Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 14
Муниципалдык менчикте салынып берилген үйлөрдү айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо муктаж майып жарандарга үйлөрдү берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын Калпак участкасындагы муниципалдык менчикте салынып берилген үйлөрдү айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо муктаж майып жарандарга үйлөрдү тизменин негизинде берилсин.(тизме тиркелет)
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |
БЕКИТЕМИН
Мырза-Аке айылдык кеңешинин
төрайымы _____________ Г.Жороева
“19” апрель 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын Калпак участкасындагы муниципалдык менчикте салынып берилген үйлөрдү айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо муктаж майып жарандардын тизмеси.
|
|
|
|