Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы
№ 385 токтомуна)
Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында эсептик-контролдук маркаларды берүү жана колдонуу тартибин аныктайт.
Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) импорттоочу – маркалануучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизген салык төлөөчү;
2) ыйгарым укуктуу банк – ыйгарым укуктуу салык органы менен тейлөөгө келишим түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк;
3) маркалануучу продукция – тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу продукция;
4) эсептик-контролдук маркалардын номиналдык наркы – ыйгарым укуктуу банк аркылуу сатууда эсептик-контролдук марканын сатылган баасы;
5) электрондук-маалыматтык элемент – электрондук түзүлүштөр жана/же программалык тиркемелер менен аныкталуучу, аныктыгын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматты өзүнө алып жүрүүгө жөндөмдүү, ошондой эле салык органдарына жыйноого, эсептик контролдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү ар кандай башка маалыматты алып жүрүүчү эсептик-контролдук маркадагы элемент;
6) салык кызматынын органы – ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;
Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде аныкталган мааниде чечмеленет.
2. Уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында эсептик-контролдук марка менен белгиленбеген маркалануучу продукцияны жөнөтүүгө жана сатууга, ошондой эле эсептик-контролдук маркасы жок маркалануучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө, ташууга, комиссияга же консигнацияга кабыл алууга тыюу салынат.
Эсептик-контролдук маркалар менен белгиленбеген маркалануучу продукцияны жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чегинде ташып киргизүүгө (жөнөтүүгө) жол берилет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге киргизилген продукция эсептик-контролдук марка менен маркаланууга тийиш. Продукцияны түрлөрү, аталыштары жана сыйымдуулугу боюнча маркалоо салык кызматынын органынын эсептик-контролдук маркаларды берүү жөнүндө чечиминде көрсөтүлгөн эсептик-контролдук маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети милдеттүү маркалоонун жана эсептик-контролдук марка менен маркаланбаган продукцияны жүгүртүүгө тыюу салуунун мөөнөттөрүн аныктайт.
5. Салык төлөөчү экспорт үчүн өндүргөн маркалануучу продукция экспортко жөнөтүлүүдө эсептик-контролдук маркалар менен маркаланууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын аймагында экспорттоо үчүн өндүрүлгөн жана эсептик-контролдук маркалар менен белгиленбеген, маркаланууга тийиш (анын ичинде товар алмашуу негизинде же иштетип алма чийки затты пайдалануу менен сатып алынган) продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.
6. Маркалануучу продукция куюлган же оролгон бөтөлкөдө, кутуда же башка идиште эсептик-контролдук марканын болушу аны керектөөчүлөргө сатуу, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу (эл аралык транзиттен башка) жана сактоо (өндүрүүчү тарабынан буюмдарды технологиялык процесске ылайык маркалоого чейин сактоодон же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн сактоодон тышкары) үчүн зарыл шарттардын бири болуп саналат.
7. Маркалоо эсептик-контролдук маркаларды кайталап пайдаланууну жокко чыгарган ыкма менен жүзөгө ашырылат. Маркалоо капкакка же продукция ачыла турган жерге жүргүзүлөт. Эсептик-контролдук маркаларды чаптоодо товардан эсептик-контролдук марканы бузбай туруп алып салууга мүмкүндүк бербеген клей колдонулууга тийиш.
8. Ушул Жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган продукция маркаланбаган продукция катары каралат.
9. Эсептик-контролдук маркалар ыйгарым укуктуу салык органынын заказы боюнча мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүүчү менен түзүлгөн келишимдин (контракттын) негизинде жасалат. Эсептик-контролдук маркалардын формасы жана үлгүлөрү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан берүүчү менен бирдикте иштелип чыгат. Эсептик-контролдук маркалардын формаларын жана үлгүлөрүн ыйгарым укуктуу салык органы бекитет.
Эсептик-контролдук маркалар Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын банк системасы аркылуу берилет, ошондой эле чет өлкөлөргө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдорго түздөн-түз жөнөтүлөт.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн сатып алынган жана чет өлкөгө өндүрүүчү заводго жөнөтүлгөн эсептик-контролдук маркалар маркалануучу продукцияны өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалоо үчүн пайдаланылат.
11. Маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдо чет өлкөдө чаптоо үчүн ыйгарым укуктуу банктан сатып алынган эсептик-контролдук маркалар бажылык экспорттоо жол-жобосу алдында бажы төлөмдөрүн албастан Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгарылат.
12. Салык төлөөчү эсептик-контролдук маркалардын наркын ыйгарым укуктуу банктагы эсепке акча каражаттарын которуу жолу менен төлөйт.
2-глава. Эсептик-контролдук маркаларды берүү тартиби
13. Ыйгарым укуктуу банк салык төлөөчүгө эсептик-контролдук маркалардын номиналдык наркын төлөгөндөн кийин гана эсептик-контролдук маркаларды берет.
14. Эсептик-контролдук марканын номиналдык наркын монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
15. Салык төлөөчүгө эсептик-контролдук маркаларды сатуу маркаларды ыйгарым укуктуу банк аркылуу берүү же эсептик-контролдук маркаларды маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго түздөн-түз жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген маркалануучу продукция маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдо гана маркаланууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу банк тарабынан эсептик-контролдук маркаларды берүү жөнүндө чечимди аймактык салык органы төмөнкү документтер берилгенде кабыл алат:
– өндүрүлүүчү жана/же импорттолуучу маркалануучу товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен эсептешүү арызы (ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык 2 нускада). Маркалануучу продукциянын эсептешүү арызынын бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат;
– маркалануучу продукцияны ташып киргизүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсү (продукциянын лицензиялануучу түрлөрү үчүн);
– маркалануучу продукциянын бардык санына эсептик-контролдук маркалардын номиналдык наркы төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөсү жана түп нускасы. Төлөм документинин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, төлөм документтеринин түп нускалары салык төлөөчүгө кайтарып берилет;
– ташып киргизилүүчү маркалануучу продукцияга инвойстор, маркалануучу продукцияны берүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, келишим колдонулган мезгилде алгачкы жолу өтүнмө берилген учурда бир жолу берилет. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарып берилет.
Эсептик-контролдук маркаларды чет өлкөгө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу салык органы кабыл алат. Мында ушул пункттун үчүнчү–алтынчы абзацтарында каралган документтерден тышкары, салык төлөөчү маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдун так реквизиттерин толук көрсөтүү менен эсептик-контролдук маркаларды жөнөтүү өтүнүчү менен кат жиберет.
Импорттолуучу маркалануучу продукцияга эсептик-контролдук маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу банк тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 3 нускада түзүлөт. Ыйгарым укуктуу банк эсептик-контролдук маркаларды чечимде көрсөтүлгөн эсептик-контролдук маркалардын катар номерине ылайык салык төлөөчүгө берет. Салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси – салык төлөөчүдө, үчүнчүсү – салык кызматынын органында калат.
Мында салык төлөөчү алган эсептик-контролдук маркалардын номерлеринин диапазонун салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн номерлердин диапазону менен кайра эсептейт жана салыштырат.
Салык кызматынын органдары маркалануучу продукция үчүн салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан аткарылышын эсепке алат жана контролдойт.
16. Маркалануучу продукцияны өндүрүүчү чет өлкөлүк заводго эсептик-контролдук маркаларды жөнөтүү жөнүндө чечим эки нускада түзүлөт: салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу салык органында, экинчиси – салык төлөөчүдө калат. Мында ыйгарым укуктуу салык органы маркалануучу продукцияны чет өлкөлүк өндүрүүчү заводго эсептик-контролдук маркалардын тиешелүү партиясын жөнөтүү жөнүндө эсептик-контролдук маркаларды өндүрүүчү компанияга заказ катты жөнөтөт.
Чет өлкөлүк маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго эсептик-контролдук маркаларды жөнөтүүдө эсептик-контролдук маркаларды сатып алуу датасы болуп ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чет өлкөлүк маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго эсептик-контролдук маркаларды жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган дата эсептелет.
17. Эсептик-контролдук маркаларды сатып алууга арызды тариздөөдө чоң сыйымдуулукка куюлган же таңгакталган продукцияны маркалоо үчүн салык төлөөчү эсептик-контролдук маркалардын номиналдык наркын төлөгөндүгү жөнүндө ырастоону берет. Салык кызматынын органдары маркаланууга тийиш болгон продукциянын көлөмүн ырастагандан жана эсептик-контролдук маркалардын номиналдык наркын төлөгөндөн кийин салык кызматынын органы эсептик-контролдук маркаларды берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
18. Чет өлкөлүк маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго эсептик-контролдук маркаларды жөнөтүү жөнүндө чечим салык кызматынын органы тарабынан салык төлөөчү ушул Жобонун 15-пунктунда каралган документтерди берген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
19. Эгерде эсептик-контролдук маркаларды сатып алууга эсептешүү арызын тариздөө учурунда ыйгарым укуктуу банкта керектүү типтеги же сыйымдуулуктагы эсептик-контролдук маркалар жок болсо же талап кылынган эсептик-контролдук маркалар өндүрүшкө өтүнмөдө көрсөтүлбөсө, анда ыйгарым укуктуу банкта болгон эсептик-контролдук маркаларды сатууга мүмкүн. Бул үчүн ыйгарым укуктуу салык органы маркалануучу продукциянын тибин, сыйымдуулугун жана аталышын көрсөтүү менен колдо болгон эсептик-контролдук маркалар менен маркалануучу продукцияны белгилөөгө жазуу жүзүндөгү уруксатты эсептик-контролдук маркаларды сатып алуучу салык төлөөчүгө, ыйгарым укуктуу банкка, эсептик-контролдук маркаларды сатып алуучу салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык кызматынын органына, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
20. Салык кызматынын органдары маркалануучу продукцияны өндүрүүчү же импорттоочу салык төлөөчүнүн салыктарды эсептөө үчүн эсептерди жана башка документтерди бергендигин контролдойт.
3-глава. Эсептик-контролдук маркаларды эсепке алуу жана сактоо тартиби
21. Эсептик-контролдук маркалар атайын мамлекеттик бланктар, ошондой эле идентификациялоо каражаты болуп саналат.
22. Эсептик-контролдук маркалар кагаз барактарында даярдалат, маркалануучу продукциянын түрүнө жараша тиешелүү формалары жана өлчөмдөрү, бир же бир нече коргоочу элементтери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин аталышы жана сүрөтү, катар номери, электрондук-маалыматтык элементи жана продукциянын түрүн жана колдонулуучу сыйымдуулуктардын диапазонун аныктаган сериясы болот.
23. Эсептик-контролдук маркалардын сакталышын камсыз кылуу максатында салык төлөөчү атайын жай бөлүп берүүгө же аларды күйбөй турган ящиктерде (сейфтерде) сактоого милдеттүү.
24. Эсептик-контролдук маркалар ишкананын кампасында ташуу боюнча чыгымдарды кошпостон, ыйгарым укуктуу банктагы атайын бөгөттөлгөн эсепке төлөнгөн номиналдык наркы боюнча кириштелет.
25. Эсептик-контролдук маркаларды колдонгон ишканаларда жетекчинин буйругу менен эсептик-контролдук маркалардын сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы дайындалат. Кызмат адамы продукцияны белгилөө үчүн эсептик-контролдук маркаларды кол койдуруу менен берет жана эсептик-контролдук маркалардын тибин, сыйымдуулугун, аталышын, номерлерин жана аларды алуучунун фамилиясын белгилөө менен жөнөтүлгөн продукциянын жана берилген маркалардын эсебин жүргүзөт.
26. Эсептик-контролдук маркаларды алган салык төлөөчү ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды талаптагыдай пайдалануу жөнүндө отчетту ар квартал сайын берүүгө милдеттүү.
27. Салык кызматынын органдары өндүрүүчү ишканаларда эсептик-контролдук маркалардын эсептен чыгарылышынын тууралыгын дайыма контролдоого (бул үчүн зарыл болгон учурда эсептик-контролдук маркалардын болушуна инвентаризация жүргүзөт), эсептен чыгарылган эсептик-контролдук маркалардын санын бөтөлкөдөгү же башка идиштеги чыгарылган жана сатылган продукциянын саны менен салыштырууга милдеттүү.
4-глава. Пайдаланылбаган жана чаптоо процессинде бузулган эсептик-контролдук маркаларды кайтарып берүү
28. Маркалануучу продукцияны өндүрүү/импорттоо токтотулган учурда өндүрүүчү/импорттоочу пайдаланылбаган бардык эсептик-контролдук маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Пайдаланылбаган эсептик-контролдук маркаларды кайтаруужол-жобосун жүргүзүү үчүн маркалануучу продукцияны өндүрүүчү/импорттоочу эсептик-контролдук маркаларды алган жери боюнча салык кызматынын органына төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
– эсептик-контролдук маркаларды кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү жана төлөнгөн номиналдык наркты эсептик-контролдук маркаларды кийинки сатып алууда кайрадан пайдаланууга уруксат берүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндөгү арызды;
– маркалануучу продукциянын түрүн аныктоочу серияларды, кагаз жана электрондук түрдө кайтарылуучу эсептик-контролдук маркалардын сыйымдуулуктарын жана катар номерлерин көрсөтүү менен реестрди;
– эсептик-контролдук маркаларды берүү жөнүндө чечимдин нускасын.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда саналган документтерди текшерет жана эсептик-контролдук маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал үч нускада түзүлөт. Эсептик-контролдук маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси – эсептик-контролдук маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү – салык кызматынын органында калат.
29. Пайдаланылбаган эсептик-контролдук маркалардын номиналдык наркын кайтарып берүү ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык кызматынын тиешелүү органы менен макулдашуу боюнча бир жумалык мөөнөттө жүргүзүлөт.
30. Маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдо чаптоо процессинде эсептик-контролдук маркалар бузулган учурда бузулуу себептерин, бузулган эсептик-контролдук маркалардын санын жана типтерин көрсөтүү менен акт түзүлөт. Өндүрүүчү/импорттоочу бузулган эсептик-контролдук маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Кайтарып берүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн өндүрүүчү/импорттоочу эсептик-контролдук маркаларды алган жери боюнча салык кызматынын органына төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
– эсептик-контролдук маркалардын бузулушу жөнүндө актты;
– маркалануучу продукциянын түрүн аныктоочу серияларды, кагаз жана электрондук түрдө кайтарылуучу бузулган эсептик-контролдук маркалардын сыйымдуулуктарын жана катар номерлерин көрсөтүү менен реестрди.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда саналган документтерди текшерет жана бузулган эсептик-контролдук маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал салык кызматынын органы бекиткен форма боюнча үч нускада түзүлөт. Эсептик-контролдук маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси – салык төлөөчүдө, үчүнчүсү – салык кызматынын органында калат.
Продукциянын түрүн аныктаган сериялары, сыйымдуулугу, баа диапазону жана катар номерлери толугу менен каралбаган жана электрондук-маалыматтык элементи идентификацияланбаган эсептик-контролдук маркалар ыйгарым укуктуу банкка кайтарылбайт.
31. Маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз эсептик-контролдук маркалар ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык кызматынын тиешелүү органынын өкүлдөрүнүн жана өндүрүүчүнүн/импорттоочунун катышуусунда комиссиялык түрдө жок кылынууга тийиш.
32. Өндүрүлгөн маркалануучу товарлар бузулган же жоголгон учурда, ал жеткис күчтүн кесепетинен келип чыккан учурларды кошпогондо, номиналдык нарк толук өлчөмдө төлөнөт жана/же кайтарылууга тийиш эмес. Эсептик-контролдук маркалар жоголгон учурда, ал жеткис күчтүн кесепетинен келип чыккан учурларды кошпогондо, эсептик-контролдук маркаларды сатып алууга чейин же сатып алуу учурунда төлөнгөн номиналдык нарк кайтарылууга тийиш эмес.
33. Өндүрүштүк брак аныкталган учурда салык төлөөчү жетекчинин, башкы бухгалтердин жана эсептик-контролдук маркалардын сакталышы үчүн жооптуу адамдын катышуусунда брак болгон эсептик-контролдук маркалардын аныкталгандыгы жөнүндө акт түзөт, эсептик-контролдук маркалардын тибин жана номерлерин, кутунун номерин көрсөтөт, ошондой эле аныкталган брак маркаларды сүрөткө тартат. Андан ары салык төлөөчү брак болгон маркалардын аныкталгандыгы жөнүндө актыны, эсептик-контролдук маркаларды сатып алууда төлөнгөн номиналдык нарктын квитанциясынын көчүрмөсүн жана брак болгон маркалардын сүрөтүн салык кызматынын органына берет. Салык кызматынын органдары бир жумалык мөөнөттө андан ары изилдөө үчүн эсептик-контролдук маркаларды өндүрүүчү компанияга берүү үчүн материалдарды ыйгарым укуктуу салык органына өткөрүп берет. Өндүрүүчү компания брактын болушун ырастаган учурда салык төлөөчү брак болгон сандын ордуна номиналдык наркын төлөбөстөн эсептик-контролдук маркаларды алууга укуктуу.
5-глава. Товарларды маркалоону контролдоо
34. Евразия Экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу продукцияны эсептик-контролдук маркалар менен маркалоо салык контролу астында, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан –бажы контролу астында (анын ичинде бажы кампасынын аймагында жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен реестрге киргизилген убактылуу сактоо кампаларында) жүзөгө ашырылат.
35. Соода тармагында (чекене жана дүң) турган маркалануучу продукцияда эсептик-контролдук маркалардын болушун жана аныктыгын салык кызматынын органдары контролдойт.
36. Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган маркалануучу продукцияны өндүрүүчү, импорттоочу же сатуучу уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
______________________________________________________ (салык кызматынын органынын аталышы)
Эсептик-контролдук маркаларды сатып алууга
эсептешүү арызы 20___ жылдын “___” _______________ № ______ (салык органы тарабынан толтурулат)
Салык төлөөчүнүн аталышы |
|
Юридикалык дареги жана телефону |
|
ИСНи |
|
№ | Маркалануучу продукциянын түрү | Маркалардын тиби | Продукция-нын аталышы | Сыйымдуу-лугу (маркадагы) | Идиштин сыйымдуу-лугу | Сатып алынуучу эсептик-контролдук маркалар-дын саны | Салык салы-нуучу көлөм | Эсептик-контролдук маркалар-дын номиналдык наркы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Маркалардын номиналдык наркы 20__ жылдын “___” ________ № ___ төлөм документине ылайык № _____________ эсепке ________________________________________________________________ сом суммасында төлөндү.
(жазуу менен)
М. О. | Уюмдун жетекчиси: | _________________________________________________ |
|
| (колу) |
| Башкы бухгалтер: | _________________________________________________ |
|
| (колу) |
|
Форма
Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды талаптагыдай пайдалануу жөнүндө отчет
_________________________________________________________________________
(маркалануучу продукцияны өндүрүүчү, ташып келүүчү (импорттоочу) импорттоочунун аталышы, ИСНи
жана жайгашкан жеринин дареги)
№ | Эсептик-контрол-дук марка-ларды алууга чечим-дин номери | Эсептик-контрол-дук марка-ларды алууга чечим-дин датасы | Марка-лануучу продук-циянын түрү | Эсептик-контролдук марка-лар пайдала-нылган марка-лануучу продук-циянын ата-лышы | Сыйым-дуулугу (марка-дагы) | Эсептик-контролдук маркалар берилди | Маркалануучу продукцияны маркалоо үчүн эсептик-контролдук маркалар пайдаланды | Бузулган жана (же) пайдаланыл-баган эсептик-контролдук маркалар салык органына кайтарып берилди | Пайдала-нылбаган эсептик-контролдук маркалардын калдыгы | ||||
эсептик-контрол-дук маркалардын тиби жана номер-леринин диапа-зону | са-ны (даа-на) | сериясы номер-леринин диапа- зону | са-ны (даа-на) | сериясы номер-леринин диапа-зону | саны (даа-на)) | серия-сы номер-лери-нин диапа-зону | саны (даана) | ||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы |
| x |
| x |
|
|
| ||||||
Бардыгы _______ даана эсептик-контролдук маркалар берилди, анын ичинде:
маркалоо үчүн _______ даана пайдаланылды;
_______ даана кайтарып берилди;
калдыгы _______ даана.
Отчетко тиркеме _____ барак.
Жетекчи | _______________________________ (аты-жөнү) | ________________________ (колу) |
|
|
|
Башкы бухгалтер (болсо) | _______________________________ (аты-жөнү) | ________________________ (колу) |
М. О.