган;
жол белгилери жана светофордук таянычтары же жол кыймылын жөнгө салуу үчүн арналган ар кандай башка шаймандар менен бир таянычта жана алар менен эки жакка ачылма;
жолдордун авариялык-коркунучтуу участокторундагы;
темир жол өтмөктөрүндөгү жана алардан 50 метрге жакын жердеги, мында жол өтмөктөрдө жайгаштыруу темир жол башкармалыгынын тийиштүү органы менен макулдашылган учурда мүмкүн;
ар кандай деңгээлдеги транспорттук кесилиштердин, көпүрө курулмаларынын чек араларынын чегинде, жол өтмөктөрүнүн астындагы, ошондой эле алардан 25 метрден кем аралыкта;
колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга жана ченемдик актыларга ылайык аныкталган "транспорт-транспорт" жана "транспорт-жөө жүрүүчү" көрүнүшүнүн үч бурчтуктарынын чегиндеги;
жол тосмолорунда жана багыттоочу түзүлүштөрдөгү;
4% жогору узунунан кеткен эңкейиши менен көчө жана жол участокторундагы;
каттамдык транспорттук каражаттардын аялдамаларынан 25 метрге жакын;
өзүнө кыймылдоочу элементтерди камтыган сүрөттөрдү пайдаланууга, айрыкча, эгерде жарнама же маалымат бир убакытта толук чыкпаса, ошону менен жол кыймылынын катышуучулары тарабынан аны окуу убактысы узартылса;
чарба жүргүзүүчү субъекттер, товарлар, иштер, кызмат көрсөтүүлөр, соода объекттери жана башка ушул сыяктуу маалыматтар жөнүндө жарнаманы, ошондой эле жазууларды жана сүрөттөрдү курулуш материалдарын, боёкторду, жол белгилерин пайдалануу менен автомобиль жолдорунун, тротуарлардын, аянтчалардын же транспорттук каражаттардын унаа туруктарынын, имараттардын сыртындагы жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылынын башка жерлеринин үстүнө түшүрүү жана коюу жолу менен;
шаарды гүлдөр менен жасалгалоо үчүн пайдаланылган аймактарда, ошондой эле тротуарларда, эгерде аларды орноткондон кийин жөө жүрүүчүлөр өткөөлүнүн жана механизацияланган тазалоону жүзөгө ашыруу үчүн өткөөлдүн туурасы 2 метр кем түзсө;
жер астындагы жана жер үстүндөгү жөө жүрүүчүлөр өткөөлдөрүнүн тышкы (көчө) конструкцияларындагы;
алмаштырылуучу жарнамалык маалыматтарды жайгаштыруу үчүн арналган имараттардын фасаддарынын консолдордогу;
турак жайлардын терезелерине түз багытталган нурларды түзүүчү жарыгы басаңдатылбаган, жылтылдаган жарыктанууну орнотуу;
жер алдындагы коммуникациялардын үстүндөгү;
көчөлөрдүн жүрүүчү бөлүгү аркылуу жайгаштырылуучу, жумшак негизде жасалган троллейбустардын байланыш тармагынын жана электр берүү линияларынын илмектеринин колдонуудагы системасындагы транспаранттарды, кермелерди;
троллейбусстардын байланыш тармагына, электр өткөрүүчү линияларга жана көчө жарыктандыруучу таянычтарга кронштейндерды.
199. Тышкы жарнама каражаттары:
жол кыймылынын катышуучуларынын жол кырдаалын же транспорттук каражатты эксплуатациялоону кабыл алуусуна тоскоолдук кылбоого, ошондой эле жөө жүрүүчүлөрдүн жана велосипедчендердин кыймылына тоскоолдуктарды түзбөөгө тийиш;
көрктөндүрүү элементтеринин көрүнүшүн чектебөөгө керек;
жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары жана атайын сигналдар менен окшоштукка (сырткы көрүнүшү же сүрөтү боюнча) ээ болбошу керек, алардын көрүнүүсүн начарлаткан жана чектеген, ошондой эле жолдо транспорттук каражаттын, жөө жүрүүчүнүн же кандайдыр бир объекттин бар экендиги жөнүндө ойду пайда кылбоосу зарыл.
200. Тарыхый-маданий мурас объекттери болуп саналган имараттардын, курулмалардын чатырларында мурда болгон маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) калыбына келтирүү учурларын кошпогондо, көрсөтүлгөн маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) жайгаштырууну караган, белгиленген тартипте бекитилген реставрациялоо долбоору болгон учурда, атайын объект болуп саналган жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зоналарынын чектеринде жайгашкан имараттардын, курулмалардын чатырларында маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) жайгаштырууга тыюу салынат.
201. Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда төмөнкүлөргө жол берилет:
имараттардын, курулмалардын фасаддарына же башка тышкы беттерине ушул Эрежелердин талаптарына ылайык маалыматтык конструкцияларды жайгаштырууга;
ушул Эрежелерге ылайык асма маалыматтык конструкцияларды жайгаштырууга. Асма маалыматтык конструкциялардын тышкы көрүнүшү, тыш өлчөмдөрү, ошондой эле имараттын, курулманын бир галереясында жайгаштырылуучу асма маалыматтык конструкциялардын саны шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган эскиздик долбоор менен аныкталат;
дубал жана асма маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) бирдиктүү конструкция жана (же) бир маалыматтык конструкциянын окшош жана (же) өз ара байланышкан элементтеринин комплекси түрүндө жайгаштырууга;
консолдук көрнөктөрдү бирдиктүү конструкция түрүндө гана жайгаштырууга.
202. Имараттын фасадында же чатырында жайгаштырылуучу жарнамалык конструкциялар төмөнкү элементтерден турат:
жарнама аянты (тексттик бөлүгү) - тамгалар, тамга символдору, аббревиатура, сандар;
көркөм элементтер (логотиптер, белгилер);
бекитүүчү элементтер (мейкиндик торчосу).
203. Имараттын фасадына же чатырына жайгаштырылуучу конструкцияларга жалпы талаптар:
имараттардын, курулмалардын чатырларында жайгаштырууга уруксат берилген көрнөктөрдүн конструкциялары көлөмдүү символдорду билдирет (алдына салгычты колдонбостон), алар ички жарык менен гана жабдылышы мүмкүн;
долбоордо каралган соода борборунун аталышы чатыр конструкциясынын блокторунун санына карабастан, соода борборунун чатырында гана башкы фасад бөлүгүндө жайгаштырылышы керек;
бул турак үйдүн курулушу менен түздөн-түз алектенген курулуш фирмасынын логотиптеринен, аталыштарынан тышкары, турак үйлөргө чатыр конструкцияларын жайгаштырууга тыюу салынат.
204. Имараттын фасадына же чатырына жайгаштырылуучу жарнамалык конструкциялар үчүн төмөнкү эрежелер белгиленет:
жарнамалык аянт жана көркөм элементтер ички жарыктандыруу менен гана жабдылышы керек;
жарнамалык конструкциянын жарнама талаасынын аянты конструкциянын тыш өлчөмдөрү менен аныкталат;
имараттардын фасадында же чатырында жайгашкан өзүнчө тамга жана логотип түрүндөгү жарнамалык конструкцияларда, электрондук алып жүрүүчүлөрдүн, кыймылдуу бөлүктөрдүн, ошондой эле медиафасаддарды уюштуруунун технологиясынын жардамы менен сүрөттөрдү алмаштыруу технологиясын пайдаланууга жол берилбейт;
объекттин чатырына орнотулган жарнама каражаттарынын узундугу, алар жайгашкан фасаддын узундугуна карата 70% дан ашпашы керек;
жарнамалык конструкциянын бекитүүчү элементтери бул конструкциянын капталынын жана үстүнүн периметринен чыкпашы керек. Чатырдагы жарнамалык конструкциянын маалыматтык талаасынын парапетинен астыңкы четине чейинки аралык 1 метрден ашпашы керек;
орнотуудагы, монтаждоодогу жана эксплуатациялоодогу коопсуздукту камсыз кылуу максатында, өзүнчө тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнамалык конструкциялар үчүн милдеттүү түрдө долбоордук документтер иштелип чыгат;
өзүнчө тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнамалык конструкциялар электр берүү тармактарынын авариялык өчүрүү тутуму менен жабдылышы керек, өрт өчүрүү тутуму болуп, өрт коопсуздугунун башка талаптарына ылайык келиши керек.
205. Имараттын фасадында же чатырында жайгаштырылуучу маалыматтык конструкциялар (көлөмдүү тамгалар) үчүн төмөнкү эреже белгиленет:
объекттердин чатырларында жайгаштырылуучу көрнөктөрдүн маалыматтык талаасы алар орнотулган объекттердин фасаддарынын бетине параллель, объекттин карнизинин, парапеттин сызыгынан жогору жайгаштырылат.
206. Имараттын, курулманын чатырында жайгаштырылуучу маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын сырткы көрүнүшү шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан жана макулдашылган эскиздик долбоорго ылайык аныкталат.
Катталган товардык белгилердин эскиздик долбоорун: сөз жүзүндөгү, сүрөттөп көрсөтүү, көлөмдүү жана башка белгилөөлөр же алардын комбинацияларын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" мыйзамынын 7-беренесинин талаптары эске алынат.
207. Фасаддарда маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга тоскоолдук кылуучу архитектуралык-көркөм элементтердин объекттери болгон учурда, ошондой эле турак эмес объекттердин сырткы беттерине жайгаштырылган конструкциянын параметрлери, ушул Эрежелерге ылайык бул маалыматтык конструкцияны (көрнөктү) жайгаштырууда маалыматтык талаанын жана архитектуралык-көркөм элементтердин пропорционалдуулугун бузбастан сакталышы мүмкүн эмес болгон учурда, эскиздик долбоорду иштеп чыгуу жана макулдашуу милдеттүү болуп саналат.
208. Жарнамалык конструкциялар жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда техникалык кароодон өтүүгө тийиш.
11. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга коюлуучу талаптар
209. Жарнамалык конструкциялар:
жол белгилери жана көрсөткүчтөрү менен окшоштуктарга ээ болбоого, алардын көрүнүшүн начарлатпоого, ошондой эле жол коопсуздугун төмөндөтпөөгө тийиш;
жөө жүрүүчүлөр үчүн, көчөлөрдү, тротуарларды тазалоого тоскоол болбоого, ошондой эле башка конструкцияларды тоспоого тийиш;
жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарынын көрүнүүсүн чек койбоосу же кыймылдын катышуучуларынын аларды кабылдоосуна тоскоолдук кылбоосу зарыл;
жол кыймылынын катышуучуларын жарык менен, анын ичинде конструкциянын бетинен чагылдырылган жарык менен көзүн уялтпоого тийиш;
инженердик курулмалардын аралыктагы курулмаларында жайгашканда алардын тыш өлчөмдөрүн кичирейтпөөгө тийиш;
жөө жүрүүчүлөр аларды кабылдоо үчүн көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүгүнө чыгууга мажбур болгондой жайгаштырылбашы керек;
автомобиль жолунун чегинде, угуусу нормалдуу адамдар угууга мүмкүн болгон үндөрдү чыгарбоосу керек.
210. Жолдун капталына орнотууда жарнамалык же маалыматтык конструкциянын астыңкы четинен жол төшөлмөсүнүн үстүнкү бетине чейинки аралык 2,5 метрден кем болбошу керек, ал эми жолдун өтүүчү бөлүгүнүн үстүнө орнотууда 4,5 метрден кем болбошу керек.
211. Жарнакты ички же сырткы жарыктандырууда жарык берүүчү аспаптар жана түзүлүштөр, жолдун өтүүчү бөлүгүнө жарык нурлары түз тийбегендей болуп орнотулушу керек.
212. Жарнамалык конструкциялардан светофорлорго чейинки минималдуу аралык 50 метрди түзүшү керек.
213. Жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда автомобиль жолдорун жана көчөлөрдү күтүүнүн ыңгайлуулугу, жол кыймылын уюштурууну жана аларды эксплуатациялоону жөнгө салуу каражаттарын киргизүү мүмкүндүгү эске алынууга тийиш.
214. Жарнамалык конструкциялардын түркүктөрү, урулган учурларда жогорку деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылган жана шамал жүктөмүндө жана эксплуатациялоодо жетишерлик туруктуу ар кандай материалдан даярдалышы мүмкүн.
12. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо боюнча иштерди жүргүзүүдөгү талаптар
215. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо боюнча иштер архитектуралык-техникалык документтерге ылайык аткарылууга тийиш.
216. Жер участоктордо жайгаштырылуучу маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын пайдубалдарын орнотуу жана башка жер иштерин жүргүзүү, аларды орнотууда, белгиленген тартипте жол-жоболоштурулуп жаткан жер иштеринин өндүрүшүнө болгон ордердин негизинде жүргүзүлөт.
217. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоодо, жолдун же көчөнүн өтүүчү бөлүгүн, же жолдун бөлүнгөн сызыгын ээлөө зарылдыгы жана убактылуу жабуу же кыймылды чектөө зарылдыгы жөнүндө маалымат, иш башталганга чейин 5 жумуш күндөн кем эмес убакытта жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү аймактык бөлүмгө берилиши керек.
218. Маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо же демонтаждоодон кийин 3 суткадан ашпаган мөөнөттө жанаша жайгашкан аймакты жана объектти көрктөндүрүүнү калыбына келтирүүгө милдеттүү.
219. Маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси жарнамалык конструкциянын техникалык жана эстетикалык абалын талаптагыдай абалда камсыз кылууга, конструкцияны, тосмону өз убагында оңдоого жана сырдоого, өңү өчкөн жана бузулган жарнаманы алмаштырууга милдеттүү.
220. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо боюнча иштер аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жана шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү.
Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды алмаштыруу ушул Эрежелерге ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылууга тийиш.
13. Тышкы жарнаманы Маалыматтык, жарнамалык конструкциялар объекттеринин реестрине киргизүү үчүн арыздарды кароонун тартиби
221. Ушул Эрежелердин талаптарын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы:
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт;
жарнама берүүчүлөр, маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлери, мамлекеттик органдар, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик жана социалдык жарнаманы жайгаштыруу маселелери боюнча аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары менен өз ара аракеттенет;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарнамалык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды долбоорлоого, курууга жана башкарууга жеке өнөктөштөрдү тартат;
ушул Эрежелердин талаптарын бир нече жолу бузган адамдар менен маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугуна келишимдик милдеттенмелерди токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат;
маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды орнотуу же демонтаждоо мөөнөттөрү боюнча келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын контролдойт;
Кыргыз Республикасынын жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын контролдойт;
төмөнкүлөр боюнча ушул Эрежелердин талаптарынын аткарылышын контролдойт: маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун укуктуулугу; маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын долбоордук документтерге ылайык келиши; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен зарыл болгон макулдашуулардын болуусу; маалыматтык, жарнамалык конструкциянын абалы, сырткы көрүнүшүнүн күтүлүшү жана алар орнотулган аймактын абалы; жарнамалык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды белгилөө жана пайдалануу.
222. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Бишкек шаарынын аймагындагы жер участокторуна, менчигинин түрүнө карабастан башка объекттерге жайгаштыруу Реестрге киргизилген шартта жүзөгө ашырылат.
223. Реестрге киргизүү Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жарнама берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жеке жактар үчүн: арыз ээсинин аты-жөнү; почта дареги; жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүк же жеке жактын экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укугун ырастаган башка документ; салык төлөөчүнүн идентификациялык жеке номери (ИЖН); маалыматтык, жарнамалык конструкциянын арналышы жана негизги параметрлери, маалыматтык, жарнамалык конструкциянын жайгашкан жеринин дареги, Реестрге киргизүүнүн суралуучу мөөнөтү;
2) юридикалык жактар үчүн: уюмдун аталышы; юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар; жетекчинин аты-жөнү; почта дареги; салык төлөөчүнүн идентификациялык жеке номери (ИЖН); маалыматтык, жарнамалык конструкциянын арналышы жана негизги параметрлери; маалыматтык, жарнамалык конструкциянын жайгашкан жеринин дареги, Реестрге киргизүүнүн суралган мөөнөтү.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
жер участогуна же болбосо имаратка, курулмага укук белгилөөчү жана/же укукту ырастоочу документтер;
жеке жактар үчүн паспортунун көчүрмөсү, юридикалык жактар үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
конструкцияны стационардык жайгаштыруу учурунда - маалыматтык, жарнамалык конструкцияга АТТ;
жарнамалык конструкциянын эскизи.
224. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы арызды кароонун жыйынтыгы боюнча арыз берилгенден кийин 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө: арыз канааттандырылганда реестрге маалыматтарды киргизет; терс чечим кабыл алынганда арыз ээсине баш тартуу жөнүндө билдирүү жөнөтөт.
225. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы арыз ээсине маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди чечим кабыл алган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө жиберет.
226. Арыз ээси тарабынан ушул Эрежелердин талаптарын сакталбагандыгы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.
227. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүү арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык бир айдан бир жылга чейинки мөөнөткө, бирок жер участогуна ижара же жарнамалык конструкцияны ижарага берүү мөөнөтүнөн ашык эмес мөөнөткө жүзөгө ашырылат.
228. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын эскизи өзгөртүлгөн учурда жарнама берүүчү Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүүнү 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
229. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизбестен төмөнкүлөргө тыюу салынат: документтерди аларды пайдаланууга укугу жок башка адамдарга берүүгө; уруксат берүүчү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө; маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын техникалык элементтерин өзгөртүүгө.
14. Реестрди жүргүзүү тартиби
230. Реестрге эсепке алуу объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
маалыматтык, жарнамалык конструкциялар, аларда жайгаштырылуучу плакаттар, такталар, жарык таблолор жана туруктуу аймактык жайгаштыруунун башка техникалык каражаттары;
транспорттук каражаттарга жайгаштырылуучу жарнамалык конструкциялар.
231. Реестрди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жарнама берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
232. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
Реестрди жүргүзүүнүн тартибин жана Реестрди жүргүзүүгө коюлуучу талаптарды сактоону камсыз кылууга;
Реестрге кирүү укугунун сакталышын жана коммерциялык сырды коргоону камсыз кылууга;
белгиленген тартипте маалыматтык-сурап билүү тейлөөсүн жүзөгө ашырууга, Реестрден көчүрмөлөрдү берүүгө.
233. Реестрге төмөнкү маалыматтар киргизилет:
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын эскизи;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын дареги (жайгашкан жери), автотранспорттук каражатта жарнама жайгаштырылган учурда автотранспорттук каражаттын мамлекеттик номери;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын өлчөмү жана аянты;
маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугунун аяктоо датасы жана мөөнөтү;
юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк, маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын ээсинин паспорттук маалыматтары;
укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин маалым даректери;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын же болбосо автотранспорттук каражаттардын ээси жөнүндө маалыматтар;
маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга архитектуралык-техникалык корутунду жөнүндө маалыматтар;
жарнамага жана маалыматка карата белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалыматтар, алардын келип чыгышынын жана токтотулушунун негизин жана датасын көрсөтүү менен.
234. Реестр кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн алып жүрүүчүлөрдөгү маалыматтар туура келбеген учурда кагаз жүзүндөгү маалымат артыкчылыкка ээ болот.
235. Реестр маалыматты уурдоонун, жоготуунун, бурмалоонун жана жасалмалоонун алдын алууну камсыз кылуучу шарттарды сактоо менен бөтөн адамдар жете албаган жерлерде сакталат жана иштетилет.
236. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялар жөнүндө маалыматтарды жана алар жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазууларды Реестрге киргизүү маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээсинин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүзөгө ашырылат, алар жөнүндө маалыматтар Реестрге киргизилүүгө тийиш.
237. Документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен арыз, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугу пайда болгон, өзгөргөн же токтотулган учурдан тартып (маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө) эки жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга берилет.
238. Эгерде маалыматтык, жарнамалык конструкция ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келбегендиги белгиленген, адамдын маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга укугу ырасталбаган, документтер толук көлөмдө берилбеген учурда, ыйгарым укуктуу орган маалыматтарды Реестрге киргизүүдөн баш тартат.
15. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо
239. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык келбеген маалыматтык, жарнамалык конструкциялар, ошондой эле маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээсинин жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана менчигине, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттери, айлана-чөйрөгө келтирген зыяны аныкталган учурда, табылган бузуулар жөнүндө маалыматты маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугуна андан ары 30 календардык күнгө токтото туруу менен Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жөнөтөт.
240. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээсине бузуу фактысы аныкталган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугун токтото турууга алып келген бузууларды четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүгө милдеттүү.
241. Маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси тарабынан аныкталган бузуулар четтетилгенде, Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы 3 жумуш күндүн ичинде маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугун кайра жаңыртат.
242. Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө бузуулар четтетилбесе, Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы бузууларды жоюу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо жол-жобосун демилгелейт.
243. Конструкцияны ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык келтирүү маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси тарабынан анын өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
244. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси тарабынан конструкцияны ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык келтирүү мүмкүн болбогон учурда, ыктыярдуу тартипте конструкция орнотулганга чейинки түрдө объекттин сырткы бетин кийин калыбына келтирүү жана ушул сыяктуу материалдарды, технологияларды пайдалануу, ошондой эле жер участогунун абалын баштапкы абалга калыбына келтирүү менен демонтаждоо жүзөгө ашырылат.
245. Эгерде маалыматтык, жарнамалык конструкция анын ээси тарабынан ыктыярдуу тартипте он күндүк мөөнөттө демонтаждалбаса, бул конструкцияны мажбурлап демонтаждоону уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жеңилдетилген типтеги объекттерди демонтаждоо үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
246. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоону, аларды жеңилдетилген типтеги объекттерди демонтаждоо жана сактоо үчүн белгиленген тартипте сактоо үчүн атайын уюштурулган жерге көчүрүүнү уюштурат.
247. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча иштер жүргүзүлгөндөн кийин жүргүзүлгөн демонтаждоо жөнүндө маалыматты шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберет.
248. Демонтаждоо, ташуу жана сактоо боюнча иштерди аткарууга кеткен чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын талабы боюнча маалыматтык, жарнамалык конструкциянын менчик ээси же пайдалануучусу тарабынан орду толтурулууга тийиш.
249. Менчик ээси же пайдалануучу маалыматтык жана жарнамалык конструкцияны демонтаждоо, ташуу жана сактоо менен байланышкан чыгымдарды төлөгөндөн кийин, демонтаждалган маалыматтык, жарнамалык конструкциялар белгиленген тартипте ээсине кайтарылып берилет.
250. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы конструкцияны мажбурлоо тартибинде демонтаждоодо жана сактоо үчүн атайын уюштурулган жерге көчүрүүдө маалыматтык, жарнамалык конструкциянын жана ага тиешелүү жабдуулардын абалы, сакталышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
251. Бекитилген уруксат берүүчү документтери жок жана ушул Эрежелерди бузуу менен имараттын, курулманын фасадында жайгаштырылган маалыматтык, жарнамалык конструкциялар демонтаждалууга тийиш.
16. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
252. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды керектүү уруксат берүүчү документтерди албастан жана (же) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Эрежелердин талаптарын бузуу менен жайгаштыргандыгы жана (же) эксплуатациялагандыгы үчүн маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
253. Маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды эксплуатациялоо, монтаждоо жана демонтаждоо шарттарын бузуудан улам келип чыккан бузулуулар жана авариялык кырдаалдар үчүн жоопкерчилик тартат.
254. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды талаптагыдай эмес абалда күтүү, конструкциялардын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бузуу жана ушул Эрежелердеги башка бузуулар үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлерине жүктөлөт.
255. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлерине карата жоопкерчилик чараларын колдонуу укук бузуучуларды жол берилген бузууларды четтетүү милдетинен бошотпойт.
256. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын Реестрге киргизүүгө тиешелүү чечими "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И. Аденов |