Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы

 

2023-жылдын 3-февралы № 2

 

Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылга бюджет долбоору жөнүндө

 

Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жылга  карата жергиликтүү бюджетин жана Базар-Коргон шаардык Кеңешинин Бюджет-Экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кенешинин I-чакырылышынын кезектеги XIХ –сессиясы токтом кылат:

1. Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жылга бюджетинин киреше чыгаша бөлүгү  боюнча жалпы  129122,0 миң сом анын ичинен, жергиликтүү бюджеттен  115002,0 миң сом, ал эми атайын каражат эсебинен (ата-энелер эсебинен чогула турган акча каражат) 14120,0 миң бекитилсин.

2. Базар-Коргон шаардык кеңешинин жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга болжолдуу киреше бөлүгү150688,0 миң сомго, 2024-жылга 157259,5миң сомго бекитилсин.

3. Базар-Коргон шаар Мэриясынын корголуучу элементерине аппарат кызматкерлеринин эмгек маянасы үчүн 15190,6 миң сом, социалдык фондко төлөм 1944,0 миң сом,  маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек маянасы үчүн 1622,2 миң сом, социалдык фондко төлөм 279,8 миң сом, шаардык кеңештин кызматкерлеринин эмгек маянасы үчүн 2418,7 миң сом, социалдык фондко төлөм 304,1 миң сом, кызматтык кыдырууларга чыгашалары 250,0 миң сом, байланыш кызмат көрсөтүүсүнө 500,0 миң сом, транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө жана нөөмөттүк авто унаага (140 литр күйүүчү май) 466,8 миң сом, Балдар бакчаларынын тамак аш азыктарын алууга 9781,4 миң сом, көмүр сатып алуу жана отундун башка түрлөрүн алууга 4076,8 миң сом, коммуналдык кызматтарга (таза суу акысы мектептер жана балдар бакчалары) 400,0миң сом,  резервдик фондко 1150,0 миң сом бекитилсин.

4. Базар-Коргон шаарына караштуу  «Тазалык» муниципалдык ишканасына  элден чыккан таштандыларды ташуу үчүн  10000,0 миң сом бекитилсин.

5. ММБ башкаруу департаментине эмгек акысы үчүн 4638,2 миң сом, А.Текебаев атындагы  борбордук стадионго 100,0 миң сом субсидия катары бекитилсин.

6. Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу «Базар-Коргон Сууканал» ишканасына  элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүктөрүн, эсептегич алууга жана техника сатып алуу үчүн 8000,0 миң сом, Совет жана Бешбадам айылындагы суу кампаны ремонттоо үчүн 1500,0 миң сом  акча каражаты субсидия катары бекитилсин.

7. Базар-Коргон шаарынын мэриясына чарбалык товарларды сатып алуу үчүн 400,0 миң сомго бекитилсин

8. Базар-Коргон шаарына караштуу балдар бакчаларынын корголгон статьялары үчүн 150,0 миң сом, курулуш материалдарын алуу жана куруу үчүн 9821,5 миң сом, жабдуулар жана өрт өчүргүчтөрдү сатып алуу үчүн 2500,0 миң сом, чарбалык товарларды сатып алуу үчүн 600,0 миң сом, мүлктүн учурдагы ремонту үчүн 700,0 миң сом, №27 Мамалак , №33 Айшола , №41 Нурбакыт №36 Айкөл  балдар бакчаларын ижара акысы үчүн 620,0 миң сом  сомго бекитилсин.

9. Базар-Коргон шаарына караштуу орто жана тогуз жылдык мектептердин корголгон статьялары үчүн 295,0 миң сом, курулуш материалдары алуу жана куруу үчүн  5500,0  миң сом, эмеректер сатып алуу үчүн 1600,0миң сом мүлктү учурдагы ондоо үчүн 200,0 миң сом  жана чарбалык товарларды сатып алуу үчүн 200,0 миң сомго бекитилсин.

10. Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөргө жаңы асфальт төшөөгө 21125,4 миң сом акча каражаты бекитилсин

11. Базар-Коргон шаарына караштуу жаңы конуштарга зым столба, электр чубалгыларын сатып алуу үчүн 1500,0 миң сомго бекитилсин

12. Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөргө жана талаа жолдоруна труба сатып алуу үчүн 150,0 миң сомго бекитилсин

13. Б.Осмонов  жана Сайдуллаев көчөлөрүн туташтыруу үчүн 2000,0 миң сомго бекитилсин

14. Базар-Коргон шаарынын аппарат жана шаардык кеңешинин кызматкерлерине оргтехника (компьютер, принтер) алууга 500,0 миң сомго бекитилсин

15. Базар-Коргон шаарына караштуу  Т.Сайдуллаев көчөсүнө тротуар куруу үчүн 500,0 миң сом бекитилсин.

16. Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөрдүн жашылдандыруу көрктөндүрүү максатында Зеленхоз ачуу үчүн, көчөт сатып алып, эгүүгө 500,0 миң сом, эмгек акы 500,0 миң сомго бекитилсин.

17. Базар-Коргон шаарына караштуу  көчөлөрдү жана таала жолдорун сүрүүгө күйүүчү май үчүн 300,0 миң сомго бекитилсин.

18. Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөрүнө таза суу түшкөндүктөн Ж.Асанов жаңы конушуна жана талаа жолдорго шагал төгүү үчүн 800,0 миң сомго бекитилсин

19. М.Сулайманов көчөсүндөгү көпүрөнү кеңейтүү үчүн 1000,0 миң сом бекитилсин.

20. А.Текебаев көчөсүндөгү пробканы жоюу, парковка куруу үчүн 5000,0 миң сом бекитилсин.

21. Базар-Коргон  жайыт пайдалануучуларынын жалпы киреше бөлүгү 900,0 миң сом анын ичинен 2/3 бөлүгү жайыт пайдалануучуларга, 1/3 бөлүгү мэрияда калуучу сумма катары бекитилсин.

22. Жыл ичинде боло турган майрамдарга карата иш чараларга 3221,6 миң сомго бекитилсин.

23. Базар-Коргон шаарынын калкын материалдык жактан жардам көрсөтүү  максатында 1950,0 миң сом материалдык жардам (5,0 миң сомдон 10,0 миң сомго чейин, чет мамлекетке чыгып дарылануу үчүн 20,0 миң сом) өлчөмүндө жардам берүү үчүн бекитилсин.

24. Корнок жарнактарды жасатып илдирүү үчүн 800,0 миң сомго бекитилсин.

25. Базар-Коргон шаарында “Коопсуздук-2023” штабдык машыгууга даярдык өткөрүү үчүн 800,0 миң сом бекитилсин.

26. Өзгөчө кырдаал абалдарына 800,0 миң сом бекитилсин

27. Жолдо жүргөн иттерди атуу үчүн 400,0 миң сом, Бешбадам айылындагы яма беккердин дезинфекциялоо үчүн 65,0 миң сомго бекитилсин

28. Базар-Коргон шаарынын Карача айылындагы суу сактагычты коргогон кызматкерлердин эмгек маянасы, социалдык фондко төлөмү ичинде 1059,0 миң сом бекитилсин

29. Көз карандысыз баалочунун кызмат акысы үчүн 150,0 миң сом, Базар-Коргон шаарынын курулуш иштеринин сметасын тузүү үчүн 500,0 миң сом, Технадзор кызматы үчүн 500,0 миң сом, Архитектура кызматы үчүн 800,0 миң сом, Мамлекеттик жана муниципалдык жерлердин иш кагаздарын даярдап бергендиги үчүн кызмат акысы 400,0 миң сом бекитилсин.

30. Автокран кызматы үчүн 320,0 миң сом, Спорт оюндары үчүн 1000,0 миң сом, мал санак кызматы үчүн 120,0 миң сомго бекитилсин

31. Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду  үчүн 2000,0 миң сомго бекитилсин

32. Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам айылындагы ача кароолунун эмгек маянасы 60,0 миң сом, социалдык фондко төлөмдөргө 10,4  миң сом бекитилсин

33. Атайын каражаттар эсебине (ата-энелер төлөмдөрү) 16164,0 миң сомго бекитилсин.

34. Шаардык Кенештин 2022-жылдын 27-ноябрындагы №1 токтомунун аткарылбай калган иштерин аткаруу  үчүн  23750,2 миң сом бекитилсин.

35. Базар-Коргон шаарына караштуу балдар бакчаларында тарбиялануучу балдардын тамак ашы үчүн ата энелерден күнүнө бир балага 30 сомдон акча каражаты алынат, Базар-Коргон шаарынын бюджетинен күнүнө бир балага 18 сом акча каражаты берилет, ата энелерден чогула турган акча каражаты атайын номерленген мөөрлөнгөн квитанция менен алынсын.

36. Базар-Коргон шаарынын Жергиликтуу бюджетинде 2024-жылдын 01-январына карата бюджеттик кодекстин негизинде калдык 50,0 миң сомдон кем эмес акча каражаты калсын.

37. Базар-Коргон шаарынын 2023-жылкы бюджетинин аткарылышында толуктоо өзгөртүү киргизүү маалда бюджет жана экономика туруктуу комиссиясынын корутундуусу жана сессиянын токтомдун негизинде  киргизилсин.

38. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Э.Ашыралиевке жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

39. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

40. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

41. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет экономика жана ички сырткы инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловко милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К.К.Анарбеков