Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-июлу № 400
“Түндүк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2025-жылдын 2-декабрындагы № 769 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Санариптик трансформациялоо процесстерин натыйжалуу башкаруу, санариптик мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана инновациялык технологияларды киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бир акциянын номиналдык наркы 1 000 (бир миң) сомдон турган 500 000 (беш жүз миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө аркылуу 500 000 000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен “Түндүк” ачык акционердик коому (мындан ары – “Түндүк” ААК) түзүлсүн.
2. “Түндүк” ААКка төмөнкү уюмдардын милдеттерин жана функцияларын аткаруу жүктөлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемеси, медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функциялардан тышкары;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 769 токтомунун редакциясына ылайык)
3. “Түндүк” ААК жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, төмөнкү органдарды жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүн кошпогондо, мамлекеттик органдардын (анын ичинде сот органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, фонддордун (республикалык, жергиликтүү бюджеттердин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу) маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жалгыз берүүчүлөрү болуп саналат деп аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, укук коргоо органдарын, прокуратура органдарын, ошондой эле маалыматтык ведомстволук системалары Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын, кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын негизинде иштеген органдарды;
3) Бишкек шаарынын мэриясын.

4. “Түндүк” ААКтын жалгыз акционери катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине өткөрүп берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси жоюлсун.
6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги белгиленген тартипте:
1) жоюу комиссиясын түзсүн жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесин жоюу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
2) “Түндүк” ААКтын Уставын бекитсин;
3) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында “Түндүк” ААКты мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
4) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда “Түндүк” ААКтын акцияларынын уюмдаштырып чыгарылышын мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
5) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлерин “Түндүк” ААКка жумушка орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;
6) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо боюнча колдонуудагы келишимдерин “Түндүк” ААК менен кайра түзүүнү камсыздасын;
7) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте:
1) төмөнкү ведомстволук уюмдарды жойсун:
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесин;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемесин;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемесин;
2) жоюу комиссияларын түзсүн жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн уюмдарды жоюу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесин белгиленген тартипте жоюу;
2) жоюу комиссиясын түзүү жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесин жоюу боюнча зарыл чараларды көрүү;
3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен макулдашуу боюнча коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен кайтарымсыз колдонуу келишиминин шарттарында “Түндүк” ААКты жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине “Түндүк” ААКтын уставдык капиталын түзүү үчүн 500 000 000 (беш жүз миллион) сом издеп тапсын жана бөлүп берсин, анын ичинен:
– 2025-жылы 200 000 000 (эки жүз миллион) сом;
– 2026-жылы 300 000 000 (үч жүз миллион) сом;
2) “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
3) “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомго ылайык акча каражаттарын карасын.
11. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, фонддордун маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, модернизациялоо жана техникалык коштоо маселелери боюнча ушул токтом күчүнө киргенге чейин түзүлгөн колдонуудагы келишимдеринин алкагында тараптардын милдеттенмелери келишимдерде белгиленген тартипте аткарылууга тийиш деп белгиленсин.
111. Медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функциялар тиешелүү штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 769 токтомунун редакциясына ылайык)
112. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтер бөлүгүндө биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик маалыматтык системалардын техникалык оператору деп аныкталсын.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
13. Бул токтом, расмий жарыяланган күндөн тартып 14 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 3-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 8-июлундагы № 50 (3706) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
|
Д.Дж. Амангельдиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-июлу № 400
“Түндүк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2025-жылдын 2-декабрындагы № 769, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 275 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Санариптик трансформациялоо процесстерин натыйжалуу башкаруу, санариптик мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана инновациялык технологияларды киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бир акциянын номиналдык наркы 1 000 (бир миң) сомдон турган 500 000 (беш жүз миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө аркылуу 500 000 000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен “Түндүк” ачык акционердик коому (мындан ары – “Түндүк” ААК) түзүлсүн.
2. “Түндүк” ААКка төмөнкү уюмдардын милдеттерин жана функцияларын аткаруу жүктөлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемеси, медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функциялардан тышкары;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 769 токтомунун редакциясына ылайык)
3. “Түндүк” ААК жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, төмөнкү органдарды жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүн кошпогондо, мамлекеттик органдардын (анын ичинде сот органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, фонддордун (республикалык, жергиликтүү бюджеттердин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу) маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жалгыз берүүчүлөрү болуп саналат деп аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, укук коргоо органдарын, прокуратура органдарын, ошондой эле маалыматтык ведомстволук системалары Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын, кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын негизинде иштеген органдарды;
3) Бишкек шаарынын мэриясын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 769 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 275 токтомуна ылайык күчүн жоготту)