Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-майы № 2025-П-14/26-1-(ПС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын "Башкы китеп" банктык маалымат системасындагы, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде:
- ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна белгиленген тартипте андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жөнөтсүн.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
| М. Аттокуров |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 28-майындагы № 2025-П-14/26-1-(ПС) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз республикасынын Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун:
1) "Киреше" бөлүмүндө:
а) 111-тобу төмөнкү мазмундагы топчо, берене жана элемент менен толукталсын:
"
1114 | Бирдиктүү салык төлөмү |
11141 | Бирдиктүү салык төлөмү |
11141100 | Бирдиктүү салык төлөмү |
";
б) 14153200 элементиндеги "Сымап камтыган калдыктарды кайра иштеп чыгууга" деген сөздөр алынып салынсын;
в) 14224-берене төмөнкү мазмундагы элементтер менен толукталсын:
"
14224530 | Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйым |
14224540 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн жыйым |
14224550 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмаларда жүрүү үчүн жыйым |
";
г) 142-тобу төмөнкү мазмундагы топчо, берене жана элемент менен толукталсын:
"
1424 | Башка иштерден түшкөн каражаттар |
14241 | Өндүрүштүк-чарба иштеринен келип түшүүлөр |
14241100 | Өндүрүштүк иштерден келип түшүүлөр |
14241200 | Эс алуу чөйрөсүндөгү иштерден келип түшүүлөр |
14241300 | Баалуу металлдар жана таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сатуудан алынган, келип түшүүлөр |
14241400 | Медициналык калдыктарды ташуу, утилдештирүү боюнча кызматтардан келип түшүүлөр |
14241500 | Капиталдык салымдарга 2,9 пайызга чейинки өлчөмдө келип түшүүлөр |
14241600 | Мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан алынган, келип түшүүлөр |
14241700 | Фельдъегердик байланыш кызматынан келип түшүүлөр |
14241800 | Көмөкчү чарбалардан келип түшүүлөр |
14241900 | Өндүрүштүк-чарба иштеринен келип түшүүлөр |
14242 | Финансылык иштен түшкөн каражаттар |
14242100 | Жайгаштырылган бюджеттик каражаттардан пайыздык кирешелер |
14242200 | Соттолгондордун эмгек акысынан кармап калуулардан келип түшүүлөр |
14242300 | Атайын эсептердин каражаттарынан мурда берилген ссудалар боюнча кайтарылган каражаттардан келип түшүүлөр |
14242400 | Кепилдик берүү үчүн комиссиясы |
14242900 | Финансылык иштерден башка келип түшүүлөр |
14243 | Башка иштерден келип түшүүлөр |
14243100 | Келишимдик жумуштардан келип түшүүлөр |
14243200 | Окуу жайларына тапшыруудагы, которуудагы жана кайра калыбына келтирүүдөгү кирешелер, окуу жайларына тапшыруудагы киреше |
14243300 | Жатаканаларда жашоо үчүн келип түшүүлөр |
14243400 | Театралдык оюн-зоок жана кино көрсөтүүлөрдөн келип түшүүлөр |
14243500 | Мамлекеттик ЖМКлардын ишинен келип түшүүлөр |
14243600 | Веб-порталга жазылуудан келип түшүүлөр |
14243700 | Билим берүү мекемелеринде тамактанууга акы |
14243900 | Башка иштен башка келип түшүүлөр |
14249 | Башка келип түшүүлөр |
14249100 | Камкорчулук төгүмдөрү |
14249200 | Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан келишимдик негизде көрсөтүлүүчү ведомстволор аралык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы |
14249300 | Жогору турган мекемелерден чегерүүлөр |
14249400 | Ведомстволук мекемелердин ортосундагы чегерүүлөр |
14249500 | Төмөн турган мекемелерден чегерүүлөр |
14249600 | Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр |
14249900 | Атайын эсептерге чегерилүүчү башка келип түшүүлөр |
";
д) 14511-берене төмөнкү мазмундагы элемент менен толукталсын:
"
14511140 | Мамлекеттик каттоонун номер белгилерин сатуудан түшкөн пайданын эсебинен мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
";
2) "Чыгашалар" бөлүмүндө:
22192200 элементинин мамлекеттик тилдеги версиясындагы "талондор/" деген сөз алынып салынсын:
4) Б тиркемесинде (маалымат катары):
- 1113-берене көрсөтүлгөндөн кийин төмөнкү мазмундагы көрсөтмөлөр менен толукталсын:
"1114 Бирдиктүү салык төлөмү;
11141 Салыктарды төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби;
11141100 Салыктарды төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби";
- 14153200-элементи төмөнкү редакцияда көрсөтүлсүн:
"14153200 Товарларды пайдалануудан келип чыккан таштандыларды кайра иштетүү ченемдерин аткарууну камсыз кылууга жыйымдар эсепке алынат";
- 14224510-элементи төмөнкү редакцияда көрсөтүлсүн:
"14224510 Транспорттук каражаттардын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин тартуу жана өлчөө үчүн жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөс жүктөр менен транспорттук каражаттарды өткөрүү үчүн жыйымдар эске алынат";
- 14224520-элементи көрсөтүлгөндөн кийин төмөнкү мазмундагы көрсөтмө менен толукталсын:
"14224530 Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар - Кыргыз Республикасынын аймагына бензинди, дизельдик отунду жана башкаларды импорттоочу жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүчү юридикалык же жеке жактардан алынуучу төгүм эсепке алынат;
14224540 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдар эсепке алынат;
14224550 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүү үчүн жыйымдар эсепке алынат;";
- 14239900-элементи көрсөтүлгөндөн кийин төмөнкү мазмундагы көрсөтмө менен толукталсын:
"1424 Башка иштерден келип түшүүлөр эсепке алынат;
14241 Өндүрүштүк-чарба иштеринен келип түшүүлөр эсепке алынат;
14241100 Товарларды жана жумуштарды өндүрүү менен байланышкан иштерден келип түшкөн кирешелер эсепке алынат;
14241200 Пансионаттардын, санаториялардын, эс алуу үйлөрүнүн ишинен жана мейманкананы тейлөөдөн келип түшкөн кирешелер эсепке алынат;
14241300 Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана Мамлекеттик фонддун башка баалуулуктарын сатуунун натыйжасында келип түшкөн кирешелер эсепке алынат;
14241400 Медициналык багыттагы калдыктарды коопсуз алып өтүү жана жок кылуу менен байланышкан иштерди аткаргандыгы үчүн саламаттык сактоо мекемелеринен алынган кирешелер эсепке алынат;
14241500 Мамлекеттик казыналык милдеттенмелер менен төлөнгөн суу чарба объекттерин курууга капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнөн 2,9% өлчөмүндө Дирекцияны күтүүгө келип түшүүлөр эсепке алынат;
14241600 Мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан келип түшүүлөр мамлекеттик резервде сакталган товарларды жана ресурстарды сатуунун натыйжасында алынган кирешелерди камтыйт;
14241700 Буюмдарды, жүктөрдү жана жазуу жүзүндөгү корреспонденцияларды, ошондой эле "Өзгөчө маанилүү", "Жашыруун", "Өтө жашыруун" деген гриф менен расмий корреспонденцияларды кабыл алууну, ташууну жана жеткирүүнү жүзөгө ашырган атайын (мамлекеттик же ведомстволук) курьердик байланыштан алынган кирешелер эсепке алынат;
14241800 Уюм үчүн негизги болуп саналбаган көмөкчү чарба иштерин жүргүзүүдөн алынган кирешелер эсепке алынат;
14241900 Өндүрүштүк-чарба иштеринен башка келип түшүүлөр эсепке алынат;
14242 Финансылык иштерден келип түшүүлөр эсепке алынат;
14242100 Убактылуу бош бюджеттик каражаттарды банктык депозиттерге, облигацияларга же башка финансылык инструменттерге жайгаштыруудан мамлекеттик же муниципалдык органдар тарабынан алынган кирешелер эсепке алынат;
14242200 Мыйзамда каралган аткаруу документтери боюнча соттолгондордун эмгек акысынан, пенсиясынан, жөлөк пулунан жана башка кирешелеринен кармалуучу каражаттар эсепке алынат;
14242300 Атайын эсептерде турган каражаттардын эсебинен берилген, мурда алынган зайымдарды зайымчылар тарабынан кайтарып берүүнүн натыйжасында түзүлүүчү акчалай келип түшүүлөр эсепке алынат;
14242400 Улуттук экономика субъектиси үчүн кредитордун алдында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча кепилдик берүү үчүн бир жолку комиссия алынат;
14242900 Финансылык иштерден башка келип түшүүлөр эсепке алынат;
14243 Башка иштерден башка келип түшүүлөр эсепке алынат;
14243100 Буйрутмачылар менен келишим боюнча иштерди аткарууда алынган кирешелер эсепке алынат;
14243200 Окуу жайларына тапшыруудагы, которулуудагы жана кайра калыбына келтирүүдөгү акча каражаттары, окуу жайларына тапшыруудагы акы эсепке алынат;
14243300 Окуу жайына таандык жатаканада жашагандыгы үчүн студенттерден, кызматкерлерден же башка адамдардан алынган акча каражаттары эсепке алынат;
14243400 Театралдык, концерттик, цирк, оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүдөн, ошондой эле кино жана мультфильмдерди көрсөтүүдөн алынган кирешелер эсепке алынат;
14243500 Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын (телекөрсөтүү, радио, гезиттер, интернет-басылмалар) алардын ишинен алынган кирешелер эсепке алынат;
14243600 Контентке, кызмат көрсөтүүлөргө же функцияларга жетүү үчүн жазылууга акы төлөгөн веб-сайттын же онлайн платформанын колдонуучуларынан алынган кирешелер эсепке алынат;
14243700 Бала бакчаларда, мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусу үчүн төлөнүүчү акча каражаттары эсепке алынат;
14243900 Башка каражаттардын келип түшүүлөрү эсепке алынат;
14249 Дагы башка келип түшүүлөр эсепке алынат;
14249100 Жеке же юридикалык жактар (камкорчулар) тарабынан уюмга, мекемеге же долбоорго аларды колдоо жана өнүктүрүү максатында жасалган ыктыярдуу финансылык төгүмдөр эске алынат;
14249200 Түзүлгөн келишимдердин негизинде башка мамлекеттик же муниципалдык органдарга кызмат көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин алган кирешелери эсепке алынат. Мындай кызмат көрсөтүүлөр акы төлөө негизинде, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык милдеттенмелерди аткаруунун алкагында көрсөтүлүшү мүмкүн;
14249300 Мамлекеттик органдардын деңгээлдеринин ортосундагы финансылык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык белгиленген жогору турган мекемелердин чегерүүлөрү эсепке алынат;
14249400 Мамлекеттик органдардын деңгээлдеринин ортосундагы финансылык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу жана ченемдик укуктук-актыларга ылайык белгиленген уюмдардын ортосундагы чегерүүлөр эсепке алынат;
14249500 Мамлекеттик органдардын деңгээлдеринин ортосундагы финансылык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык белгиленген төмөн турган мекемелердин чегерүүлөрү эсепке алынат;
14249600 Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр эсепке алынат, алар түзүлгөн келишимге/макулдашууга ылайык акысыз жана кайтарымсыз негизде берилет;
14249900 Атайын эсептерге чегерилүүчү башка келип түшүүлөр эсепке алынат";
- 14511130-элементи көрсөтүлгөндөн кийин төмөнкү мазмундагы көрсөтмө менен толукталсын:
"14511140 Автотранспорт каражаттарына өзгөчө цифралардын жана/же тамгалардын айкалышы бар мамлекеттик каттоонун номер белгилерин сатуудан түшкөн пайданын эсебинен мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер эсепке алынат".