Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 21
Бабыр айылынын Тегерек –Коргон участкасынын тургуну Токсонбаев Учкунбектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бабыр айылынын Тегерек –Коргон участкасынын тургуну Токсонбаев Учкунбектин арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-4345 номери менен соода сатык багытындагы жерин турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |