Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 15
“Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Алтын –Булак айылынын тургуну Бөлөкбаева Айчүрөктүн менчигиндеги Алтын-Булак айылында жайгашкан турак жайын багытын өзгөртүү жана Мырза-Аке айыл аймагындагы жеке ишкердикти колдоо, инфраструктураны жакшыртуу , калкка кызмат көрсөтүнүн жаңы багыттарын сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айылынын тургуну А.Бөлөкбаеванын арызы канаттандырылсын.
2. Алтын –Булак айылынын А.Бөлөкбаеванын менчигинде идентификациялык коду № 5-06-15-0007-5894 жалпы аянты 2500 м.кв жер тилкеси турак жай багытынан “Элди тейлөө багытына которулсун.
3. Алтын-Булак айылынын тургуну А.Бөлөкбаеванын үйүнө 60 орундуу 3 тайпага ылайык “Ирсалат Апа” мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга макулдук берилсин.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын .
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |