Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 26-июну № 126
Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 131-статьянын 3-пунктунун 5-пунктчасында "текшерүү комиссиясын (текшерүүчүсүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматын (ички аудиторун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1311-статьяда:
а) аталышында "облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды" деген сөздөр "облигацияларды, камсыздалган облигацияларды жана эл аралык облигацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды" деген сөздөр "облигацияларды, камсыздалган облигацияларды жана эл аралык облигацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 147-статьянын 2-пунктунда "облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды" деген сөздөр "облигацияларды, камсыздалган облигацияларды жана эл аралык облигацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 148-статьянын 31-пунктунда:
а) биринчи абзацта "текшерүү комиссиясы (текшерүүчү)" деген сөздөр "ички аудит кызматы (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзацта "Текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн)" деген сөздөр "Ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-статьянын 4-пунктунда "текшерүү комиссиясын түзүүгө" деген сөздөр "ички аудит кызматын түзүүгө (ички аудитти дайындоого)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 39-статьяда:
а) 1-пунктта:
- онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) ички аудит кызматы (ички аудитор);";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Облигацияларды чыгарууну жүзөгө ашыруучу эмитенттердин өздүк капиталына карата ченемдик талаптар, буга кошуп өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Коомдун баалуу кагаздарын векселдер, ошондой эле террористтик жана экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги) турган жеке жана юридикалык жактарга таандык болгон акчалар, баалуу кагаздар, башка буюмдар же мүлктүк укуктар, же болбосо акчалай баасы бар башка укуктар менен төлөөгө тыюу салынат.
5. Коом өзүнүн уставына ылайык эл аралык облигацияларды чыгарууга укуктуу. Мында ушул статьянын 1-4-пункттарында каралган талаптар эл аралык облигацияларды чыгарууга карата колдонулбайт.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 391-статья менен толукталсын:
"391-статья. Кошумча жоопкерчилиги бар коом тарабынан облигацияларды жана камсыз кылынган облигацияларды чыгаруу
Ушул Мыйзамдын 39-статьясында белгиленген талаптар кошумча жоопкерчилиги бар коомго карата да колдонулат.";
4) 40-статьяда:
а) 3-пункттун экинчи абзацында "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчү) мүчөсү" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөсү (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-пункттун 5-пунктчасында "текшерүү комиссиясын (текшерүүчүнү)" деген сөздөр "ички аудит кызматын (ички аудиторду)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 41-статьяда:
а) 1-пунктта "текшерүү комиссиясын түзүүгө" деген сөздөр "ички аудит кызматын түзүүгө (ички аудиторду дайындоого)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 2-пунктта:
- биринчи абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-пунктта "Текшерүү комиссиясы" деген сөздөр "Ички аудит кызматы (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-пунктта "текшерүү комиссиясы", "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр тийиштүүлүгүнө карай "ички аудит кызматы (ички аудитор)", "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 261-статья менен толукталсын:
261-статья. Акционердин милдеттери
Акционер өзүнүн жеке маалыматтары өзгөргөн күндөн тартып бир жылдын ичинде акционердик коомго жана (же) акционерлердин реестрин кармоочуга дареги, байланыш маалыматтары жана акционер менен байланышуу жана аны идентификациялоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Кабарлама жазуу жүзүндө же коомдун уставында же реестрди кармоочу менен түзүлгөн келишиминде каралган башка жол менен жиберилүүгө тийиш.
Бул милдет аткарылбаган учурда акционердик коом жана (же) акционерлердин реестрин кармоочу акционерге анын коомго катышуусуна байланыштуу маалыматтарды бербегендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт, ошондой эле дивиденддерди төлөөнү жана акционердин башка укуктарын ишке ашырууну актуалдуу маалыматтар алынган күнгө чейин токтотуп турууга укуктуу.";
2) 27-статьяда:
а) 1-пункт:
- "облигацияларды" деген сөздөн кийин ", эл аралык облигацияларды" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кредиттерди жана зайымдарды тындыруу үчүн, ошондой эле акыркы жылдын ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары бар болгондо облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.";
б) 2-пункт "Облигацияларды" деген сөздөн кийин ", эл аралык облигацияларды" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-пунктта:
- мамлекеттик тилдеги экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коом облигацияларды тындыруунун бир жолку мөөнөтү менен же белгилүү мөөнөттө сериялар боюнча тындыруу мөөнөтү менен облигацияларды чыгара алат.
Облигацияларды тындыруу аларды чыгаруу жөнүндө чечимге ылайык акчалай түрүндө же дагы башка мүлк менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Коом тарабынан облигацияларды чыгаруу өздүк капиталдын көлөмүнөн ашпаган суммага гана жол берилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Облигацияларды чыгарууну жүзөгө ашыруучу эмитенттердин өздүк капиталына карата ченемдик талаптар, буга кошуп өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
3) 28-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коомдун акцияларын жана башка баалуу кагаздарын векселдер, ошондой эле террористтик жана экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги) турган жеке жана юридикалык жактарга таандык акчалар, баалуу кагаздар, башка буюмдар же мүлктүк укуктар, же болбосо акчалай баасы бар башка укуктар менен төлөөгө тыюу салынат.";
4) 31-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Дивиденддерди таза пайданын 25 пайызынан ашык өлчөмүндө төлөө жана аны төлөөнүн мүмкүн болгон формасы жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынат.";
5) 36-статьяда:
а) 1-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) ички аудит кызматы (ички аудитор) - контролдоочу орган.";
6) 2-пункттун экинчи абзацында "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 38-статьяда:
а) 1-пунктта:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) эгерде бул кодексти кабыл алуу коомдун уставында каралса, корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;";
- 10-пунктча "облигацияларды" деген сөздөн кийин ", эл аралык облигацияларды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктчада "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн (текшерүүчүсүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрүн (ички аудиторун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) дивиденддерди таза пайданын 25 пайызынан ашык өлчөмүндө төлөө жана дивиденддерди төлөө тартиби жөнүндө чечимди кабыл алуу;";
- 20-пунктчада "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө (текшерүүчүлөргө)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө (ички аудиторго)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта "1-23" деген цифралар "1-22" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-пункттун үчүнчү абзацында "текшерүү комиссиясын" деген сөздөр "ички аудит кызматын (ички аудиторду)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 41-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Эгерде ал глобалдык депозитардык тил каттардын эмитенти болуп саналса жана депозитардык тил каттардын акыркы ээлеринин маалыматтарына ээ болбосо, ушул талап акциялардын номиналдык кармоочуларына жайылтылбайт. Ушуну менен бирге мындай номиналдык кармоочу баалуу кагаздар боюнча укуктарды жүзөгө ашыруу менен байланышкан иш-аракеттерди (анын ичинде жалпы чогулушка катышуу укугун) ишеним катсыз эле, ал кызыкчылыгын коргоп акцияларына ээ болгон жактардан алган көрсөтмөлөргө (нускамаларга) ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.";
8) 42-статьянын 5-пунктунда:
а) үчүнчү абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бешинчи абзацта "текшерүү комиссиясына (текшерүүчүсүнө)" деген сөздөр "ички аудит кызматына (ички аудиторуна)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 45-статьянын 1-пунктунун бешинчи абзацында "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 46-статьянын 2-пунктунда "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчү)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 49-статьянын 3-пунктунда:
а) алтынчы абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Добуш берүү үчүн бюллетендин формасы добуш берүүгө коюлган ар бир маселе боюнча болгон добуштардын ар кандай саны менен өз-өзүнчө добуш берүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.";
12) 54-статьяда:
а) 1-пунктта:
- он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо;";
- он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- коом тарабынан мындай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата чыгаруунун номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 пайызына чейинкисин түзгөн акцияларга конвертацияланбаган облигацияларды, эл аралык облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу.";
б) 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аткаруу органынын, ички аудит кызматынын (ички аудитордун), эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү, коомдун катчысы жана аудитору менен контракттарды түзүү;";
13) 55-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун акционери боло албайт. Коомдун директорлор кеңешинин курамына шайлануучу адамдарга коюлуучу талаптар коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилген ички документ менен белгилениши мүмкүн. Аларга ошондой эле иш тажрыйбасына, ишкердик аброюна, кызыкчылыктардын тикелей же потенциалдуу кагылышуусунун жоктугуна карата талаптар киргизилиши мүмкүн.";
14) 57-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацында "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 58-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "бир жылдан" деген сөздөр "үч жылдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 60-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө (текшерүүчүгө)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө (ички аудиторуна)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 62-статьяда:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "62-статья. Коомдун ички аудит кызматы (ички аудитору)";
б) 1-пунктта:
- "текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү)", "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчүсү)", "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ички аудит кызматы (ички аудитору)", "ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитору)", "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө (ички аудиторго) карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.";
в) 2-пунктта "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-пунктта:
- биринчи абзацта "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "Текшерүү комиссиясы" деген сөздөр "Ички аудит кызматы (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацта "Текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "Ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 4-пунктта "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 5-пунктта "текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү)", "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ички аудит кызматы (ички аудитор)", "ички аудит кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 6-пунктта:
- биринчи абзацта "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчү)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
з) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ички аудит кызматынын жыйналыштары кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Ички аудит кызматынын жыйналыштарын чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби коомдун ички документтери менен белгиленет.";
18) 63-статьянын бешинчи бөлүгүндө "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 64-статьяда:
а) аталышында "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи бөлүктүн экинчи абзацында "текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү)" деген сөздөр "ички аудит кызматы (ички аудитору)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 65-статьянын 1 жана 3-пункттарында "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 69-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде ачык компаниянын акциялары же мындай акцияларга болгон укукту ырастоочу глобалдык депозитардык тил каттар уюштурулган тооруктарда кеминде алты ай бою жүгүртүлсө, мындай акцияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алуу баасы бул баалуу кагаздарды баалоону жана сатып алууну талап кылуу укугунун келип чыгуусуна алып келген, акционерлердин жалпы чогулушу чечим кабыл алган датадан мурунку алты ай ичинде уюштурулган тооруктардын жыйынтыгы боюнча аныкталган алардын орточо алынган баасынан төмөн болушу мүмкүн эмес. Бул учурда көз карандысыз баалоочуну тартуу талап кылынбайт.
Эгерде мындай акциялар уюштурулган тооруктарда жүгүртүлбөгөндүгүнө байланыштуу акциялардын орточо алынган баасын аныктоо мүмкүн болбосо, бааны аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочу тартылат.
Ушул статьяда каралган учурларда, банк-депозитарий тарабынан коомдун акцияларына укуктарды ырастоочу глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алууда, коомдо акцияларды сатып алуу боюнча кошумча милдеттер пайда болбойт, аларга болгон укуктар алар сатып алган глобалдык депозитардык тил каттар менен күбөлөндүрүлөт.";
22) VII глава төмөнкүдөй мазмундагы 711-берене менен толукталсын:
"711-берене. Активдүү эмес жана идентификацияланбаган акционерлердин акцияларын соттун чечими боюнча сатып алуунун тартиби
1. Акционердик коомдун акцияларынын 80 пайызынан ашыгына ээ болгон акционер акыркы он жыл катары менен жалпы жылдык чогулуштарга катышпаган жана аларды идентификациялоо жана байланыштыруу үчүн зарыл болгон актуалдуу маалыматтарды бербеген акционерлердин акцияларын сатып алуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
2. Сот келтирилген далилдерди карап чыгып, төмөнкү талаптар сакталган шартта көрсөтүлгөн акцияларды мажбурлап сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:
- көз карандысыз баалоочуну тартуу менен сатып алынууга тийиш болгон акциялардын рыноктук наркына көз карандысыз баа берүүнү жүргүзүү;
- сотко арыз берилгенге чейин эки айдан кечиктирбестен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жана акционердик коомдун сайтында сатып алуу ниети жөнүндө ачык билдирүүнү жайгаштыруу.
3. Акцияларды сатып алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин акционердик коом календардык жыл ичинде:
- акционердин атына ачылган Улуттук депозитарийдин депо-эсебине же эгерде атын көрсөтүү мүмкүн болбосо, акциялардын реквизиттерин көрсөтүү менен шарттуу эсепке сатып алынуучу акциялардын рыноктук наркына барабар сумманы которот;
- 80 пайыздан ашыгына ээлик кылган акционерге карата сатып алынган акцияларга менчик укугунун өтүшүн чагылдырган акционерлердин реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
4. Ушул статьяга ылайык акциялары сатылып алынган акционер, сатып алынган күндөн тартып он жылдын ичинде каалаган убакта акционерлердин реестрин кармоочуга жана улуттук депозитарийге өзүнө тиешелүү акча каражаттарынын суммасын алуу үчүн кайрылууга укуктуу.
5. Эгерде акционер же анын укук мураскорлору сатып алган күндөн тартып он жыл өткөндөн кийин компенсация алуу үчүн кайрылбаса, депонирленген каражаттар ээси жок деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттин кирешесине айландырылат.
6. Акцияларды сатып алуу, каражаттарды депонирлөө жана Улуттук депозитарий менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
23) 76-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацында "текшерүү комиссиясына (текшерүүчүсүнө)" деген сөздөр "ички аудит кызматына (ички аудиторуна)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 82-статьянын 1-пунктунда "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Ушул Мыйзамдын максаты үчүн колдонулган терминдер жана Аныктамалар
Ушул статьяда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) андеррайтер - баалуу кагаздардын эмиссиясы ачык чыгарылуучу баалуу кагаздарга жазылууну же баалуу кагаздарды сатууну жүргүзүү, же болбосо башка жактар тарабынан баалуу кагаздарга жазылууну же аларды сатып алынышын камсыз кылуу милдеттенмеси бар баалуу кагаздардын эмитенти менен келишим түзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу. Баалуу кагаздардын эмитенти менен андеррайтердин ортосундагы келишимде андеррайтерге бардык баалуу кагаздарга же алардын бөлүгүнө жазылуу, же болбосо бардык баалуу кагаздарды же алардын жазылуу боюнча таратылбай турган же алардын ачык эмиссиянын жыйынтыгы боюнча ачык жазылуу үчүн белгиленген акыркы датага карата сатып алынган бөлүгүн сатып алуу милдети жүктөлүшү мүмкүн;
2) андеррайтинг - ачык эмиссия учурунда чыгарылуучу баалуу кагаздарга андеррайтер тарабынан бул баалуу кагаздардын эмитенти менен макулдашуунун негизинде жазылууну же баалуу кагаздарды сатууну жүргүзүү;
3) аффилирленген жак - башка жеке же юридикалык жак тарабынан кабыл алынган чечимдерине төмөнкүлөрдөн улам тике жана кыйыр түрдө таасир этүүчү кандай болбосун жеке жана юридикалык жак:
- түзүлгөн келишимден;
- акциялардын ири пакетине (үлүшкө) ээ болуудан;
- юридикалык жактын кызмат адамы болуп саналуусунан;
- жогоруда аталган негиздер боюнча башка жеке же юридикалык жак тарабынан контролдукту жүзөгө ашыра ала турган жеке же юридикалык жак;
4) бенефициар ээси - акыркы жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же анын атынан же анын кызыкчылыгында операция (бүтүм) жасалып жаткан кардарды же болбосо жеке жакты контролдогон жеке адам (жеке адамдар);
5) акциялардын контролдук пакетинин ээси - акционердик коомдун акцияларынын контролдук пакетине төмөнкүдөй негиздердин бири боюнча тике же кыйыр түрдө ээлик кылуучу жеке же юридикалык жак:
- жак баалуу кагаздардын менчик ээси болуп саналса;
- жак акциялар боюнча добуш берүү укугун жүзөгө ашыруу же контролдоо укугуна ээ болсо;
- жак акциянын ээлигинен ажыратуу укугуна ээ болсо же акциялардын ээлигинен ажыратуу боюнча укугун контролдосо;
6) акциялардын ири пакетинин ээси - акционердик коомдун акцияларынын ири пакетине төмөнкү негиздердин бири боюнча тике же кыйыр түрдө ээлик кылуучу жеке же юридикалык жак:
- жак баалуу кагаздардын менчик ээси болуп саналса;
- жак акциялар боюнча добуш берүү укугун жүзөгө ашыруу же контролдоо укугуна ээ болсо;
7) баалуу кагаздардын экинчи рыногу - баалуу кагаздардын алгачкы рыногундагы мамилелерди кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун субъекттеринин ортосундагы мурда чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүү процессинде түзүлүүчү мамилелер;
8) ислам атайын финансы компаниясынын бөлүнгөн активдери - ислам атайын финансы компаниясы тарабынан алынуучу мүлк жана талап кылуу укугу, алар боюнча түшүүлөр жана кирешелер;
9) глобалдык депозитардык тил кат - чет мамлекеттердин финансы рынокторунда жайгаштыруу жана жүгүртүү үчүн чет мамлекеттин аймагында иштеп жаткан банк-депозитарий тарабынан чыгарылган депозитардык тил кат;
10) делистинг - фондулук биржанын өзгөчө тизмесинен баалуу кагаздарды алып салуу жол-жобосу. Делистинг эрежелери фондулук биржа тарабынан белгиленет;
11) депозитардык тил кат - номиналдык наркы болбогон, ошол депозитардык тил каттын базалык активи болуп саналган эмиссиялык баалуу кагаздардын белгилүү санына менчик укугун ырастоочу туунду баалуу кагаз;
12) ислам баалуу кагаздарын кармоочу - эмитенттин белгиленген менчигинде же бизнесинде ага пайызды камсыз кылуучу кеминде бир ислам баалуу кагазына ээ болгон жана ушундай түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ болгон жеке же болбосо юридикалык жак;
13) ислам баалуу кагаздарын ишенимдүү башкаруу - юридикалык жак тарабынан өзүнүн атынан сый акы үчүн (белгилүү бир мөөнөттүн ичинде) ээлик кылууга өткөрүп берилген ислам баалуу кагаздарын ишенимдүү башкаруунун жүзөгө ашырылуусу;
14) кызмат адамы - баалуу кагаздар рыногунун эмитентинин же кесипкөй катышуучусунун аткаруучу органынын төрагасы, директорлор кеңешинин мүчөсү, жетекчиси жана мүчөсү, ошондой эле коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамы деп таанылган адам;
15) "жашыл" облигациялар - аларды жайгаштыруудан алынган каражаттар жаңы жана/же колдонуудагы "жашыл" долбоорлорду толугу менен же жарым-жартылай каржылоого (кайра каржылоого) багытталган облигациялар;
16) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышуу - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун акцияларынын (үлүшүнүн) 10 жана андан ашык пайызына жеке өзү же башка жактар менен биргеликте тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу;
17) инвестициялык активдер - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында инвестициялык актив катарында аныкталган акчалай каражаттар, баалуу кагаздар, башка активдер;
18) инвестициялык долбоор - инвестициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылуучу белгилүү бир мезгилдин ичинде коюлган натыйжаларга жеткенге чейин инвестицияларды практикалык ишке ашырууну караган иш-чаралардын жана документтердин комплекси;
19) инвестор - баалуу кагаздарга каражаттарды салууну жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
20) жеке инвестициялык эсеп - кардардын - жеке жактын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын, көрсөтүлгөн кардардын эсебинен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди обочолонгон эсепке алуу үчүн арналган ички эсепке алуу эсеби;
21) жеке инвестор - институттук инвестор болуп саналбаган инвестор;
22) институттук инвестор - инвестициялык активдерге инвестицияларды жүзөгө ашыруу максатында жеке же юридикалык жактардын каражаттарын тартуучу юридикалык жак же пайлык инвестициялык фонд;
23) ислам атайын финансы компаниясы - Кыргыз Республикасында катталган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ислам баалуу кагаздарын чыгарууну жүзөгө ашыруучу оригинатор тарабынан түзүлгөн юридикалык жак;
24) ислам баалуу кагаздары - ислам каржылоо принциптеринин (Шарият стандарттарынын) негизинде чыгарылуучу, эмитенттин белгиленген менчигиндеги же бизнесиндеги бөлүштүрүлгүс үлүшкө карата менчик укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаздар;
25) биржа бүтүмүн аткаруу - бүтүмдөн келип чыгуучу милдеттенмелерди тараптардын аткаруусу аркылуу фондулук биржада түзүлгөн баалуу кагаздар менен болгон бүтүм жасоо боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу;
26) кастодиан - депозитардык ишке лицензиясы бар, кардарлардын финансылык инструменттерин жана акчаларын эсепке алууну жана алар боюнча укуктарды ырастоону, алардын сакталышы боюнча милдеттенмелерди өзүнө алуу менен кардарлардын документтик финансылык инструменттерин сактоону, ошондой эле баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу;
27) квалификациялуу инвестор - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жеке же юридикалык жак, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна бүтүмдөрдү жасоо үчүн берилген акча каражаттарынын бир жолку өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу институттук же жеке инвестор.
Квалификациялуу инвесторлорго гана арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
28) башкаруучу компаниянын кардары - институттук инвестор жана/же жеке инвестор;
29) акциялардын контролдук пакети - акционердик коом тарабынан чыгарылган жөнөкөй акциялардын 50 пайызынан ашыгы;
30) купуя маалымат - коомдук (ачык) болуп саналбаган, анын ачыкка чыгарылышы эмитент тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын рыноктук баасына жана аны менен болгон бүтүмдөргө, эмитенттин өзүнө жана ал жүргүзүп жаткан ишке, ошондой эле бул маалымат тиешелүү болгон башка жактарга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай маалымат;
31) баалуу кагаздардын котировкасы - фондулук биржанын соода системасында билдирилген баалуу кагаздарды сатып алуу жана/же сатуу боюнча тооруктун катышуучусу тарабынан сунушталган баа;
32) акциялардын ири пакети - акционердик коом тарабынан чыгарылган жөнөкөй акциялардын 5 жана андан ашык пайызы;
33) листинг - баалуу кагаздарды фондулук биржа аныктоочу атайын критерийлерге ылайык келген фондулук биржанын өзгөчө тизмесине киргизүү жол-жобосу. Листингге карата минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет;
34) эл аралык облигация - Кыргыз Республикасы же Кыргыз Республикасынын эмитенти - резиденти тарабынан чыгарылган, чет мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгаштырылуучу карыздык баалуу кагаз;
35) номиналдык кармоочу - баалуу кагаздардын ээси болуп саналбаган, ээсинин же башка кармоочунун анын баалуу кагаздарына карата кызыкчылыктарын билдирген жана өзүнүн атынан жана келишимдин негизинде ээсинин же башка кармоочунун тапшырмасы боюнча баалуу кагаздар боюнча мүлктүк укуктарды ишке ашыруучу жак;
36) туруктуу өнүгүү менен байланышкан облигациялар - туруктуу өнүгүү жаатында эмитент тарабынан аныкталган максаттарга алардын жетишүүсүнө жараша мүнөздөмөсү өзгөрүшү мүмкүн болгон облигациялар;
37) туруктуу өнүгүү облигациялары - аларды жайгаштыруудан алынган каражаттар "жашыл" жана социалдык долбоорлордун айкалышын толугу менен же жарым-жартылай каржылоого (кайра каржылоого) багытталган облигациялар;
38) баалуу кагаздардын жүгүртүлүшү - экинчи рынокто баалуу кагаздар менен болгон жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо;
39) баалуу кагаздар рыногундагы жалпыга жеткиликтүү маалымат - ушул Мыйзамга ылайык ачыкка чыгарылууга тийиш болгон маалымат;
40) оригинатор - Кыргыз Республикасында катталган, сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде ислам атайын финансылык компаниясына активдерин же бизнесин өткөрүп берген жана/же ислам атайын финансылык компаниянын уюштуруучусу болуп саналган юридикалык жак;
41) пенсиялык активдер - пенсиялык салымдардын жана аларды жайгаштыруудан түшкөн кирешенин бөлүгүнүн эсебинен түзүлүүчү пенсиялык эсептешүүлөрдө эсепке алынган активдердин (акча каражаттарынын) жыйындысы;
42) баалуу кагаздардын алгачкы рыногу - эмитент тарабынан баалуу кагаздарды жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүү жолу менен биринчи ээлик кылуучуларга ээликтен ажыратуу процессинде түзүлүүчү мамилелер;
43) жекече сунуш - баалуу кагаздарды экинчи рынокто курамы алдын ала аныкталган адамдардын чөйрөсүнө жайгаштыруу же сатуу боюнча сунуш;
44) ислам баалуу кагаздарын жоюу - кармоочуга таандык болгон ислам баалуу кагаздарынын санынын бул чыгарылыштагы ислам баалуу кагаздарынын жалпы санына карата пропорционалдуу катышынын үлүшкө шайкеш келүүчү акчанын суммасын бөлүнгөн активдердин эсебинен ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспектинде белгиленген мөөнөттө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөө;
45) облигацияларды жоюу - жайгаштырылган облигацияларды жүгүртүүдөн сый акыны жана облигациянын номиналдык наркын төлөө (кийин сатуу максатында эмес) же аны облигацияларды чыгаруу проспектинде белгиленген тартипте ошол эле эмитенттин акциясына (акцияларына) конвертациялоо жолу аркылуу алуу боюнча эмитенттин иш-аракеттери;
46) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлү - баалуу кагаздар рыногунун эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде, ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын кызыкчылыгында аракеттенүүчү кесипкөй катышуучусу;
47) туунду баалуу кагаздар - баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн механизми базалык активдин келишиминде белгиленген мөөнөттүн ичинде сатып алуу же сатуу укугу менен же болбосо мындай баалуу кагаздардын негизин түзгөн базалык активдин баасынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу келип чыгуучу мүлктүк укук (милдеттенме) менен байланышкан баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет;
48) проспект - баалуу кагаздарды сунуштоо алкагында эмитент тарабынан чыгарылуучу жана эмитент, анын финансылык абалы жана ал чыгарган (чыгаруучу) баалуу кагаздар жөнүндө маалыматты камтыган документ;
49) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу - баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин бир же бир нече түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар юридикалык жак;
50) ачык компания - баалуу кагаздарга 50 же андан ашык адам ээлик кылуучу эмитент жана/же баалуу кагаздарын ачык сунуштаган же сунуштоону жүзөгө ашыруучу эмитент. Ачык акционердик коомдор ачык компаниялар болуп саналат;
51) баалуу кагаздардын ачык эмиссиясы - баалуу кагаздарды ачык сунуштоо менен коштолгон баалуу кагаздар эмиссиясы;
52) ачык сунуш - төмөнкүлөрдү кошпогондо, кандай ыкма менен тандалса да, анын ичинде кулактандыруу, проспект же өтүнмөнүн формаларын таратуу менен коштолгон ар кандай жеке жана юридикалык жактар тарабынан баалуу кагаздарды жайгаштыруу же сатуу боюнча сунуш:
- жеке сунуштоону;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жол-жоболорун жүзөгө ашыруу процессинде баалуу кагаздарды сатууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аткаруу өндүрүшүндө баалуу кагаздарды сатууну;
53) баалуу кагаздарды жайгаштыруу - жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо жолу аркылуу эмитенттин баалуу кагаздарын биринчи ээлик кылуучуларга ажыратып берүү;
54) баалуу кагаздар рыногунун жөнгө салынуучу субъекти - баалуу кагаздар рыногундагы жөнгө салынуучу субъект деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- ачык компания;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн-өзү жөнгө салуучу уюму;
55) резервдик фонд - ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан алынган акча каражаттарын инвестициялоонун натыйжасында келип чыгуучу чыгымдардын ордун жабууга арналган каражаттар, аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспектисинде аныкталат;
56) жеке же юридикалык жактын байланышкан жагы:
жеке жак менен болгон учурда:
- ошол жеке жактын жакын тууганы;
юридикалык жак менен болгон учурда:
- юридикалык жактын акцияларынын (үлүшүнүн, пайынын) ири пакетин кармоочу;
- юридикалык жактын акцияларынын (үлүшүнүн, пайынын) ири пакетинин уюштуруучусунун же ээсинин жакын тууганы;
- юридикалык жактын кызмат адамы, ошондой эле юридикалык жактын туунду коомунун же негизги коомунун кызмат адамы;
- кызмат адамынын жакын туугандары;
- туунду, көз каранды, негизги коом;
57) социалдык облигациялар - аларды жайгаштыруудан алынган каражаттар социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана/же социалдык оң өзгөрүүлөргө жетүүгө багытталган жаңы жана/же учурдагы долбоорлорду толугу менен же жарым-жартылай каржылоого (кайра каржылоого) багытталган облигациялар. "Жашыл" облигацияларды, социалдык облигацияларды, туруктуу өнүгүүгө байланышкан облигацияларды жана туруктуу өнүгүү облигацияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттардан каржыланган долбоорлор шайкеш келүүгө тийиш болгон критерийлер жана шарттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
58) фондулук биржанын соода системасы - баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жасоо жана аткаруу үчүн зарыл болгон бүтүмдөрдү түзүү, маалыматты колдоо, сактоо, иштеп чыгуу жана ачуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу эсептөөчү каражаттардын, программалык камсыз кылуунун, маалыматтар базаларынын, телекоммуникациялык каражаттардын жана башка жабдуулардын жыйындысы;
59) башкаруучу компания - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, ал башкаруучу компаниянын кызыкчылыгы үчүн өзүнүн атынан жана кардарларынын эсебинен инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
60) финансылык инструмент - Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө жол берилген баалуу кагаздар, улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы акча каражаттары жана башка инвестициялык активдер;
61) фондулук биржа - акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жасоого түздөн-түз көмөк көрсөтүүчү кызматтарды көрсөтүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, ал эми бүтүмдөр жана соода сессиялары жөнүндө маалымат тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүлүүчү жер жана убакыт, фондулук биржада сатууга жол берилген баалуу кагаздардын тизмеси жана котировкасы соода сессияларынын натыйжалары жөнүндө маалымат аркылуу ачык жарыяланат;
62) баалуу кагаздар:
- акциялар, облигациялар, эл аралык облигациялар;
- мамлекет чыгарган баалуу кагаздар;
- туунду баалуу кагаздар, анын ичинде глобалдык депозитардык тил катгар;
- пайлык инвестициялык фонддогу пай;
- ислам баалуу кагаздары.
Баалуу кагаздар алардын ээлеринин бир чыгарылыштын алкагында эмитентке карата бирдей укуктарын күбөлөндүрөт. Баалуу кагаздар чет өлкөлүк валютада чыгарылышы мүмкүн, мында алардын наркы салым салуу формасына карабастан Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюндурулат;
63) баалуу кагаздардын жеке эмиссиясы - баалуу кагаздардын эмиссиясы, анын жүрүшүндө эмитент өзүнүн баалуу кагаздарын жекече сунуштоо аркылуу чыгарат жана жайгаштырат;
64) шарият кеңеши - ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясын, жүгүртүүнүн жана жоюунун каржылоонун ислам принциптерине шайкеш келүүсүн ырастоочу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укукгук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн көз карандысыз орган;
65) эксперт - белгилүү бир жаатта атайын билими, квалификациясы жана тажрыйбасы бар жана жөнгө салынуучу субъект тарабынан жөнгө салынуучу субъекттин ишинин маселелери боюнча компетенттүү пикир берүү максатында ишке тартылуучу жеке адам. "Эксперт" деген түшүнүк аудиторду, көз карандысыз баалоочуну да камтыйт, бирок алар менен чектелбейт;
66) эксперттик уюм - белгилүү бир жаатта атайын билими жана тажрыйбасы бар жана жөнгө салынуучу субъект тарабынан жөнгө салынуучу субъекттин ишинин маселелери боюнча компетенттүү пикир берүү максатында ишке тартылуучу юридикалык жак. "Эксперттик уюм" деген түшүнүк аудитордук компанияны, баалоо ишин жүргүзүүчү компанияны камтыйт, бирок алар менен чектелбейт;
67) баалуу кагаздардын эмиссиясы - бул баалуу кагаздарды жайгаштыруу үчүн зарыл болгон ырааттуу иш-аракеттердин жыйындысы;
68) эмитент - баалуу кагаздардын ээлеринин алдында ушул баалуу кагаздар менен бекитилген укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча өз атынан милдеттенмелерди алып жүрүүчү юридикалык жак же эл аралык финансылык уюмдун статусу бар субъект.";
2) 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- баалуу кагаздар рыногунда кызматтарды көрсөтүүчү рейтингдик агенттиктерге коюлуучу талаптардын тизмегин иштеп чыгат;";
3) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Ушул берененин 1-8-бөлүктөрүнүн талаптары глобалдык депозитардык тил каттарды жана эл аралык облигацияларды чыгарууда эмитенттерге жайылтылбайт, мында Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине жазууну киргизүү үчүн глобалдык депозитардык тил каттарды жана эл аралык облигацияларды чыгаруу жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жана көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
4) 14-беренеде:
а) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздарды чыгарууга жана жайгаштырууга укугу бар эл аралык финансылык уюмдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында эмитенттери эл аралык финансылык уюмдар болуп саналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
5) 15-беренеде:
а) 1-бөлүк "катталган шартта" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигациялардын эмиссиясы жана глобалдык депозитардык тил каттар учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
6) 21-бөлүк "баалуу кагаздардын эмиссиясынын учурунда" деген сөздөрдөн кийин "эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгаштыруу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Эл аралык финансылык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда баалуу кагаздардын ушул түрү боюнча ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти катталган, ошондой эле фондулук биржада листинг жол-жоболорунан өткөн шарттарда Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунушталышы мүмкүн.";
г) 5 жана 6-бөлүктөрдө "Ачык сунушталган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасында ачык сунушталган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 151-берене менен толукталсын:
"151-берене. Эл аралык облигациялардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу
1. Эл аралык облигациялар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгаштырылат.
2. Эгерде эл аралык облигацияларды чыгаруу проспект же эмитент жана эл аралык облигациялар жөнүндө маалыматты камтыган башка документ менен коштолсо, анда анын мазмуну чет өлкөлүк биржанын эрежелерин жана колдонуудагы чет өлкөлүк мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен эмитент тарабынан өз каалоосу боюнча аныкталат.
3. Эл аралык облигациялар номиналдык нарктан төмөн баада жайгаштырылышы мүмкүн.
4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмитентинин эл аралык облигациялардын эмиссиясы жөнүндө кабарлоосунун формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Эл аралык облигацияларды жүгүртүүнүн жана аларга болгон укуктарды эсепке алуунун тартиби аларда камтылган шарттар жана эл аралык облигациялар жүгүртүлүп жаткан тиешелүү чет мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык облигациялар квалификациялуу инвесторлордун арасында гана ачык сунушталышы жана жүгүртүлүшү мүмкүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети катышуунун мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан ашкан Кыргыз Республикасынын эмитенттери - резиденттери тарабынан эл аралык облигацияларды чыгаруу үчүн өзгөчө талаптарды белгилейт.
8. Эл аралык облигациялар аларда камтылган шарттарда жана тандалып алынган колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлат жана сатып алынат.";
7) 161-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- берилген жылдык бухгалтердик отчеттуулукка карата аудитордун (аудиторлордун квалификациясына жана кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет) корутундусу;";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- "жашыл", социалдык облигациялардын, туруктуу өнүгүү облигацияларынын жана туруктуу өнүгүүгө байланышкан облигациялардын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана мындай облигацияларды чыгарууда туруктуу өнүгүү жаатында эл аралык таанылган стандарттардын негизги принциптерине шайкештиги жөнүндө көз карандысыз эксперттин корутундусу.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-бөлүктөр менен толукталсын:
"11. Эл аралык финансылык уюмдар тарабынан чыгарылуучу баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана анын эмиссиясынын проспектин мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтер берилет:
- арыз;
- баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу, аларды жайгаштыруунун натыйжасында эмитент тарабынан алынган каражаттарды пайдалануу тартиби, эмиссиянын көлөмү, баалуу кагаздардын саны жана түрү, алардын номиналдык наркы, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктары жөнүндө маалыматтарды камтыган, анын аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө эмитенттин органынын чечиминин расмий тилдеги көчүрмөсү;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспекти;
- ачык сунуштоонун шарттарын жана баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектин каттоо үчүн комиссиялык жыйымдын төлөгөндүгүн ырастоочу документ;
- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка документтер.
12. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер каттоо органына электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
в) 2-бөлүк "мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын";
8) 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын жүгүртүүгө уруксат берүү жол-жобосуна карата колдонулбайт, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында фондулук биржада гана төмөнкү шарттарда жүгүртүүгө жол берилет:
- алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарынын листингине карата минималдуу талаптарга шайкеш келсе;
- алардын листинги Кыргыз Республикасынын фондулук биржасындагы эң жогорку жана андан кийинки категорияларына шайкеш келсе;
- алар экинчи рынокто чет өлкөлүк лицензияланган фондулук биржада (биржаларда) жүгүртүлсө.
Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуштоого жол берилген чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарынын листингине карата минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын фондулук биржанын листингине киргизүү жөнүндө өтүнмө брокерлер, инвестициялык активдердин ишенимдүү башкаруучулары тарабынан берилиши мүмкүн.";
9) 20-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 62-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"62) эмитенттин активдеринин сыпаттамасы жана көлөмү, анын ичинде:";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- активдин бааланган суммасын, баалоочунун аталышын, ар бир актив бааланган датаны жана тиешелүү келишимдерди колдонуу аяктаган датаны көрсөтүү менен эмитенттин күрөөгө коюлган активдери, ошондой эле эмитенттин активдеринин жалпы көлөмүнөн ошол активдердин пайыздык түрдө туюнтулган көлөмү жөнүндө;";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эл аралык финансылык уюмдар тарабынан баалуу кагаздар чыгарылган учурда ушул бөлүктүн 3-пунктунун үчүнчү абзацында, 4-пунктунун үчүнчү абзацында, 5-пунктунун экинчи абзацында, 6-пунктунун төртүнчү абзацында, 61 - 67-пункттарында белгиленген эмиссиянын проспектинин мазмунуна карата талаптар колдонулбайт.";
б) 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Проспектте чагылдырылган маалымат үчүн эмитенттин жооптуу кызмат адамдары жана башка адамдары, ошондой эле баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жана жайгаштырууну уюштурууга катышкан андеррайтер (андеррайтерлер) тарабынан проспектке кол коюуга тийиш.";
10) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгаштырылган учурда ушул берененин жоболору колдонулбайт.";
11) 26-беренеде:
а) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-бөлүктөр менен толукталсын:
"7. "Жашыл" жана/же социалдык облигациялар жана/же туруктуу өнүгүү облигациялары жана/же туруктуу өнүгүүгө байланышкан облигациялар чыгарылгандан жана жайгаштырылгандан кийин эмитенттер бул облигацияларды жайгаштыруунун натыйжасында тартылган каражаттардын пайдаланылышына жана алардын проспектте билдирилген максаттарга шайкештигине баа берүү жана талдоо жүргүзүү үчүн аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ачык компанияларда аудитти жүргүзүү үчүн талаптарга жооп берүүчү аудитордук уюмду ишке тартат.
8. "Жашыл", социалдык облигациялардын, туруктуу өнүгүү облигацияларынын жана туруктуу өнүгүүгө байланышкан облигациялардын чыгарылышына жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун жана талдоонун жыйынтыгы жөнүндө маалымат көз карандысыз баалоонун жана талдоонун жыйынтыгын алгандан кийин он жумуш күндүн ичинде эмитенттин интернет-сайтында ачыкка чыгарылууга тийиш.
Эмитент ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн облигацияларды жайгаштыруудан алынган каражаттарды эмитент тарабынан пайдалануунун жыйынтыктары, ошондой эле туруктуу өнүгүү жаатында билдирилген максаттарга жетүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматты өзүнүн интернет-сайтында ачыкка чыгарууну жүзөгө ашырат.
9. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды эмиссиялоо учурунда колдонулбайт.";
12) 27-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту электрондук түрдө берүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды эмиссиялоо учурунда колдонулбайт.";
13) 29-беренеде:
а) "Ачык" деген сөз "1. Ачык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жүзөгө ашырган же жүзөгө ашыруучу эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамаларына ылайык келген корпоративдик башкаруу кодексин кабыл алууга жана аны сактоого милдеттүү.";
14) 30-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жүзөгө ашырган же жүзөгө ашыруучу эмитент жылдык отчеттун алкагында баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте корпоративдик башкаруу кодексинин принциптеринин сакталышы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттүү.";
б) 9-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Эл аралык финансы уюмдарынын, Кыргыз Республикасынын аймагындагы баалуу кагаздардын эмитенттеринин ар кварталдык жана жылдык отчеттору алар бекитилген датадан кийин 35 календардык күндөн кечиктирилбестен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Ар кварталдык жана жылдык отчеттор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Отчетторду электрондук түрдө берүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
15) 31-беренеде:
а) 1-бөлүк:
- төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- эл аралык облигациялардын эмиссиясы;
- глобалдык депозитардык тил каттарды чет өлкөлүк уюштурулган финансы рыногунда тооруктарга жол берилген баалуу кагаздардын тизмесине кошуу (алып салуу), анын ичинде чет өлкөлүк биржа тарабынан көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды глобалдык депозитардык тил каттардын котировкалык тизмесине кошуу (алып салуу);";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктүн алтынчы абзацында көрсөтүлгөн талаптар эл аралык финансылык уюмдар тарабынан баалуу кагаздар чыгарылган учурда колдонулбайт.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эл аралык финансылык уюмдар тарабынан баалуу кагаздар чыгарылган учурда ушул берененин 1-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн маалыматты ачуу Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган баалуу кагаздарга карата жүргүзүлөт.";
в) 4-бөлүктүн үчүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 35-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды эмиссиялоо учурунда колдонулбайт.";
17) 351-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 36-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- облигациялар чыгарылган учурда баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү проспекти.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Жеке эмиссияда уюштуруучулук чыгарылыштагы акцияларды жана баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер каттоо органына электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.";
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Облигацияларды жеке эмиссиялоодо аларды мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин негизинде проспектти каттоо менен бир убакта баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо жүзөгө ашырылат. Облигацияларды жеке эмиссиялоодо проспекттин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
г) 4-6-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 8-бөлүктө:
- биринчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодо билдирилген шарттарга, проспектке жана тартипке ылайык баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин аларды жайгаштыруу баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары болду деп таануу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген баалуу кагаздардын минималдуу санынан аз эмес жайгаштырылса, жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгы болду деп таанылат.";
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мындай баалуу кагаздарды жайгаштыруу аяктагандан кийин эмитент 30 күндөн кечиктирбестен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү:";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту электрондук түрдө берүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо жөнүндө чечимди кабыл алууга, же болбосо баалуу кагаздардын бул чыгарылышын ишке ашкан жок деп таанууга жана баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоосун жокко чыгарууга милдеттүү.";
е) төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-бөлүктөр менен толукталсын:
"9. Баалуу кагаздардын чыгарылышын ишке ашкан жок деп таануу жана баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
10. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды эмиссиялоо учурунда колдонулбайт.";
19) 362-беренеде:
а) 1, 3-5-пункттар "эмиссиясынын проспектинде" деген сөздөрдөн кийин "(чыгаруунун шарттарында)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) долбоордук каржылоонун исламдык сертификаттары (Сукук аль Истисна) -бул товарларды өндүрүүгө жазылуудан алынган каражаттарды пайдалануу максатында чыгарылган, наркы бирдей болгон сертификаттар, анын натыйжасында өндүрүлгөн товарлар ислам баалуу кагаздарынын эмиссияларынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) баяндалган сертификаттарды кармоочулардын менчигине өтөт;";
20) 363-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "наркына" деген сөз "өлчөмүнө" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө:
- экинчи абзацта "наркына" деген сөз "өлчөмүнө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бизнестен түшкөн кирешелер ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектине (чыгаруунун шарттарына) ылайык шарттарда бөлүштүрүлөт.";
21) 364-беренеде:
а) 5-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 365-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- "Оригинатор" деген сөз "Ислам атайын финансылык компаниясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункт "эмиссиясынын проспектинде" деген сөздөрдөн кийин "(чыгаруунун шарттарында)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн 2-пункту "эмиссиясынын проспектине" деген сөздөрдөн кийин "(чыгаруунун шарттарына)" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ислам баалуу кагаздарын бөлүп берилген активдер же башка мүлк менен жоюу ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) каралган учурларда мүмкүн болот.";
23) 366-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ислам атайын финансылык компаниясы баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине (чыгаруунун шарттарына) өзгөртүүлөрдү мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кошумча чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган жана кошумча чыгаруу катталган датага карата бөлүнгөн активдердин рыноктук наркы боюнча аларды жайгаштырган шартта кошумча баалуу кагаздарды чыгара алат.";
в) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ислам атайын финансылык компаниясы тарабынан ислам баалуу кагаздарын чыгарууну камсыз кылуу болуп саналган бөлүнгөн активдерге карата өндүрүп алуу ислам атайын финансылык компаниясынын ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн гана жүгүртүлүшү мүмкүн.";
г) 12-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Ислам атайын финансылык компаниясы үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын жайгаштыруудан түшкөн акча каражаттарын жаңы инвестициялык долбоорду уюштуруу, жүргүзүлүп жаткан инвестициялык долбоорду өнүктүрүү же оригинаторду жоопкерчилиги чектелген өнөктөш, ишенимдүү башкаруучу катары дайындоо жөнүндө келишимдин негизинде же болбосо акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында юридикалык жакты түзүү менен ишкердик ишти каржылоо үчүн пайдаланат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"жоопкерчилиги чектелген өнөктөш.";
д) 13, 15-17-бөлүктөрдө "катышуунун исламдык сертификаттарынын", "катышуунун исламдык сертификаттарын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарынын", "үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 14-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Эгерде ислам атайын финансылык компаниясы инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруучу уюмдун акционери (катышуучусу) болуп саналса, ислам атайын финансылык компаниясына артыкчылыктуу сатып алуу укугун берүүдө акцияларды (үлүштөрдү) төлөө үчүн каражаттарды сатып алуу максатында ислам атайын финансылык компаниясы тарабынан чыгарылган үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарынын санын көрсөтүлгөн компанияга көбөйтүүгө жол берилет.
Чыгарылган үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарынын санын көбөйтүүдө эмиссиянын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгаруу проспектине киргизилген өзгөртүүлөрдү мамлекеттик каттоо датасына карата үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарынын кармоочулары болуп саналган жактардын үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Мындай укукту ишке ашыруунун тартиби эмиссиянын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) белгиленет.";
ж) 19-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Ислам атайын финансылык компаниясы бөлүнгөн активдерди өздүк активдеринен өзүнчө бөлүп эсеп жүргүзөт.";
з) 21-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Ислам атайын финансылык компаниясынын аталышы анын ишине карама-каршы келбөөгө жана "ISFC" (ИАФК) аббревиатурасын камтууга тийиш.";
24) 367-беренеде:
а) 5-бөлүктүн 2-пунктунун "в" пунктчасы "эмиссиясынын проспектинде" деген сөздөрдөн кийин "(чыгаруунун шарттарында)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 7-бөлүктүн 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 10-бөлүктө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) өкүлдүн баалуу кагаздар рыногунда брокердик же дилердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын колдонулушу үч айга чейинки мөөнөткө токтотулганда, же болбосо мындай лицензия кайра чакыртып алынган/жокко чыгарылган учурда;";
- 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) эгерде ислам баалуу кагаздарынын чыгарылышынын 10 пайызын жана андан ашыгын кармоочулар эмитентке өкүлдү алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылган учурда же болбосо эмитент ислам баалуу кагаздарын кармоочулардан алардын өкүлү өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы жөнүндө маалымат алган учурда, эмитенттин тапшырмасы боюнча;
5) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрү менен келишимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде.";
25) 37-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Террористтик же экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинде) турган жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылуучу жана жүгүртүлүүчү баалуу кагаздарга ээлик кыла албайт.";
26) 39-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунушталуучу баалуу кагаздарды, ошондой эле ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык фондулук биржада жүзөгө ашырылат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөр жазуу жүзүндө жасалат. Баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн жазуу жүзүндөгү формасы бүтүм жасаган жак тарабынан баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте электрондук кол тамганын жардамы менен бүтүм жасалган учурда да сакталды деп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында глобалдык депозитардык тил каттар квалификациялуу инвесторлор арасында гана жүгүртүлүшү мүмкүн.";
27) 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 393-берене менен толукталсын:
"393-берене. 7-главаны колдонуунун өзгөчөлүктөрү
7-главанын жоболору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды эмиссиялоо учурунда колдонулбайт.";
28) 40-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Чет мамлекеттердин аймагында баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин бир же бир нече түрүн жүзөгө ашырууга укугу бар, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды кошуп алганда, баалуу кагаздардын эмиссиясына жана жүгүртүлүшүнө катышкан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында номиналдык кармоочунун ролун аткарган чет өлкөлүк финансылык уюмга Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын алуу талап кылынбайт.";
29) 41-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга түздөн-түз катышкан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;
- директорлор кеңешинин мүчөлүгүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун бир кесипкөй катышуучусунда эмгек келишиминин негизинде негизги иштеген жери боюнча (штатта) өз ишин жүзөгө ашырууга.";
б) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Төмөнкүлөр баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын уюштуруучулары, катышуучулары же акционерлери боло албайт:
- оффшордук зоналардын аймагында жашаган жана/же катталган жеке жана юридикалык жактар;
- тизмеги кылмыштык ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү террористтик же экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде турган, катышуучу катары аффилирленген жактары бар жеке жана юридикалык жактар.";
г) 9-бөлүктө:
- 1 жана 2-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктта "алынбаган же" деген сөздөр алып салынсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 14-бөлүк менен толукталсын:
"14. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларынын акча каражаттарын жана/же баалуу кагаздарын ошол катышуучунун милдеттенмелери боюнча өндүрүп алууну айлантууга же болбосо тескөө укугун башкача чектөөгө жол берилбейт.
Сот, башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же кызмат адамдары баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ишин чектөө жөнүндө, анын ичинде камак салуу, анын акча каражаттарын же мүлкүн тескөө укугуна бөгөт коюу же болбосо башкача чектөө жөнүндө чечим кабыл алганга чейин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алууга милдеттүү.";
30) 42-беренеде:
а) 4, 5 жана 8-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Директорлор кеңешинин мүчөлүгүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамы баалуу кагаздар рыногунун бир кесипкөй катышуучусунда эмгек келишиминин негизинде негизги иштеген жери боюнча (штатта) өз ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.";
31) 46-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- алтынчы абзацта "Борбордук" деген сөз "Улуттук" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Ар бир депозитарий мамлекеттик каттоодон өткөндөн жана лицензияны алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте Улуттук депозитарийде корреспонденттик эсеп ачууга тийиш.
Депозитарийлер Улуттук депозитарийдеги алардын корреспонденттик эсептеринде суммалык эсепке алынуучу өз депоненттеринин эсептериндеги документсиз баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну жүргүзөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Депозитарий (анын ичинде чет өлкөлүк депозитарий жана/же номиналдык кармоочу) глобалдык депозитарийдик тил каттарга карата төмөнкүлөр үчүн жооп бербейт:
1) катталган адамдар жана депоненттер тарабынан ага маалымат берилбегендигинин натыйжасында ага маалымат бербөөгө;
2) катталган адамдар жана депоненттер тарабынан ага берилген маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна.";
32) төмөнкүдөй мазмундагы 461-берене менен толукталсын:
"461-берене. Улуттук депозитарий
1. Улуттук депозитарий - ушул Мыйзамга ылайык "Улуттук" статусу ыйгарылган депозитарий.
Акционердик коомдордун ишин жөнгө салуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн акционердик коом гана Улуттук депозитарий боло алат.
Улуттук депозитарий артыкчылыктуу акцияларды чыгара албайт.
Улуттук депозитарийдин акцияларын күрөөгө коюуга тыюу салынат.
2. Улуттук депозитарийдин статусу баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар жана бардык зарыл болгон лицензиялык талаптарга жооп берген юридикалык жакка ыйгарылышы мүмкүн.
Улуттук депозитарийдин статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарылат.
Улуттук депозитарий тарабынан баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жана ички документтери - Улуттук депозитарийдин эрежелери менен белгиленет.
3. Улуттук депозитарийдин уставдык капиталы 2000000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес болууга тийиш. Улуттук депозитарийдин өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгүнүн ченемдери (коэффициенттери) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Уставды өзгөртүү, анын ичинде уставдык капиталды көбөйтүү, азайтуу, Улуттук депозитарийди кайра уюштуруу жана жоюу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу талап кылынат.
4. Улуттук депозитарийге олуттуу катышууну алууга ушул Мыйзамдын 41-беренесинин жоболору жайылтылат.
5. Баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу жактар Улуттук депозитарийдин добуш берүүгө укук берүүчү акцияларынын 50 пайызынан ашыгынын тике же кыйыр түрдө ээси боло албайт же болбосо Улуттук депозитарийге иш жүзүндө же келишим менен бекитилген олуттуу таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт.
6. Улуттук депозитарийдин кардарлары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясынын негизинде баалуу кагаздар рыногунда брокердик ишти жүзөгө ашыруучу уюм;
2) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясынын негизинде баалуу кагаздар рыногунда дилердик ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар;
3) чет өлкөлүк депозитарийлер, кастодиандар жана/же финансылык инструменттердин номиналдык кармоочулары болуп саналган депоненттер;
4) фондулук биржанын мүчөлөрү болуп саналган чет өлкөлүк дилерлер жана/же башка юридикалык жактар;
5) номиналдык кармоо жөнүндө келишимдин шарттарына жана Улуттук депозитарийдин эрежелерине ылайык ушул жактардын айрым реквизиттерин ачпастан, депонент тарабынан берилген маалыматтардын негизинде, Улуттук депозитарийди эсепке алуу системасында субэсептер ачылган жактарды кошпогондо, депоненттердин кардарлары;
6) ишкер мамилелерди белгилөө жол-жобосунан өткөн башка жеке жана юридикалык жактар.
7. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук депозитарийдин ишин көзөмөлдөө жана контролдоо тартибине талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
33) 49-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бир эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочулардын реестри бир көз карандысыз реестр кармоочу (депозитарий) тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Көз карандысыз реестр кармоочу (депозитарий) чектелбеген сандагы эмитенттердин баалуу кагаздарын кармоочуларынын реестрлерин жүргүзө алат.
Ачык компаниялардын көз карандысыз реестр кармоочуларына карата алар жүргүзгөн реестрлердин эмитенттеринин саны жана бул реестрлерде катталган баалуу кагаздардын ээлеринин саны боюнча кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
34) 50-беренеде:
а) 4-бөлүктө "мыйзамдарында" деген сөз "ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5 жана 6-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Фондулук биржа төмөнкүдөй ички документтерди бекитүүгө милдеттүү:
- соода эрежелерин;
- баалуу кагаздар листингинин эрежелерин;
- фондулук биржа тарабынан алынуучу жыйымдарды, мүчөлүк акыларды жана башка төлөмдөрдү төлөөнүн өлчөмүн жана тартибин;
- тооруктун катышуучуларынын бааларды манипуляциялоо боюнча аракетин чектеген эрежелерди;
- фондулук биржанын маалыматын ачуунун тартибин.
Соода эрежелери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- соода системасы аркылуу баалуу кагаздар, финансылык инструменттер менен бүтүмдөрдү жасоонун тартибин жана тооруктарды өткөрүүнүн шарттарын;
- тооруктун катышуучуларына карата коюлуучу талаптарды, тоорукка катышууга жол берүүнүн жана тооруктун катышуучуларынын катарынан чыгаруунун тартибин;
- баалуу кагаздарды тоорукка киргизүүнүн тартибин;
- тоорукту токтотуу жана кайра жаңыртуу тартибин;
- фондулук биржада түзүлгөн бүтүмдөрдү аткаруунун тартибин;
- тооруктун катышуучуларынын ортосундагы, ошондой эле тооруктун катышуучулары менен фондулук биржанын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо тартибин;
- баалуу кагаздар болуп саналбаган финансылык инструменттерди тооруктарга киргизүүнүн тартибин;
- фондулук биржанын соода системасына жүгүртүүгө жол берилген финансылык инструменттерге баа берүүнүн методикасын.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен соода эрежелерине жана фондулук биржанын башка ички документтерине карата кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.
Соода эрежелери, ошондой эле аларга карата толуктоолор жана өзгөртүүлөр баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш жана макулдашылуудан кийин күчүнө кирет.
6. Фондулук биржа соода эрежелерин, фондулук биржанын листингине киргизилген баалуу кагаздардын тизмесин, алар менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалыматты (бүтүмдүн катышуучулары жөнүндө маалыматтан тышкары) жана биржалык көрсөткүчтөрдү ар кандай кызыкдар жактарга тааныштыруу үчүн берүүгө милдеттүү.";
35) төмөнкүдөй мазмундагы 501 жана 502-беренелер менен толукталсын:
"501-берене. Жеке инвестициялык эсептерди жүргүзүү менен байланышкан баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү
1. Жеке инвестициялык эсепти ачууну жана жүргүзүүнү караган брокердик тейлөөнүн өзүнчө брокердик келишимдин же инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде брокер же башкаруучу компания тарабынан жеке инвестициялык эсеп ачылат жана жүргүзүлөт.
2. Жеке инвестициялык эсепти ачуунун жана жүргүзүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
3. Жеке жак жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө бир гана келишимди түзүүгө укуктуу. Жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө жаңы келишим түзүлгөн учурда жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө мурда түзүлгөн келишимдин колдонулушу бир айдын ичинде токтотулууга тийиш.
Эгерде жеке жак баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучусу менен жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө өзүнүн келишими жок экендигин же болбосо мындай келишимдин колдонулушу бир айдан кечиктирилбестен токтотула тургандыгын жазуу жүзүндө билдирсе, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим түзөт.
4. Жеке жак өзүнүн жеке инвестициялык эсебинде эсепке алынган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын кайтарып берүүнү же аларды жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү келишими түзүлгөн баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучусуна өткөрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү келишимин токтотпостон кардардын жеке инвестициялык эсебинде эсепке алынган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды кайтарып берүүгө же баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучусуна өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
5. Жеке адам жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишимдин бир түрүн (брокердик тейлөө келишимин же инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишимин) токтотууга жана жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө баалуу кагаздар рыногунун ошол эле кесипкөй катышуучусу менен келишимдин башка түрүн түзүүгө же жеке инвестициялык эсепте эсепке алынган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды башка түрдөгү жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим түзүлгөн баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучусуна өткөрүп берүүгө укуктуу.
6. Жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү келишими бузулган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу жеке жак жана анын жеке инвестициялык эсеби жөнүндө маалыматты жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү үчүн жаңы келишим түзүлүп жаткан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна өткөрүп берүүгө тийиш. Мындай маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
7. Жеке инвестициялык эсепте эсепке алынган акча каражаттары жана баалуу кагаздар жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишимдин негизинде түзүлгөн келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу жана/же камсыз кылуу үчүн гана жана жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана/же камсыз кылуу үчүн пайдаланылат.
8. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим боюнча акча каражаттарын гана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарына өткөрүп берүүгө жол берилет.
9. Жеке инвестициялык эсепти ачуу жана жүргүзүү каралган инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишими боюнча ишенимдүү башкарууда турган акча каражаттары финансы-кредиттик уюмдарда салымдарга жайгаштырылган учурда мындай салымдардын суммасын мындай жайгаштыруу учурунда көрсөтүлгөн келишим боюнча өткөрүп берилген акча каражаттарынын суммасынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.
502-берене. Инвестициялык кеңеш берүү менен байланышкан баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишти жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү
1. Инвестициялык кеңеш берүү боюнча иш деп жекече инвестициялык сунуштамаларды берүү жолу менен туунду баалуу кагаздар болуп саналган баалуу кагаздарга, алар менен болгон бүтүмдөргө жана/же келишимдерди түзүүгө кеңеш берүү кызматтарды көрсөтүү таанылат.
Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине киргизилген, инвестициялык активдер ишенилген башкаруу боюнча жана/же баалуу кагаздар рыногундагы брокердик жана/же дилердик ишти жүзөгө ашырган (инвестициялык кеңеш берүүчүлөр) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары инвестициялык кеңеш берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
2. Инвестициялык кеңеш берүү инвестициялык кеңеш берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Инвестициялык сунуштаманы берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген квалификациялык талаптарга ылайык келген инвестициялык кеңеш берүүчүнүн кызматкери гана укуктуу.
4. Инвестициялык кеңеш берүү боюнча кызматтарын көрсөтүүдө инвестициялык кеңеш берүүчү жана анын кызматкерлери талаптагыдай кылдаттык менен жана ак ниеттүүлүктө кардардын кызыкчылыгы үчүн гана аракеттерди жасоого милдеттүү.
Кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан жана/же болгон учурда инвестициялык кеңеш берүүчү жана анын кызматкерлери кардардын кызыкчылыктарынын артыкчылыгынын негизинде аракеттерди жасоого милдеттүү.
5. Инвестициялык кеңеш берүүчү төмөнкүлөрдүн кесепетинен кардар тарткан чыгымдар үчүн жооп берет:
- инвестициялык кеңештерди берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу талаптардын бузулушунан;
- адаштыруучу же атайылап жалган маалыматтарды берүүдөн;
- эгерде кардар ушул сунуштаманы алууда кызыкчылыктардын кагылышууларынын келип чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жана фактылары жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынбаган учурда кызыкчылыктардын кагылыштары бар баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жасоого инвестициялык сунуштаманы берүүдөн.
6. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрин жүргүзүүнүн тартибине ылайык аталган реестрде камтылган маалыматтарды кызыкдар болгон жактарга берет.
Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине киргизүү үчүн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары инвестициялык кеңеш берүүчүлөргө карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен белгиленген арыздын жана документтердин негизинде инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине жак жөнүңдө маалыматтарды киргизүү же аларды көрсөтүлгөн Реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Аталган чечимди кабыл алуунун тартиби, мөөнөтү жана инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине жак жөнүндө маалыматтарды киргизүү тууралуу арыздын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген негиздер боюнча инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине жак жөнүндө маалыматтарды киргизүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
7. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инвестициялык кеңеш берүүчү жөнүндө маалыматтарды инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринен алып салуу тууралуу чечимдин кабыл алышына төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген арызы;
2) инвестициялык кеңеш берүүчү инвестициялык кеңеш берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын бир нече жолу бузса;
3) инвестициялык кеңеш берүүчү баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылса.";
36) 52-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Инвестициялык фонддун иши баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иштердин башка түрлөрү менен айкалыштырылышы мүмкүн эмес.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- депозитардык иш жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча иш.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагында катталган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы иши ушул Мыйзамдын талаптарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын талаптарына ылайык жөнгө салынууга тийиш.".
5-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"чет өлкөлүк фондулук биржаларда листинги бар глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу акцияларды сатуу;".
2) 202-статьянын 1, 3 жана 4-пункттарында "фондулук биржаларда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 204-берене менен толукталсын:
"204-берене. Чет өлкөлүк фондулук биржаларда листинг менен глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу акцияларды сатуу
1. Мамлекетке таандык акцияларды чет өлкөлүк фондулук биржаларда листинги бар глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана чет өлкөлүк фондулук биржанын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекетке таандык акцияларды чет өлкөлүк фондулук биржаларда листинги бар глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана чет өлкөлүк фондулук биржанын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.";
4) 33-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Ушул берененин жоболору чет өлкөлүк фондулук биржада листинги бар, глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу акцияларды менчиктештирүүгө карата колдонулбайт. Глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алууда төлөө тартиби аларды жайгаштыруу боюнча келишимдин шарттары менен аныкталат.";
5) 34-статьяда:
а) биринчи бөлүк "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде чет өлкөлүк фондулук биржада листинги бар глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу акцияларды сатуунун алкагында менчиктештирүү боюнча бүтүмдүн шарттарында башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын;
6) үчүнчү бөлүк "Мамлекеттик мүлк үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери менен төлөөдө" деген сөздөрдөн ", эгерде чет өлкөлүк фондулук биржада листинги бар глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу акцияларды сатуунун алкагында менчиктештирүү боюнча бүтүмдүн шарттарында башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын;
6) 36-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ушул берененин жоболору чет өлкөлүк фондулук биржада листинги бар глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу акцияларды сатуу жолу менен менчиктештирүүгө карата колдонулбайт. Мындай бүтүмдөрдү жол-жоболоштуруу тартиби чет мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдары жана (же) чет өлкөлүк фондулук биржанын эрежелери менен жөнгө салынат.".
6-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22) Кыргыз Республикасынын эл аралык облигациялары, ошондой эле эмитенттердин - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин эл аралык облигациялары жана глобалдык депозитардык тил каттары менен жасалган бүтүмдөргө байланыштуу чет өлкөлүк финансылык, юридикалык жана башка кеңеш берүүчүлөрдүн, аудиторлордун, рейтингдик агенттиктердин, андеррайтерлердин, букраннерлердин, банк-депозитарийлердин, ишенимдүү башкаруучулардын, ошондой эле төлөм жана башка агенттердин жана башка чет өлкөлүк уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алганда.".
7-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 30-июлу, № 57) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин 3-бөлүгү "ачык сунуштоо жолу менен" деген сөздөрдөн кийин "жана/же чет өлкөлүк фондулук биржада листинг менен Фонддун акцияларына болгон укукту күбөлөндүрүүчү глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен" - деген сөздөр менен толукталсын.
8-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары баалуу кагаздарды (эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды кошуп алганда) эмиссиялоого, жайгаштырууга жана жүгүртүүгө катышуучу жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагында номиналдык кармоочунун ролун аткаруучу чет мамлекеттердин аймагында баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин бир же бир нече түрүн жүзөгө ашырууга укугу бар чет өлкөлүк финансылык уюмга ушул Мыйзамда каралган тартипте баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын алуу талап кылынбайт.".
9-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он эки айдын ичинде өз ишин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он эки айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 30-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |