Редакцияот 30.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКCИЗ X СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 30-июну  № 1

 

V чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги ХХХVII сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1.           V чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги ХХХVII сессиясынын №1 токтомунун 1-пунктуна  өзгөртүү киргизилип, “заманбап инновациялык имаратын курууга”- деген  сүйлөм алынып салынып, “коомдук маданий  борбор курууга”  - деген сүйлөм менен алмаштырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы  Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ж. Эсеналиев