Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-апрели № 25/V
“Жайылма айыл аймагына караштуу участкалык шайлоо комиссияларына резервге талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62 “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссисынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларды түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, эмгек жамааттарынан, граждандык топтордон көрсөтүлүп келген резервдик талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл аймагына караштуу № 7132, № 7133, №7142, № 7143, № 7144 шайлоо участкаларынын резервинин тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтом Ысык-Ата райондк аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д. Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К.М. Жонгучкаев |