Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 27-июну № 547-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү, отчеттуулуктун ачык-айкындыгын жана бир түрдүүлүгүн камсыз кылуу, анын аткарылышына контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган деп аныктоо жөнүндө” Жарлыгынын 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул тескемени ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 450-б буйругу.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |