Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 22
Мырза –Аке айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29-ноябрындагы №102 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза–Аке айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29-ноябрындагы №102 токтомунун 1-пунктундагы “Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч катынын негизинде “Калпак“ участкасындагы 10 га жер аянтын таштанды төгүүчү жайга бөлүнүп берилсин” деген сөздөр:
“Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын өтүнүч катынын негизинде “Калпак” участкасындагы Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү фондунун эсебиндеги 1237 контурундагы 4,56 га чөп чабынды, 1223 контурундагы 5,44 га кайрак айдоо бардыгы 10 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин деген сөздөргө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |