Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 4-апрели № 2/5

 

Кекилик- Учар участкасындагы таштанды таштоочу жерин

жабуу жөнүндө

 

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековтун Эски-Покровка айылынын чет жагында (айылга жакын) жайгашкан Кекилик-Учар участкасындагы таштанды таштоочу жерин жабуу жөнүндөгу сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

      

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кекилик-Учар участкасындагы таштанды таштоочу жерин жабуу жөнүндөгу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу колдоого алынсын.

2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жана башка жерден таштанды таштоочу жай карап чыгуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Амирбеков Алмазбекке милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

М. А. Камалов