Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-апрелиндеги № 27/VI
"Алтын Балаты бала бакчасында тамактануу үчүн ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө"
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, 28-беренесинин 6-пунктунун негизинде, ошондой эле ата-энелер чогулушунун протоколунун жана директору Д.Н. Калчаеванын, 2025-жылдын 1-май айынан тартып бала бакчадагы тамак-аш акысын ата-энелерден күнүнө 100 сомго чейин көтөрүү өтүнүчү менен жазган катын карап, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтү тарабынан мыйзамдын негизинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамактанууга кошумча каржылоо токтотулгандыгына байланыштуу, бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, ата-энелердин төлөмү күнүнө 100 сомго көбөйтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Алтын Балалык” бала бакчасынын директору Д.Н. Калчаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К.М. Жонгучкаев |