Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 8
Мырза-Аке айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алгкагында Ош облусунун, Өзгөн районунун , Мырза-Аке айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “ Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Мырза-Аке айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Мырза-Аке айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2.Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайымына жана Мырза-айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам .
Төрайым |
| Г.Жороева |