Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 2/4
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келишим (контрак) менен алынган кызматкерлердин эмгек акысын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековтун сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келишим (контрак) менен алынган кызматкерлердин бир айлык эмгек акысы 24919,0 (жыйырма төрт миң тогуз жүз он тогуз) сом деп белгиленсин.
2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Амирбеков Алмазбекке милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |