Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-июну № 354
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруунун эрежелеринде:
1) 4-пунктта:
- 3-пунктчада "25" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акцияларына.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-глава менен толукталсын:
"4-глава. Пенсиялык топтоо каражаттарын ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акцияларына жайгаштыруу үчүн уюмдарды тандоо критерийлери
11. Пенсиялык топтоо каражаттарын ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акцияларына жайгаштыруу үчүн уюмдарды тандоо критерийлери:
1) эмитент Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы болууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ачык акционердик коом формасында түзүлүүгө тийиш;
2) ачык акционердик коом формасында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эмитенттери тарабынан чыгарылган акциялар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
3) эмитенттин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болбошу керек;
4) эмитенттин финансылык отчету көз карандысыз аудитордун корутундусу менен ырасталууга тийиш.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |