Редакцияот 19.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын 19.07.2023-жылдагы кезектеги XXI -сессиясынын № 8 токтому менен бекитилген

 

ЖОБО

КАПИТАЛДЫК КУРУЛУШ ДЕПАРТАМЕНТИ 

Капиталдык курулуш департаменти жөнүндө Жобо

 

Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, каржы-экономикалык негиздери жөнүндөгү, мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндөгү жана башка Кыргыз Республикасынын мыйза.м ченем актыларына ылайык иштелип чыккан жана Базар- Коргон шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык Курулуш Департамент (мындан ары Мекеме) укуктарын жана милдеттерин, тапшырмаларын, ошондой эле жоопкерчилигин аныктайт.

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Капиталдык курулуш департаменти” мекемеси 2023-жылдын 19-июлунда Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын №8 токтомунун негизинде бекитилген.

1.1 Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департаменти (мындан ары - мекеме) Базар-Коргон шаарынын мэриясынын (мындан ары шаар мэриясы) юридикалык жак укугу менен түзүмдүк бөлүмчөсү болуп эсептелет.

1.2 Капиталдык курулуш департаменти Базар-Коргон шаарынын аймагында жайгашкан имараттардын жана курулмалардын, соцмаданий-тиричилик объектилерин долборлоо, куруу, тейлөө жана капиталдык оңдоо иштерин өткөрүү чөйрөсүндөгү ишмердикти жүзөгө ашырат.

1.3 Капиталдык курулуш департаменти өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын уставын. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын токтомун жана буйруктарын, Базар-Коргон шаардык кеңешинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

1.4 Капиталдык курулуш департаменти оз ишинде Базар-Коргон шаарынын мэрине жана Базар-Коргон шаардык кенешине отчет берип турат.

1.5 Капиталдык курулуш департаментинде түздөн-түз жетекчиликти жетекчи ишке ашырат.

1.6 Капиталдык курулуш департаменти юридикалык жак болуп эсептелет, мөөрү, бурч мөөрү жана мамлекеттик герб менен өзүнүн аталышы түшүрүлгөн бланкалары бар.

1.7 Капиталдык курулуш департаментинин толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: «Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департамент» мекемеси,

расмий тилде: Учреждение «Департамент капитального строительства при мэрии города Базар-Коргон».

1.8 Мекеменин жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району. Базар-Коргон шаары. К.Култаев көчөсү №84

 

2. Департаменттин негизги милдеттери

 

Капиталдык курулуш департаментинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

2.1 Шаардык өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерин ишке ашыруу:

- көпүрөлөрдү, жол жана башка транспорттук курулмаларды курууну уюштypyy;

- муниципалдык турак жай курулмаларын курууну уюштуруу;

- муниципалдык турак жай фондунун курулушун уюштуруу.

2.2 шаар чегинде жайгашкан имараттардын жана курулмалардын капиталдык оңдоо иштерин уюштуруу.

2.3 Курулуш жана капиталдык ондоо боюнча иштин жогорку децгээлин жана сапатын камсыздоо.

2.4 Курулуш жана ондоо иштерине багытталган бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо.

2.5Түзүлгөн келишимдердин негизинде турак жай фондун, инженердик инфраструктураны, коп кабаттуу турак үйлөрдү оңдоону камсыздоо (ЖЭУ).

 

3. Департаменттин ыйгарым укуктары.

 

Капиталдык курулуш департаменти ушул Жобонун 2-бөлүмүндө каралган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга эз:

3.1 Өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары шаардык оз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен оз ара кызматташууну ишке ашырат.

3.2 Шаар мэринин тапшырмасы менен шаардын курулуш жана курулуш комплекса маселелери боюнча бирдиктүү маалыматты топтойт. иштеп чыгат жана түзөт.

3.3 Шаар бюджетинин долбоорун түзүүгө, шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгууга катышат.

3.4 Капиталдык курулуш департаменттин ишине киргеы маселелер боюнча муниципалдык ченемдик укуктук актылардын долбоорун даярдайт.

3.5 Түзүлгөн келишимдердин негизинде шаардык бюджеттен, атайын эсептерден, ошондой эле башка децгээлдеги бюджеттен жана бюджеттен тышкары булактардан каржылануучу курулуш жана капиталдык оцдоо боюнча буйрутмачы-куруучунун функцияларын аткарат:

- Базар-Коргон шаардык Кецеши тарабынан бекитилген курулуш жана капиталдык оцдоо иштери боюнча жылдык программаны аткарат;

- конкурстук документтерди даярдайт, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга подряддык уюмдарды тандоо боюнча конкурстарды уюштурууга, курулуш-куроо иштерин аткарууга, материалдарды жана жабдууларды жеткирүүгө катышат;

-объектилердин капиталдык курулушун долбоорлоого жана оцдоого маалыматтарды чогултат жана даярдайт;

-мамлекеттик козомол органдары менен курулушка долбоорлорун макулдашуудан откорот;

-долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга, экспертизаларды өткөрүүгө, имараттарды, курулмаларды жана соцмаданийтиричилик объектилерин курууга жана капиталдык оцдоо иштерине келишим түзөт;

- кызмат көрсөтүүгө жана жабдууларды, материалдарды жеткирүүгө келишимдерди түзөт;

-шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгында объектилерди курууиу түздөн-түз ишке ашырган уюмдардын кызмат адамдарын каттоого алат жана автордук жана техникалык көзөмөлдү жүргүзөт, иш өндүрүшүнө уруксат алат;

-колдонуудагы газ, суу, буу жана энергия сактоо булактарынын коммуникацияларынын курулуш-куроо иштерин жүргүзүүдө тиешелүү пайдаланууга уруксат алат;

-долбоордук-сметалык документтерде зеке алынбаган дефект ведомостторун же иштеги актыларды түзөт;

-сметалык документтерди текшерүүнү жана иштеп чыгууну ишке ашырат;

-белгиленген тартипте шаардык бюджеттен, атайын эсептерден, башка деңгээлдеги бюджеттерден жана бюджеттен тышкары булактарынан каржыланган курулуш жана ондоонун сметалык наркынын кымбаттоо индексин иштеп чыгат жана макулдашат;

-курулуштун жүрүшүнө жана имараттарды, курулмаларды жана соцмаданий- тиричилик объектилерин түзүлгөн келишимге ылайык капиталдык өткөрүүгө контролду жана техникалык көзөмөл функциясын ишке ашырат;

-подряддык уюмдардын төлөөгө берилген документтерин, жабдуучулардын эсептерин, материалдарды жана жабдууларды текшерүүнү ишке ашырат;

-талап кылынган документтер менен комиссияга берилген объектилерди курууну жана ондоону бүткөндө кабыл алуу боюнча комиссияны уюштурат;

-объектилерди куруу жана ондоо иштери аяктап, уюмдардын пайдалануу балансына берилгенин текшерет:

-аткарылган иштерди тел ее үчүн инвесторлордон келген акча каражатын жана келишимде каралган башка төлөмдөрдү сарптоону эсепке алат;

-мекеменин ишмердигинин натыйжаларынын оперативдүү бухгалтердик эсебин ишке ашырат, белгиленген талаптарга ылайык өз ишмердиги жөнүндө маалыматты жана отчетту берет.

3.6 Жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусун карайт, ал боюнча оз ыйгарым укуктарынын чегинде керектүү чечим кабыл алат.

3.7 Товар, иш жана кызмат боюнча финансылык жылга муниципалдык текшерүүнү ишке ашырат.

3.8 Реестр жүргүзүүнү ишке ашырган органдарга контракттарды түзүү жөнүндө маалыматтарды багыттоо жолу менен муниципалдык келишимдерди реестрин түзүүгө катышат.

 

4. Капиталдык курулуш департаментинин ишин уюштуруу

 

4.1 Капиталдык курулуш департаментинин структурасы жана штаттык тизими мекеменин жетекчисинин сунушу боюнча Базар-Коргон шаарынын мэриясынын макулдугу менен бекитилет.

4.2 Капиталдык курулуш департаментинин жетекчиси шаар мэриясынын кызмат адамы болуп эсептелет, кызматка Базар-Коргон шаардык Кецешинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

4.3 Капиталдык курулуш департаментинин жетекчиси жокто анын милдеттерин мекеменин жетекчисинин орун басары аткарат.

4.4 Капиталдык курулуш департаментинин жетекчиси:

-бир башталыш негизинде жетекчилик кылат жана департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилик алат;

-Капиталдык курулуш департаментинин кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда ишеним катсыз коргойт;

-Капиталдык курулуш департаментинин кызыкчылыктарын бардык юридикалык жана жеке жактардын алдында Кыргыз Республикасында да, чет өлкөдө да коргойт;

-Капиталдык курулуш департаменти шаардык бюджеттен анын карамагына бөлүнгөн акча каражаттарын чегинде кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;

-жылдык отчетту бекитет жана жылдык бухгалтердик балансты бекитет;

-Капиталдык курулуш департаментинин атынан келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, ишеним кат берет;

-Капиталдык курулуш департаментинин иши боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

-Капиталдык курулуш департаментинин кызматкерлерин кабыл алат жана бошотот, алар менен эмгек келишимдерин түзөт жана жокко чыгарат;

-Капиталдык курулуш департаментинин кызматкерлеринин кызматтык нускамасын бекитет;

-кызматкерлерин сыйлайт жана аларга жаза чарасын колдонот:

-финансылык дисциплинаны сактоону, каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды сактоону камсыздайт;

-Капиталдык курулуш департаментинин иши боюнча жарандарды кабыл алат.

 

5. Капиталдык курулуш департаментами жоопкерчилиги

 

Капиталдык курулуш департаментине жүктөлгөн милдеттерди жана ыйгарым укуктарды оз убагында эмес же сапатсыз аткаргандыгы үчүн, ошондой эле ага берилген укуктарды пайдаланбагандыгы үчүн капиталдык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жеке жоопкерчиликти алат.

 

6. Капиталдык курулуш департаментами гербдүү мөөрүн пайдалануу

 

6.1 Капиталдык курулуш департаментин гербдүү мөөрүнүн борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлөт.

6.2 Капиталдык курулуш департаменттин гербдүү мөөрү менен кийинки документтер бекитилет:

Капиталдык курулуш департаменти тарабынан уюмдар жана жарандар менен түзүлгөн келишимдер, аларга өзгөртүүлөр жана кошумчалар;

- Капиталдык курулуш департаментинин кызматкерлеринин мүнөздөмөсү, иш сапар жана башка кызматтык күбөлүктөрү;

-Капиталдык курулуш департаментинин финансылык-чарбалык операцияларга укук берген кызматкерлерин колтамга үлгүсү;

- Капиталдык курулуш департаментинин атынан сотто иш жүргүзүү укугуна ишеним кат, ондой эле башка уюмдарда департаменттин кызыкчылыгын коргойт;

- келишим боюнча аткарылган иштерди кабыл алуу актысы;

- капиталдык курулуш департаментинин бухгалтердик, финансылык жана төлөм документтерине;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган гербдүү мөөрү менен бекитүү жөнүндө плап кылган башка учурларда;

- Капиталдык курулуш департаментинин жетекчиси тизмеге кирген башка документтерге гербдүү мөөрү менен бекитүү жөнүндө чечим керек болгондо.

6.3 Гербдүү мөөр Капиталдык курулуш департаментинин жетекчисинде болот, күйбөс сейфте бекитилген пеналда сакталат.

6.4 Капиталдык курулуш департаментинин жетекчиси гербдүү мөөрдү пайдаланганга жана тактаганга жоопкерчилик алат, гербдүү мөөрдү жана бурчмөөрдү пайдалануу укугу Капиталдык курулуш департаментинин жетекчисинин буйругу менен бекитилет.

6.5 Капиталдык курулуш департаментинин документтерин жана көчүрмөлөрдү бекитүү үчүн жөнөкөй төгөрөк мөөр пайдаланылат.

6.6 Капиталдык курулуш департаментинин корреспонденциясына каттоо үчүн "Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департаменти" деген толук аталышы бар жөнөкөй бурч мөөр пайдаланылат.

6.7 Жөнөкөй төгөрөк мөөр күйбөс сейфте сакталат. Жөнөкөй төгөрөк мөөр жана бурчмөөр. Капиталдык курулуш департаментинин жетекчисинин буйругу менен бекитилет

 

7. Корутунду жоболор

 

Капиталдык курулуш департаментинин каржылоосу шаардык бюджеттин, атайын эсептердин, ошондой эле башка денгээлдердеги бюджеттерден жана бюджеттен тышкары каражаттарынын эсебинен ишке ашат. Мекеменин ишин камсыздоо үчүн берилген муниципалдык мүлк Капиталдык курулуш департаментине ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.

 

8. Департаментти жоюу жана кайра уюштуруу

 

8.1 Капиталдык курулуш департаментинин ишин токтотуу аны жоюу же кайра уюштуруу түрүндө ишке ашат;

8.2 Капиталдык курулуш департаментинин ишин токтотуу үчүн чечим Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынат;

8.3 Мекемени кайра жоюуда анын укугу жана милдети укук мураскерине өтөт;

8.4 Капиталдык курулуш департаментин жойгон учурда Базар-Коргон шаарынын мэриясы жоюу миссиясын түзөт, ал белгиленген мыйзамдуу тартипте иштейт;

8.5 Капиталдык курулуш департаментин жойгон учурда мекеменин мүлкү мэриянын менчигине өтөт;

8.6 Мекемени кайра уюштурууда же жоюуда жумуштан бошогон кызматкерлерге КР мыйзамдарына ылайык алардын укугун сактоо кепилденет.

 

 

Капиталдык курулуш департаментинин

жетекчиси

 

А.А.Бурканов